Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

TI: Жемкордукка каршы күрөш жай жүрүүдө


Кыргызстан быйыл коррупциянын деңгээли боюнча 175 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи.
Кыргызстан быйыл коррупциянын деңгээли боюнча 175 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи.

Эл аралык Transparency International уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан 175 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээледи.

Transparency International уюмунун Бишкектеги борборунун жетекчиси Адылбек Шаршенбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, быйылкы баяндамада Кыргызстан жалпы рейтингде 27 упай менен жемкордуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алды. Былтыр 24 упай менен 150-орунду ээлеген эле:

- Коррупцияга көз караш индекси деген изилдөө эксперттерди жана ишкерлерди сурамжылоого негизделип даярдалган. Жыйынтыкка ылайык, Кыргызстан 27 упай менен 136-орунга чыкты. Былтыркыга караганда бул үч упайга көбүрөөк. Бул рейтинг нөлдөн 100гө чейин упай боюнча эсептелет. Нөлдү алгандар коррупцияга чырмалган өлкөлөр болсо, 100 упайды алгандар эң таза өлкө болуп эсептелет.

Буга кошумча коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарт дагы эле бар болуп жатканы кооптондурууда. Ал эми бийликтин аракети болсо коррупциянын түпкү себеби эмес, анын кесепети менен күрөшүүгө гана багытталып жатат.

Коррупция боюнча быйыл 54 мамкызматкер ар кандай жазага тартылган.
Коррупция боюнча быйыл 54 мамкызматкер ар кандай жазага тартылган.

​Анткен менен бийлик өкүлдөрү эл аралык баяндамадагы 14 позиция алга жылууну бул багыттагы күрөштүн акыбети деп баалап жатышат. Маселен, УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, быйыл бул багытта козголгон кылмыш иштердин да саны арткан:

- Быйылкы жылдын 11 айында мамлекеттик кызматкерлерге УКМКнын коррупцияга каршы кызматы тарабынан козголгон 306 кылмыш ишинин 147си сотко өткөн жана 54 мамкызматкер ар кандай жазага тартылган. Паракорлук укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана бажы тармагында көп катталган. Өткөн жылдын 11 айында мамкызматкерлерге карата болгону 59 кылмыш иши козголгон. Ушунун баары коррупцияга каршы күрөштүн канчалык деңгээлде жүрүп жатканын далилдейт.

Сулайманов кошумчалагандай, мына ушул паракорлуктун айынан мамлекетке 1 млрд. 224 млн. сомдук зыян келтирилген. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында аталган сумманын 423 миллиону өлкө казынасына кайтарылган.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш, мындан үч жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчылыкка шайланган соң жарыяланган. Бул маселе эки ирет Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланып, негизги сокку системалык коррупцияга урулушу керектиги белгиленген. Президент Алмазбек Атамбаев ушул аптада жергиликтүү телеканалдарга маегинде бул илдет менен күрөшкө убакыт керек деп билдирди:

- Коррупцияга каршы күрөштү баштадык, эми эки же үч жылдан кийин аны жыйынтыктайбыз деген туура эмес. Айрыкча, системалуу коррупциянын тамырын кыркууга бир топ убакыт керек. Муну менен күн сайын жана олуттуу мамиле кылып күрөшүү керек. Биз бул күрөштү улантабыз.

Ошентсе да, расмий бийлик коррупцияга каршы күрөштө аёо болбойт, аягына чыгарбыз деген дымактуу билдирүүлөрүнүн өтөөсүнө чыкпай жатат деп сындагандар арбын. Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү Ташполот Балтабаевдин пикиринде, бул күрөш кожокөрсүн мүнөзгө ээ болуп калды:

Ташполот Балтабаев.
Ташполот Балтабаев.

- Менин баамымда, коррупцияга каршы аракеттенүү бүгүн формалдуу түрдө, кожокөрсүн деген мүнөздө жүрүп жатат. Ошондуктан, анын жүрүшү канааттандырбайт. Аны дагы күчтөндүрүү зарыл.

Ошол эле учурда коррупциядан ириде ишкер чөйрөсү жабыр тартып жатканы айтылып жүрөт. Өлкөдөгү коррупциянын деңгээлинен инвестициялык климат көз каранды экенин айткан Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнкатаров кыргыз бийлиги тиешелүү чараларды кабыл алышы керек деген пикирде:

- Ишкердик чөйрөнүн өкүлү катары бул жаатта жылышты байкай алган жокпуз. Ишкелер, катардагы жарандар мурда учураган маселелер, схемалар ошол бойдон эле калууда. Анын коомчулукта бир катар жогорку кызматкерлерге каршы кылмыш иш козголуп, алар жазасын албай жүргөнүнө нааразылык бар.

Акыркы учурда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына кылмыш иш козголгон. Бирок алардын бири да жоопкерчиликке тартыла элек. Ал эми коррупция менен айыпталган бийлик өкүлдөрү акталып чыккан учурлар бар. Буга Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркуловдун ишин мисалга тартсак болот.

Transparency International уюмунун рейтингинде биринчи орунда Дания жана Жаңы Зеландия турат. Мурдагы советтик өлкөлөрдөн көп жылдардан бери Эстония алдыңкы сапты бербей келет. Быйыл Балтика боюндагы бул өлкө 26-орунду ээледи. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрдөн Казакстан 126-орунду ээлесе, Тажикстан 152-орунга чыгып Өзбекстан 166-орунда, Түркмөнстан 169-орунда жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG