Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Мезгил агымы сүрөтчүнүн көзү менен


22-сентябрда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата сүрөтчүлөрдүн күз мезгилиндеги көргөзмөсү төрт жерде ачылды.

“Эгемендиктин түстөрү: Коом. Мезгил. Замандаштар” деген аталыштагы көргөзмөгө республиканын бардык аймактарындагы үч жүзгө чукул сүрөтчүнүн беш жүздөн ашуун мыкты чыгармалары коюлду.

Бул көргөзмө жылдагылардан айырмаланып, бир убакта “Колдо Арт” галереясында, Тolon museum искусство борборунда, Семён Чуйков атындагы Арт-борбордо, Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде уюштурулду.

Долбоордун жетекчиси Адис Сейталиевдин айтымында, көргөзмөгө республиканын бардык аймактарындагы сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлду.

- Мурда Улуттук музейде бир эле көргөзмө болсо, азыр бир эле убакытта катары менен төрт көргөзмө ачылып жатат. Үч жүзгө жакын сүрөтчүнүн беш жүздөн ашык сүрөтү коюлду. Бул жерде Кыргызстандын жаратылышын, кечегиси менен бүгүнкүсүн камтыган чыгармалар, живопись, пейзажга кеңири орун берилди.

Орусиянын сүрөтчүлөр Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, Орусиянын эл сүрөтчүсү Иван Лубенников Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларына абдан жогору баа берип, жаш сүрөтчүлөргө өзгөчө көңүл бурарын билдирди.

Анын айтымында, СССР жоюлгандан берки жыйырма жыл аралыгында КМШдагы кыл чеберлердин чыгармачылык байланышы кескин начарлаганы менен Москва, Санкт-Петербургда айрым кыргыз сүрөткерлердин жеке көргөзмөлөрү аз да болсо уюштурулуп келет.

Казакстандын эл сүрөтчүсү Еркин Мергенов болсо ар кандай себептер менен кийинки эки жыл аралыгында коңшу өлкөнүн кыл калем чеберлеринин чыгармачылык байланышы солгундай түшкөнүн белгилеп, кайра жандандыруу маселесин Казакстандын Маданият министрлигине коерун кошумчалады.

Өлкөдөгү экономикалык оор кырдаалга карабай кыргызстандык сүрөтчүлөр коомдун өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, замандын агымынан калбай жаш таланттардын жаңы мууну пайда болду, дейт Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Таалай Курманов.

- Көргөзмөлөр көбөйүп атат. Жыл сайын кыркка чукул көргөзмө уюштурулуп жатат. Бул жагынан алганда сүрөт тармагында өзгөрүүлөр бар. Артыбыздан келаткан жаш таланттардын эмгектери жүрөк жылытат. Бирок ошол жеке көргөзмөлөр кыйынчылык менен ишке ашырылат.

Болжол менен бир сүрөтчү көргөзмө ачам десе 15-20 миң доллар каражат сарпташы керек. Андай акча ар бир эле сүрөтчүнүн колунда жок. Ошондуктан тааныш демөөрчүлөргө кайрылып, эптеп каражат табышат.


“Эгемендиктин түстөрү: Коом. Мезгил. Замандаштар” деген аталыштагы көргөзмөдө көз карандысыздыктын баалуулуктарын, кыргыз элинин өткөн доордогу жашоосу менен бүгүнкүсүн, кыргыз жергесинин жаратылышынын ажайып кооздугун чагылдырган живопись, графика, скульптуралык чыгармалар коюлду. Бул иш-чара бир аптага созулат.
XS
SM
MD
LG