Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кызмат үчүн кармаш филармонияга жетти


Кыргызстандын Аксакалдар кеңеши Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын мурдагы директору Замирбек Үсөнбаевдин кызматтан алынып, анын ордуна Кыргызбай Осмоновдун дайындалышына нааразы.

Аксакалдар таарынычы

Нааразы болгондор өкмөттүн мындай чечиминин артында жердешчилик маселеси турганын айтып чыгышты. Маданият министрлиги өз кезегинде мыкты менеджер башкаруучу аркылуу филармониянын деңгээлин көтөрүү максатын көздөгөнүн жүйөө тартууда.

2-октябрда өкмөттүн аппаратынын жана Маданият министрлигинин өкүлдөрү филармониянын жетекчиси Замирбек Үсөнбаевдин кызматтан бошогонун айтып, жаңы жетекчиси Кыргызбай Осмоновду жамаатка тааныштырышкан.

Окуяга күбө болгон Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн айтымында, өкмөт өкүлдөрү жаңы дайындоо боюнча жамааттын пикири менен эсептешпей эле токтом менен тааныштырып кетип калышкан.

Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков филармонияда иштегендердин 90 пайызы колдогон Үсөнбаевдин кызматтан алынышынын артында жеке кызыкчылыктар бар деп эсептейт.

- Бул - жердешчилик. Султан Раев Кара-Суудан болсо, Кыргызбай Осмонов - Алайдан. Жантөрө да ошол тараптан. Мындай болбойт да. Кечээ эле Кыргызбайды араң эле чаң-тополоң менен драма театрдан кетирбеди беле. Анын кылмыш иши бар. Раевде да мамлекеттик дирекция түзүлбөдү беле, ошол филармонияга байланыштуу кылмыш иштери турат. Жантөрө туурасында да көп нерсе болуп жатат. Анан биз качан акыйкаттыкты айтабыз? Ошону биз эле айталы дедик. Элдик акынды жөн эле тебелеп жаткандарына биз абдан нааразыбыз.

Жаатташкан жамаат

Филармониянын жетекчилигинин алмашуусу жамаат ичине жик салганын айтылуу ырчы Саламат Садыкова да белгиледи. Ал жаңы жетекчини колдоп сүйлөгөнү үчүн айрым кесиптештери сыртын салып калганын айтты. Ырчы Кыргызстанда азыр мыйзамды сыйлоо көңүл тышында калып, түшүнүктөр менен жашоого ыктап баратканы өкүндүрөрүн белгиледи:

- Мыйзамды сыйлаш керек. Чыгармачыл чөйрөнү да бөлүп-жарып жатышат. Жаңы келген деректирди колдоп койгонум үчүн бүгүн жумушта мени менен көбү учурашкан жок. Нагыз залкардын уулу, нагыз аксакал киши, нагыз айкөлдүгүн көрсөтө турган жаш курагы келип калды. Ушул жерде ушул киши үлгү көрсөтсө болмок. “Ушул үч жарым жылда иштин өтөсүнө чыга албай калсам, эми жаштар иштесин. Мейли, жанында эле туруп берейин” деп, ошол көркөм кеңешти башкарып турганы жаман беле? Ошентип койсо, өтө кыйын, чыгаан жетекчи эле деп эл өзү кайра шайлап алмак. Ошол креслодо төрөлдүм, ошол креслодон өлөм дегендей дымактын эмне кереги бар?

Улуттук филармониянын мурдагы директору Замирбек Үсөнбаев кызматтан алынганы тууралуу мурда маалыматы болбогонун, эмне себептен бошотулганынан кабары жоктугун айтууда. Ал өткөн аптада маданият министри Султан Раев башка кызматты сунуштаганда баш тартканын билдирди. Эми ал президентке, парламентке кайрылып, укугун коргогону жатат.

Замирбек Үсөнбаев "бул оюндардын артында Султан Раевдин кызыкчылыктары бар" деп эсептейт:

- Султан мени ушул жерден кетиргиси келип жатат. Өзүнүн бир кызыкчылыгы бар го. Жума күнү чакырып алып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна ректорлук кызматка бар, анан филармонияда көркөм жетекчи бол деп сунуштаган. Мен ансыз деле көркөм жетекчимин да. Ал эми ректорлукту мен түшүнбөйм. Мен жаш бала белем? Ал жакка коллектив шайлайт, анан илимий даража керек дедим. Айтор баланы алдагандай болуп жатат. Мен бирине да макул болбой койсом, айласы кетти окшойт, анан кетээрде "мага жогору жактан басым жасап жатышат, ордуңуз керек",- деди.

Өнөрлүүнүн баары эле менеджер эмес

Султан Раев
Султан Раев
Замирбек Үсөнбаевдин айтымында, ал кызматка келген үч жарым жыл ичинде филармониянын кирешеси 2 жарым миллион сомдон 10 миллион сомго чейин көтөрүлгөн, иштеген кызматкерлердин айлыгына 30 пайыз кошулган, артисттерге кийим-кечектер тигилген. Азыр Замирбек Үсөнбаев да, Аксакалдар кеңеши да Түркияда жүргөн маданият министри Султан Раевди күтүп жатышат.

Маданият министринин орун басары Бактыгүл Белекованын айтымында, бул дайындоолордун артында эч кандай саясат жок, бардык кадамдар реформа жүргүзөлү деген максаттан улам болуп жатат.

- Реформа болсун, жаңы кадр болсун деп жатпайбызбы. Бул кишинин келиши менен концерттин концепциялары алмашуусу керек, жаңы оюндар коюлуп, филарманиянын деңгээли көтөрүлүшү керек. Замирбек Үсөнбаев жакшы киши, чыгармачыл адам. Бирок бул жакка жакшы менеджер керек болуп жатат. Чыгармачыл жана мыкты менеджер болушу зарыл. Ошондуктан жаңы жетекчи дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчи Кыргызбай Осмонов Замирбек Үсөнбаев менен жеке мамилеси жакшы экенин, мындан ары түшүнбөстүктөр жоюлуп, иш жакшырат деген үмүттө болгонун айтты:

- Филармония, опера балет, цирк, улуттук китепкана өкмөттүн реестрине кирет. Ошондуктан алардын жетекчилери өкмөттүн буйругу менен бошотулат жана бекитилет. Биз буйрукту аткарышыбыз керек. Бул жерде экөөбүз тең аткаруучубуз. Алып келди, мен иштеп жатам. Коллектив мени жакшы кабыл алды. Азыр жакшы ойлорубуз бар. Замир байкеге да мен жакшы иштерди сунуштадым. Жаңы эле сүйлөшүп чыктык. Жакшы тилек менен ишти баштап жатабыз.

Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев 2010-жылдын 1-июнунда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору болуп дайындалган. Ал бир жарым жылдан кийин пенсияга чыгарын, ошол убакытка чейин иштесем деген ниетте экенин билдирди.

Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмонов буга чейин Кыргыз драма театрынын жетекчиси болуп, андан кийин Маданият министрлигинде Көркөм өнөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жаткан.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG