Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Ур-тепкиге алынган турист каза тапты


7-августтун түнү көл жээгинде ур-тепкиге алынган казак жараны Ерлан Балмахаев эсине келбей жатып 14-августта Бишкекте көз жумду.

Бул окуя Кыргызстанда да, Казакстанда да кызуу талкууга алынууда. Айрымдар Кыргызстанга келген туристтердин саны суюлат десе, бир даары эки өлкөнүн алакасына да таасир этерин жоромолдоп жатат.

Дарыгерлердин күчү жетпей калды

30 жаштагы казак жараны Ерлан Балмахаев 14-августтун таңында Бишкекте Улуттук госпиталда көз жумду. Аны 13-август күнү кеч курун атайын санитардык учак менен Чолпон-Ата шаарынан Бишкекке алып келишип, кайрадан операция жасашкан эле.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Шабдан Рыскулов кабарлады.

- Бишкекке алып келгенде да анын абалы оор бойдон кала берген. Ага карабай дарыгерлердин чечими менен операция жасалган. Бирок канчалык аракет кылсак да оорулуу каза болуп калды. Каза болгон мезгилде жанында туугандары бар болчу. Ошолор алып кетишти.

Үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Эрлан Балмахаев 7-августка караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-тепкиге алынып, тонолгон. Дарыгерлер анын мээсине доо кетип, катуу жабыркаганын айтышкан. Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада операция жасалып, бирок эсине келе алган эмес.

Бул боюнча кылмыш иши ачылган, азырынча эч ким кармала элек. Ички иштер министринин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов оперативдик иштер жүрүп жатканына токтолду:

- Бүгүнкү күндө тергөө бир топ маалыматтарга ээ. Бирок ал маалыматтарды текшерүү керек. Буйруса, жакынкы күндө бул иш аягына чыгат.

Казак жаранынын сабалганы дайын болгондо президент Роза Отунбаева бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге катуу табыштаган.

Казакстанда да талкуу жаратууда

Балмахаевдин каза табышы Казакстандын маалымат каражаттарында, интернет басылмаларында жана социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда.

Алматылык социолог Гадилбек Акимовдун айтымында, быйыл Ысык-Көлдө эс алууга келген казакстандыктар арбын болгонун, бирок бул окуя кыргыздар үчүн бетке чиркөө болушу мүмкүн деген пикирлерди жаратып жатканын белгиледи.

- Интернетте карап, байкоо салып жүрөм. Быйыл Ысык-Көлгө барууга үгүттөгөндөр көп болгон. “Президенттин баласы Атай Садыбакасов өзү жол боюнда күтүп алууда, абдан сонун” деп көп тааныштарым жазган. Бирок жасалган ал эмгектердин баарын өлүм абалына чейин жеткире сабап, бир аптадан кийин анын каза болуп калышы жууп кетти. Жакшы иштин баарын жамандык менен көрсөтүп койду.

Анткен менен Акимов окуяны күтүлбөгөн кырсык катары кабылдап жаткандар да бар экенин кошумчалады.

Туристтердин агымы суубас бекен...

Туристтик компаниялар да Ысык-Көлдөгү окуя саякатчылардын мындан аркы агымына терс таасир этерин божомолдошууда. “Кыргыз-тур-сервис” туристтик компаниясынын кызматкери Максат Дамир уулу ал маалымат каржаттарынын окуяны кандайча чагылдырганына жараша болот деп эсептейт.

- Бул эми берилген маалыматтарга көз каранды. Казакстанга жана башка өлкөлөргө кандай маалымат жиберилсе, ошого жараша болот. Өтө терс маалыматтар берилсе, туристтер келбей да калышы мүмкүн.

Айрым талдоочулар болсо казак жаранынын кыргыз жеринде ур-тепкиден мерт болушу эки өлкөнүн мамилесин суутуп койорун айтып жатышат. Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Тилектеш Ишемкулов кандай гана болбосун күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо керек деп эсептейт.

-“Өлгөндүн өз шору” деп койот. Бирок бул казак коомчулугунун алдыңкы өкүлдөрүн да, улуттук интелигенциясына да, өзгөчө торолуп, жетилип келе жаткан жаш муундарга көп мезгилге чейин унутулгус таасир калтырат. Жаш улан-кыздардын сезимине да кара майды тамчылатып коюшу мүмкүн.

Быйыл кыргыз өкмөтү туристтерден бюджеттин киреше жагын толтурабыз деп, алардын коопсуздугуна да катуу камылга көргөнүн жарыялаган.

Быйылкы жайдын аптаптуу болушунанбы же кыргыз тараптын убадасынанбы, Ысык-Көлдө туристтер жылдагыдан арбын болууда. Бирок адам өмүрүн алган окуя келээрки жылы туристтер агымына кайсы жагынан таасир этээрин азыр айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG