Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Абактагы саясатчылардын тагдыры таразада


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомчулукта камактагы депутат Канатбек Исаевдин бир иши кыскарып, экинчи бир иши боюнча үй камагына чыгарылышы ар кандай пикирлерге жем таштады. Алардын арасында "Ортодо саясий соодалашуу болдубу?" деген божомолдор да бар.

Ошондуктан "бул жагдайда абакта отурган башка саясатчылардын иштерин кароого да мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек" деген талаптар көтөрүлө баштады. Буга мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актоо тууралуу чечим да негиз болду.

Айрым саясат талдоочулар "Бийлик анын ыгына көнгөн саясатчылардын абалын жеңилдетип, башкаларын абакта кармоону көздөп жаткан жокпу?" деген көз караштарын айтышты. Ошол эле кезде кээ бир укук коргоочулар президент сот ишине кийлигишкенге акысы жок экенин айтып, "Жогорку соттун өкүмү чыгып калган саясий иштер эми жаңы жагдайлардын негизинде гана каралышы керек" деген жүйөсүн келтиришти.

Атамбаевди "алсыратуунун" зарылдыгы

Былтыр президенттик шайлоонун астында төңкөрүш даярдоо боюнча шек саналып, камалган "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин үй камагына чыгарылышы камактагы башка саясатчылардын иштерин да кайра кароо маселесин көтөрдү. Буга чейин Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турган кездеги кылмыш иши соттон кыскарган болчу.

Саясат талдоочу Марс Сариев учурда бийлик ыкка көнгөн, бирок таасирдүү саясий күчтөрдү өзүнө тартууну көздөп жатат деп эсептейт. Ал Исаевдин абалынын жеңилдешин ушул шарттагы саясий сүйлөшүүнүн жыйынтыгы катары баалады:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Өткөндө мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган чечимден кийин коомчулукта бийликке карата мамиле бир аз өзгөрдү. Ошондуктан бийлик электоратты өзүнө тартып, топтоого аракет кыла баштады. Бул айрыкча Талас менен Чүйдө татаалыраак болуп жатат. Анткени КСДП ичинен ыдырап жатпайбы. Ошондуктан бийлик жаңы партия түзүп, Канатбек Исаев жана Өмүрбек Бабанов сыяктуу саясатчыларды өзүнө тартып, өнөктөш кылып алып, Алмазбек Атамбаевдин күчүн алсыратышы керек. Демек Исаевдин үй камагына чыгышы бекеринен эмес. Анан калса Канатбек Исаев өзү деле бийлик менен тил таап кете ала турган саясатчы. Өмүрбек Бабанов деле бийлик мүмкүнчүлүк берсе, Кыргызстанга кайтып келип, кызматташууга кызыгат. Ал эми Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаров сыяктуу камактагы саясатчылар абактан чыгышса, өз алдынча саясат алып барып, бийликке атаандаш саясий оюндарды жүргүзүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Ошондуктан алардын ишин кароо маселесин чечүү Канатбек Исаевдикине караганда татаал болуп жатат...

"Жашыл жарык баарына бирдей болсун"

2010-жылдагы апрель окуясы боюнча айыпталган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган өкүм чыккандан кийин коомчулукта эки ача пикирлер пайда болду. Бул окуя соттогу башка бир саясий иштердин тагдыры тууралуу маселени күн тартибине чыгарды. Айрыкча саясий куугунтуктан улам качып жүргөн, иштери сотто каралып жаткан же Жогорку соттун өкүмү менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчылардын абалын жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Канатбек Исаев менен кошо айыпталган Өмүрбек Бабановго карата да "саясий куугунтукту токтотууну" талап кылды:

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

- Буга чейин соттор адилетсиз карап, чечим чыгарган иштердин баары кайра каралышы керек. Буга Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Өмүрбек Текебаев, Талгарбеков сыяктуу саясатчылардын иштерин мисал келтирсе болот. Мисалы, Конгантиевдин иши менен Текебаевдин, Жапаровдун кылмыш иштерин салыштыра келгенде кийинки экөөнүн иштери чиркей чаккандай эле болуп калат. Ал эми Өмүрбек Бабановдун ишинде эч кандай далилдер жок. Бул кызылдай эле саясат. Ошондуктан ал Кыргызстанга кайтып келип, ага карата саясий куугунтук токтотулушу кажет. Президент баарын ынтымакка чакырып, журт атасы катары элди бириктирүү вазийпасын колго алышы керек. Анткени Бабанов шайлоодон кийин мамлекеттин коопсуздугун ойлоп, өзүнүн саясий бедели түшкөнүнө карабай өлкөдөн сырткары чыгып кеткен. Ошондуктан бул жерде саясий куугунтук көргөндөрдүн баарына саясий мунапыс жарыяланышы керек.

Анткен менен президент Сооронбай Жээнбеков 19-июль күнү жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууда "саясий себеп менен соттолду" деген саясатчылардын иштери боюнча өзүнүн көз карашын билдирди. Мыйзам боюнча сот ишине кийлигишүүгө акысы жок экенин айткан президент сот бийлигинин жетекчилери менен жолугушканда мыйзамсыз чыккан сот чечимдерин кайра кароо маселесин көтөрүп жатканын кошумчалады:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Саясий куугунтукка байланышкан көптөгөн сот иштери мага оор жүк болуп калды. Мен өткөндө сотторду чакырып, "иш козголгону туура болсо карап, камакта калтыргыла, туура эмес иш козголуп, адилетсиз жерден абакта отурушса, аларды боштондукка чыгаргыла" деп айттым. "Бирок кылмыш кылгандарды, мамлекетке зыян келтиргендерди боштондукка чыгара турган болсоңор, бул башка маселе болуп калат" деген оюмду билдирдим. Азыр Коопсуздук кеңеши укугу бузулгандардын арыздары менен эле иштеп калды. Аябай көп арыздар келип түшүп жатат. Аларды карап үлгүрбөй жатабыз. Анан эми буларды сот чечсин. Кечээ бир нерсени байкадым. Сот бирөөнү абактан чыгарса, "сот жакшы, Жээнбеков жакшы", башка бирөөнү сот камаса "сот жаман, Жээнбеков жаман" деген да пикирлер бар экен. Сотттордун чечимдерине калыс баа бергенге үйрөнүшүбүз керек.

"Мыйзам чегинен чыкпаш керек"

Ошол эле кезде башка бир укук коргоочулар президент сотторго кайсы бир иштер боюнча көрсөтмө берүүгө жана кандайдыр бир чечим чыгарууга түртү берип, кийлигишүүгө укугу жок деген ойдо.

Ошондуктан президенттин бул туруму туура экенин айткан укук коргоочу Азиза Абдирасулова бир катар саясатчыларга мыйзамсыз чыккан сот өкүмдөрү жаңы ачылган жагдайлардын негизинде гана каралышы мүмкүн экенин белгиледи:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Негизинен саясий себептер менен камалгандардын иштеринин көбү эле Жогорку сотко чейин барып, чечимдер чыгып калган. Президент ушуга байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, өкүнүү менен ушул жагдайды белгиледи. Анткени Жогорку соттун өкүмдөрү акыркы чечим жана даттанууга жатпайт. Бирок президент "бул иштер боюнча адвокаттар иштеши керек" деди. Анткени ал иштерди кайра каратыш үчүн жаңы ачылган жагдайлар болушу мүмкүн. Ошолорду таап чыгып, сотто аларды кайрадан каратууга жетишүү керек. Азыр биз ушундай укуктук жол менен гана чындыкты табышыбыз зарыл. Анан "президент сотторго буйрук берсин" деген болбойт. Анда бул мыйзамсыз болуп калат.

Буга чейин Саясий туткундарды коргоо боюнча коомдук комитет 2014-жылдан бери кармалып, камакка алынган жана соттолгон саясатчылардын, жарандык активисттердин саны отузга чукулдап калганын жарыялаган болчу. Комитет бул иштерди саясий себептер менен козголуп, мыйзамсыз сот өкүмдөрү чыккан деп эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG