Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:49

Милиционердин өлүмү Бишкекти түп көтөрдү


Сүрөттө: адистер окуя болгон жерде далилдерди издөөдө
Сүрөттө: адистер окуя болгон жерде далилдерди издөөдө

Бишкектин 8-кичирайонундагы үрөй учурган кылмыш милицияны жапырт көтөрдү. Учурда участкалык милиционерди атып кеткен эки кишини шаарды түп көтөрө издешип, ок атуу болгон тегеректеги ар бир үйдү тинтишүүдө.

Окуя 19-ноябрда кечки 8де болгон. Алдын ала маалыматта айтылгандай, Актилек Абдивалиев аттуу участкалык милиция кызматкери кылмышка шектүүлөрдү издеп жүрүп, эки адамды токтотуп, документтерин текшере баштаганда алар кол салышкан.

8-кичирайондогу №38 үйдүн жашоочуларынын бир тобу атылган октун үнүн укканын айтышканы менен, диктофонго сүйлөөдөн баш тартышты.

Аталган үйдүн Карамат аттуу тургуну гана кепке келип, милиционерди тааный турганын, аны менен окуя болордун алдында жолукканын айтып берди:

Бишкек шаарынын тургуну
Бишкек шаарынын тургуну

- Кечээ келип, бир баланын атын айтып, "тааныйсызбы, көрбөдүңүзбү" деп издеп жүргөн. Мен сыртка көп чыкпайм да, көрбөгөнүмдү айттым. "Эмне билсеңиз жазып бериңиз" дегенинен жазып бергем. Саат үчтөн өтүп калган болчу. Мурда да келип, "эшикти бейтааныштарга ачпагыла, белгисиз кыздар-балдар тоноп жатышат, этият болгула" деген болчу. Дайыма келип кабар алып турчу. Жакшы иштечү...

Алдын ала маалыматка караганда, “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан атылган октун бешөө милиционерге жаңылып, бирөө башына тийген.

Мурдараак кол салгандар велосипед уурдагандар экени айтылган эле. ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бул маалыматты четке кагып, кылмышкерлер катардагы каракчы же ууру эмес, оор кылмыш жасап жүргөндөр болушу ыктымалдыгын болжоодо:

- Көп варианттар бар. Анын баарын тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айта албайбыз. Себеби бул кылмыштын бетин тезинен ачышыбыз керек. Жөнөкөй кылмышкерлер эмес. Булар курал алып жүргөн, оор кылмышка даяр экени аныкталды. Алар эркиндикте кала берсе, башкалардын өмүрүнө коркунуч туулат. Ошон үчүн милиция түп көтөрүлө, шаарды түрө кыдырып, аларды табабыз.

Бул арада Бишкек шаардык башкы башкармалыгы толук курам менен кылмышкерлерди издөөгө киришти. Кылмышка шектүүлөр тууралуу маалымат бергендерге 1 млн. сом сыйлык жарыяланды. Ага чейин көргөн-билгендердин айтканына таянып фоторобот түзүлдү.

Кылмышкерлердин огунан мерт болгон милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдивалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Оштон Бишкекке өткөн жылы которулуп келип, иштей баштаган экен. 27 жаштагы жигит бойдок болчу.

Окуя болгон жерде атайын топ иштеп жатат
Окуя болгон жерде атайын топ иштеп жатат

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, коомдук ишмер Кубанычбек Кадыров акыркы жылдары милицияга кол салуу фактылары көбөйгөнүн эске салып, бул кылмыш дүйнөсү баш көтөрүп, шаардагы криминогендик кырдаал оорлой баштаганынан кабар берерин айтты:

- Милицияда жазылбаган мыйзамдар бар. Милицияны өлтүрүү - бийликке кол салуу болуп эсептелет. Ошондуктан кесиптик ар-намыс маселеси тургандан кийин биздин из кубарлар кылмышкерлерди тез эле кармайт деп ишенем. Элди сактайм деген милициянын өзүн өлтүрүп жатканы шаардагы абал оор болгонунан кабар берет.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, милицияны реформалоону күчөтүү, "Коопсуз шаар" долбоорун тез арада ишке ашыруу чакырыктары айтыла баштады.

Өкмөт башчы Темир Сариев ИИМ министри Мелис Турганбаевди чукул чакырып, окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG