Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Кыргызстанда чет жердиктерге кол салуу көбөйдү


Казакстандык туристтер
Казакстандык туристтер

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда казак жараны сабалып, абалы абдан оор. Бул окуяга президенттик деңгээлде көңүл бурулууда.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга каршы жасалган кылмыш иштери быйыл алты айдын ичинде эле былтыркы бир жылдын көрсөткүчүнөн ашып кетти.

Чет жердик жарандарга кол салуу Кыргызстандын эл аралык беделине тескери таасир этет.

Маалыматка караганда, Ысык-Көлдө сабалган турист азыр көлдө аймактык ооруканада эсине келе албай жатат. Ерлан Балмахаев үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн экен.

Президент Роза Отунбаева бул окуяга байланыштуу тергеп-иликтөөнү тездетүүнү, кылмышкерлерди табууну ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге тапшырып, Ысык-Көлдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруду.

Рахматилло Ахмедов
Андан кийин эле, 7-август түнү Ысык-Көл районунун аймагындагы “Рохат” пансионатында дагы бир казакстандык эс алуучуну кечинде тоноп кетишкени кабарланды.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Рахматилло Ахмедов быйыл чет өлкөлүктөргө каршы кылмыштар көбөйгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- 2010-жылы чет өлкөлүк жарандарга кол салгандарга каршы жүз кылмыш катталган болсо, үстүбүздөгү жылдын өткөн мезгилинде 129 кылмыш жасалган. Алардын ичинен 119у КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.

Ички иштер министрлиги быйыл туристтердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат, кошумча чаралар көрүлөт деп билдирген эле.

Казакстандын Астана шаарындагы журналист Махамбет Абжан Кыргызстан тууралуу Казакстанда түрдүү пикирлер бар экенин айтып берди:

- Мындай окуялар казак жана кыргыз тарыхындагы миң жылдык достугуна кайчы келбеши керек. Казакстанда Кыргызстан тууралуу эки түрдүү пикир бар.

Биринчиден, казактар Кыргызстандын Ысык-Көлүнө баруудан коркот. Анткени Казакстанда кичине болсо да тынчтык бар. Биздин айрым телеканалдар Кыргызстандагы революция тууралуу жаман жагын гана көрсөтөт, жакшы жактарын айтпайт.

Ал эми башка, демократиялык ойлор менен жүргөн азаматтардын, оппозициялык маанайдагы азаматтардын пикири боюнча Кыргызстандагы өзгөрүү, парламенттик республика куруу өтө жакшы, өтө дурус чечим деп ойлошот.


Антсе да чет өлкөлүктөрдү уруп кеткен учурларды көбүртүп-жабыртуунун кереги жок деген пикирди кармангандар бар. Алардын бири - Кыргызстандагы туристтик компаниялардын биринин өкүлү Калыйнур Сатаров:

- Уруп кеткен, тоноп кеткен көрүнүштөр Кыргызстанда эле эмес, бардык эле жерде болот. Кечинде чыкса этияттап жүрүш керек. Жалпысынан караганда, Кыргызстанды кооптуу мамлекет деп деле эсептешпейт. Кээ бир жалгыз саякаттаган туристтер ар кандай окуяларга кабылган учурлар болот. Бирок алардыкы да ар кандай болот. Балким өтүп кетип жаткан мас адамга жолугуп калса ал туристке эмес, жергиликтүү адамдарга деле тийишет да.

Айрым серепчилер чет өлкөлүктөрдүн уруп-сабалышы, тонолушу Кыргызстандын туризм тармагына жана беделине шек келтирет дешет. Атүгүл мамлекеттер ортосундагы мамилелердин суушуна да алып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG