Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Ислам Сатаров: Шоу-бизнес чоң залга муктаж


Ислам Сатаров чет мамлекеттердин биринде.
Ислам Сатаров чет мамлекеттердин биринде.

Ислам Сатаровдун "Gamma media group" компаниясы дүйнө жылдыздарынын концертин уюштуруп, протоколдук иш-чараларды да даярдашат.

Аталган компания соңку жылдары дүйнөгө таанымал бир канча ырчыларды Бишкекке алып келди. Айрымдары кыргызча да ырдай баштады.

Ислам Сатаров "Азаттыкка" маек куруп, протоколдук концерттерди өткөрүүнүн оош-кыйышы, дүйнө жылдыздарын алып келүүнүн түйшүгү жана өлкөдөгү концерттик залдардын көйгөйүн айтып берди.

"Азаттык": Дүйнөгө белгилүү бир катар ырчыларды Кыргызстанга чакырып, концертин өткөргөн "Gamma media group" компаниясынын ишмердиги эмнегедир солгундап калгандай сезилет.

Сатаров: Акыркы жолу, 2018-жылы британиялык ырчы Сами Юсуфту алып келдик. Андан мурда Филипп Киркоровду чакырганбыз. Анын КМШдагы турнесин да уюштурдук. Киркоровдун концерти чөлкөмдөгү эң кымбат шоу болуп саналат.

Полиглот, юморист Максим Галкинди да алып келдик. Ага чейин деле көп таанымал кишилер келип концерт коюшту. Токтоп калган жокпуз, ар кандай жабык кечелерге жылдыздарды чакырып жатабыз. Аларды концерттен тышкары мамлекеттик иш-чараларга да алып келебиз. Капчыктуу кишилердин жакшылыктарына чакырып беребиз. Негизи, биздин компания той-топурдан алыс. Эл аралык жыйындарга, концерттерге көбүрөөк басым жасайбыз. Анүстүнө Кыргызстанда эле эмес, КМШ мамлекеттеринде, коңшу республикаларда, Түркияда, Жакынкы Чыгышта концерттерди уюштуруп жатабыз.

Легендарлуу "Modern talking" тобунун ырчысы Томас Андерс менен.
Легендарлуу "Modern talking" тобунун ырчысы Томас Андерс менен.

Концерт менен гана чектелбей, мамлекеттик деңгээлдеги протоколдук маданий иш-чараларды да өткөрөбүз. Бирок анын баары эле жарыяланбайт.

Кээ бирлери өзгөчө коргоого алынган объектилерде болот. Саммиттердин маданий бөлүгүн даярдайбыз. 2018-жылы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышын уюштурдук. Ага "Eurovision" эл аралык сынагы аркылуу 1979-жылы Германияда популярдуу болгон "Чыңгызхан", Румыниядан "Акцент", Орусиядан "Корни" топторун, Казакстандан Жанар Дугалованы, Өзбекстандан Озода Нурсадиованы, Европадагы белгилүү продюсер Ален Депардьени чакырдык. Алар менен кыргыздын таланттары бир сахнада ырдашты.


"Азаттык": Расмий жолугушуулардын, жыйындардын маданий бөлүгүн уюштуруу үчүн кыргыз өкмөтү менен узак мөөнөттүү макулдашуу барбы же иш-чаралардын алдында силерге кайрылышабы?

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, ырчы Сами Юсуф жана Ислам Сатаров.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, ырчы Сами Юсуф жана Ислам Сатаров.

Сатаров: Келишим менен иштейбиз. Кагаз - бул формалдуулук. Чыгармачылыгыбызды сыйлаганы, ишенгени үчүн да биз менен иштешип жатат деп ойлойм. Расмий иш-чараларды уюштуруунун кагазга жазылбаган да эрежелери болот. Протокол деген түшүнүк бар эмеспи. Сахнада канча кадам басыш керек, кандай ырлар аткарылат, кандай кийиниш керек деген талаптар бар. Аны бардык эле чыгармачыл адамдар биле беришпейт.

"Азаттык": Өкмөт менен кызматташа баштаганыңызга канча болду? Алар сизди тапканбы же сиз өзүңүз кызматыңызды сунуш кылгансызбы?

Сатаров: Сунуш кылган эмесмин. Дүйнөгө белгилүү чыгармачыл инсандар менен иштешип жүргөнүбүз үчүнбү, балким тажрыйбабызды карадыбы, айтор 2014-жылы президенттик аппараттын иш башкармалыгынан кайрылышкан.

Өзүмдүн чыгармачылыкка аралашканыма 16 жыл болду. "Gamma media group" компаниясын 2013-жылы документтештирип, келишим түзө баштаганбыз. Бирок ага чейин эле дүйнө жылдыздары менен иштешип жүргөнбүз.

Ислам Сатаров белгилүү ырчы In'Grid менен.
Ислам Сатаров белгилүү ырчы In'Grid менен.

"Азаттык": Сиздер "Modern Talking", Ин-Грид, Киркоров өңдүү ырчыларды Европадан, КМШдан чакырып жүрөсүңөр. Алар менен келишим түзүү деле оңой болбосо керек. Талаптары да жогору эмеспи, баары эле дароо макул болбойт да...

Сатаров: Албетте, өтө чоң эмгек. Дипломатиянын бардык эрежелерин колдонуп иштегенге туура келет. Репутация деле чоң роль ойнойт. Таанымал кишилердин бирөө-жарымын чакырсак, алар биздин ишмердигибиздин тарыхын изилдешет.

Кемчиликтерибизди, ийгиликтерибизди карашат. Биз мурда чакырган артисттер менен сүйлөшүп, биз тууралуу сурашат. Чет элдик ырчы менен сүйлөшүү жараяны жарым жылдан бир жылга чейин уланышы мүмкүн. Алар кандай самын колдонот, кандай суу ичип, кандай сууга жуунат, тооктун этин жейби же балыкпы, уйдун этин жакшы көрөбү же жылкыныкынбы, кайсыл чөп-чарды, кайсыл жемишти жакшы көрөт, баарын сурайбыз.

Ал тургай, жашай турган бөлмөсүнүн түсү, жыты кандай болушу керектигин да билишибиз кажет. Муну биз майдачылык деп кабыл албайбыз. Туура эле түшүнөбүз, алар өзүнө ыңгайлуу шартты гана сурап жатпайбы. Себеби, биз билбей бир тамакты берсек, андагы жемиштен же эттен аллергиясы болушу мүмкүн. Алар чыгармачыл дараметин толук тартуулаш үчүн шарттарынын баарын айтышат. Ал тургай концерт залындагы аппараттар, микрофондор кайсыл мамлекетте чыгарылганы да маанилүү. Германияда жасалган пульт, Британиядан чыккан микрофон болушу керек деген талап коюшса, анын баарын жасайбыз.

"Азаттык": Гонорар төлөш да керек эмеспи. Ал жагын кантип чечесиңер? Кыргызстанда демөөрчү табуу маселеси кандай?

Сатаров: Каржы жагы өтө оор түйшүк. Биздин өлкөдө масштабдуу концерттерди уюштуруп, таанымал жылдыздарды алып келүү үчүн бир аз ыңгайсыз. Жумушумду сүйгөнүм үчүн достор менен болушунча аракет кылабыз. Бизде эл аралык талаптарга жооп берген концерттик зал жок. Киркоровдун концертин Спорт ордосунда өткөргөнбүз. Айрым учурларда жакшы сахнасы бар ресторандар тандалат.

Демөөрчү деген түшүнүк Кыргызстанда өнүгө элек. Ага карабай, концерттерибиздин баарын жакшы деңгээлде өткөргөнгө аракет жасап жатабыз. Ырчыга алдын ала төлөп берген гонорарыбыздын акчасы сатылган билеттерден чыкпай деле калат.

"Азаттык": Эмгегиңер акталбайт турбайбы, анда ишти улантуунун кажети барбы?

Сатаров: Эмгегибиз сөзсүз акталат. Себеби, биз дүйнөлүк жылдыздардын концертин жалгыз гана Кыргызстанда уюштурбайбыз. Алар эч качан бир эле концерт үчүн келбейт. Ошол эле шоу-программаны башка өлкөлөрдө да уюштурабыз. Казакстанда, Өзбекстанда өткөргөн концерттерибиз менен чыгымдарыбыз жабылат. Эң азы төрт концерт коёт.

"Азаттык": Быйыл март айында Бишкекте өзбекстандык ырчы Озода Нурсаидованын концертин өткөргөнгө аракет көрүп жатасыз. Эмне үчүн Озоданы тандадыңар?

Сатаров: Озоданы "Чыгыш музыкасынын ханышасы" деп атасак болот. Анын чыгармачылыгына жаш кезимден кызыгам, күйөрманымын. "Өзбекстанда 35 миллион адам жашаса, бир миллиону - ырчы" деген тамаша бар. Чынында, коңшуларда артисттер өтө көп, бирок арасынан суурулуп чыгып, эл аралык деңгээлге чыккандары саналуу. Ошондой мыктылардын бири - Озода. Ал Түркиядагы Композиторлор бирикмесинин мүчөсү.

Озода Нурсаидова менен.
Озода Нурсаидова менен.

"Азаттык": Кыргызстанда өзбек тилдүү ырчылардын күйөрмандары Ош, Баткен, Жалал-Абадда көп. Сиздер концертти Бишкекте уюштуруп жатасыңар. Болгондо да эки күн. Бул чоң тобокелдик эмеспи? Залды толтуруу маселеси бар дегендей...

Сатаров: Ооба, тобокелдик тоодой. Ага карабай зал толот деп ишенип турам. 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине келип ырдаганда, адамдар аны аябай жакшы кабыл алышты. Концертин уюштурууну суранышты. Ошол концерттеги видеосу Интернетте эң көп көрүлгөн тасмалардын бири болуп, жакшы пикир жазгандардын көбү кыргызстандыктар болду.

"Азаттык": Озода Рысбай Абдыкадыровдун "Эсиңдеби" деген ырын кыргызча ырдап чыкпадыбы. Муну концерт алдында атайын кыргыз күйөрмандарынын көңүлүн буруу десек жаңылбайбызбы?

Сатаров: Бул ыр боюнча сүйлөшө баштаганыбызда концерт коюу тууралуу ой да жок болчу. Менин сунушум менен бир жыл мурда даярдаганбыз. Клип да тартылды, жакында чыгат. Кыргыздын залкары Рысбай Абдыкадыровдун бул чыгармасы көптөн бери ырдала элек болчу. Озода муну достукту бекемдөө үчүн ырдады. Аткаруудан мурда аябай даярданып, жаттады.

Озода аткарган кыргызча ыр:

Озода Нурсаидова - "Эсиңдеби"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00


"Азаттык": Чет элдик ырчылардын концерттерин гана уюштуруп жүрөсүңөр, кыргыз ырчыларын эл аралык деңгээлге качан алып чыгасыңар?

Сатаров: Мен күткөн суроо болду. Азыр Кыргызстандын дүйнөлүк улуттук маданий борборун түптөө аракетинде жүрөбүз. Бийлик менен, мамлекеттик мекемелер менен иштешип жатканыбыздын негизги максаттарынын бири ушул. Ал бат эле ишке ашып кетпейт экен. Атай Өмүрзаков сыяктуу атагы алыска кеткен жылдыздарыбыз бар. Чет элдеги сынактардан жеңип келген артисттерибиз бир топ болуп калды. Алардын башын бириктирип, башка мамлекеттерге алып чыксак деп эки жылдан бери даярданып жатабыз, жакшы шоу-программа болот.

"Азаттык": Байкоолоруңуз менен бөлүшсөңүз, Кыргызстанда заманбап шоу-бизнести өнүктүрүүгө эмне тоскоол болуп жатат?

Сатаров: Жогору жактагы агаларыбыздан, меценаттардан суранат элем, борбор шаарыбызга чоң-чоң соода борборлорун кура бербей, бери дегенде беш миң киши бата турган концерттик зал салып коюшса өтө сонун болмок. Ал деле кирешелүү бизнес. Мен муну чоң бизнесмендерден өтүнүп суранам...


P.S.: "Gamma media Group" компаниясы алып келген чет элдик жылдыздардын концерттеринин билети 3000 сомдун тегерегинде болот. Ислам Сатаров баа уюштуруу иштерине сарпталган каржыга байланыштуу экенин айтты.

Ислам Сатаров өзү ырчылык менен да алектенет. Кыргыз, өзбек, орус жана башка тилдерде ырларды аткарат. Бул видеодогу ырды ал корсикан тилинде ырдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG