Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Уюгу оюлбаган уюшма топтор


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек,18-апрель, 2013
Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаев сот залында. Бишкек,18-апрель, 2013

Ички иштер министрлиги Камчы Көлбаевге таандык уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалганын жарыялады.

Бирок милиция колго түшкөн уюшкан топтун мүчөлөрү соттон бошонуп кетип жатканын белгилөөдө. Жогорку Сот кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири Камчы Көлбаевге үч жылдык жаза мөөнөтүн чегерген Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык Көлбаев тергөө абагындагы өткөргөн күнүн эсептегенде бир ай аралыгында эркиндикке чыкмакчы. Коомчулукта болсо бийликтин уюшкан кылмыштуулукка каршы мындан үч жыл мурун жарыялаган күрөшү жыйынтык берген жок деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Милиция кармайт, сот бошотот...

Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча атайын операция уюштурду. Анын жүрүшүндө буга чейин оор кылмыштарга шектелип тергөөдөн жана сот адилеттигинен жашырынып жүргөн кылмышкерлер кармалган. Анын үчөө мурдатан бери эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев буга чейинки кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү соттон бошонуп кетип жатканын белгиледи:

- Биз кайсы бир кылмыш иштерин ачуунун алкагында уюшкан кылмыштуу топтун кайсы бир мүчөлөрүн же лидерлерин кармап келе беребиз. Алар болсо бир канча убакыт өтпөй эле баш коргоо чарасын өзгөртүп, ошондон ары соттон бошоп кетишет. Аларды башка бир иштер боюнча кайра кармайбыз. Тилекке каршы кайрадан бошоп чыгып кеткен учурлар бар.

2011-жылы өлкө жетекчилиги уюшкан кылмыштуулукка каршы келишкис күрөш жарыялаган. Мына ошол демилгенин арты менен үч жүзгө чукул уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана лидерлери кармалган болчу. Алар учурунда Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин жана Максат Абакировдун уюшма топторуна таандык экени жарыяланган. Бирок бир жарым жылдан соң кылмыш дүйнөсүнүн кармалган өкүлдөрүнүн көбү тергөөдөн жана соттон бошонуп чыгып кеткени белгилүү.

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдугулов уюшкан кылмыштуулук мурдагы таасирин сактап калганын айтып, ага каршы күрөштүн натыйжасы болбогонуна токтолду:

- Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жыйынтык берегн жок. Эмнеге аягына чейин чыгара алышпаганы түшүнүксүз. Ал турсун учурда алар кайрадан баш көтөрүп, коомдук турмушка жана ишкердикке кадимкидей басым көрсөтө башташты. Ушуга байланыштуу мындан эки жыл мурунку позицияларын кайра чыңдап жатышат. Ошондуктан алардын таасири артып, андан улам жашоочулар Бишкектин Ата-Түрк гүлбагын коргоону суранып, кримдүйнөнүн анабашыларын ачык кайрылуу жасашууда.

Уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Камчы Көлбаев эки жылдай чет өлкөдө жүрүп, былтыр өз ыктыяры менен тергөөгө келген. Анын кайтып келиши менен оор кылмыш иштери боюнча тергөөдө жабырлануучу жана күбө катары өткөндөрдүн көпчүлүгү мурдагы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышкан. Көлбаевге койулган айыптоолор тергөөдө кыскарып отуруп, Биринчи май райондук соту аны “акча талап кылуу” деген берененин негизинде гана беш жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту анын бул жаза мөөнөтүн үч жылга кыскарткан.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева аталган өкүм өзгөрүүсүз калганын белгиледи:

- Жогорку Соттун жазык иштер боюнча соттук коллегиясы Көлбаевдин ишин карап чыгып, соттук териштирүүдөн соң Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Көлбаевдин эркиндигине эсептелүү күн калды

Камчы Көлбаев өз ыктыяры менен колго түшүп, камакка алынганына бир жарым жылга жакындады. Анын тергөө абагында өткөргөн ар бир күнү эки күнгө эсептелгенде Көлбаев келе жаткан айда эркиндикке чыгат дешет адистер. Бирок Көлбаевге тергөөдө уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген берене эмнеге колдонулбай калганы белгисиз. Анткени 2012-жылы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, кылмыш дүйнөсүнүн титулдарына ээ болуунун өзүнө эле жаза чарасы каралган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкы башкармалыгынын башчысы Мелис Турганбаев мыйзамдын мына ошол талаптары Көлбаевге карата колдонулбаганына таң калды:

- Камчы Көлбаев өзү “мыйзамдагы уурумун” деп айтып жүрөт. Аны бардыгы билет. Анан анын тегерегинде албетте уюшма топ бар экени белгилүү. Бирок мына ошол Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесиндеги уюшкан кылмыштуу топту түзүү деген берене боюнча ага айып коюлган эмес. Эгерде мына ошол айыптоо коюлса, анын өзүнө эле он алты жыл суралмак. Бирок андай болгон жок. Биздин тергөө менен сот органдары аталган беренени атайын колдонушкан жок.

Коомчулукта Камчы Көлбаев эркиндикке чыкса анын уюшкан тобунун таасири күчөп, башка уюшма кылмыш топтору менен бири-бирине кол салууга багытталган куралдуу териштирүүлөр көбөйөт деген да кооптонуу бар.

XS
SM
MD
LG