Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Аскаров тууралуу тасма чуу менен коштолду


"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалындагы милиция кызматкерлери
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалындагы милиция кызматкерлери

“Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалында “Азимжан Аскаров” тасмасын көрсөтүү ызы-чуу менен коштолду.

Аталган тасма эл аралык “Фридом Хаус” уюму тарабынан тартылган. Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу даректүү тасманын көрсөтүлүшүнө каршы чыккандар эртең менен саат ондон баштап “Манас” кинотеатрынын алдына топтолушту. Алар өздөрүн "Кыргызстандын патриотторубуз" деп аташты.

Нааразылардын арасында Аскаров жөнүндө ар кимден укканын айтып, 72 жаштагы Шаадат Жээналиева да жүрдү.

Тасмага каршы чыккандардын бири “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин төрайымы Ыргалай Бекмуратова фестивалдын уюштуруучулары аталган тасма аркылуу Аскаровду актоо аракетин көрүп жатышат деген ойдо. Ал “Аскаровдун орду түрмөдө, ага эркиндик жок” деген сыяктуу плакаттарды жазып алып, 3-4 аял болуп кинотеатрдын алдында отурду. Өзүнүн ОБОНчу аял эмес экенин айткан Бекмуратова фестивалдын уюштуруучуларын тыңчыларга теңеди.

- Биз тасманын көрсөтүлүшүнө каршыбыз. Анткени 2010-жылкы июнь коогалаңында анын күнөөсү тоодой. Мен эл үчүн кыйкырып чыгып жатам. Мейли, ОБОНчу дей беришсин. Ал эми чет өлкөнүн обонун созгондорго өлкөдөн чыгып кетүү талабын койом. Төлөкан Исмаилова тасма аркылуу Аскаровду Батукаев сыяктуу боштондукка чыгаргысы келип жатат.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын директору, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова тасманы көрсөтпөй коюуга эч кандай негиз жок деп эсептейт. Анын айтымында, тасмада Аскаровдун ишин кайра дыкат тергөө керектигине гана басым жасалат.

- Биздин максат июнь коогалаңында чын эле ким күнөөлүү экенин коомго жеткирүү болуп саналат. Бул боюнча Башкы прокуратурада том-том материалдар бар. Ошолордун чын-төгүнүн элге жеткиришибиз шарт, “Фридом Хаус” тасма аркылуу Аскаровдун ишине бейтарап баа берүүнү көздөйт. Аскаров кармалганда кайсы жерде болгону боюнча эле үч түрдүү варианттар бар. Анын Ош окуясында кайсы жерлерде болгонун тастыктачу эки жүздөй күбө бар. Тасмага каршы чыккан аялдар Бакиев убагында жер басып, ОБОНчу атка конгондор.

Өзбек улутундагы Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн жана улут аралык чыр-чатакты козуткан деп айыпталып, өмүр бою абакка кесилген.

15 мүнөттүк “Азимжан Аскаров” аттуу даректүү тасма башталары менен залда отурган жоон топ жигиттер ышкырык, кыйкырык менен сахнага чыгууга аракет кылышты. Алар тасма бүткөнчө залдагы көрүүчүлөрдү “Эмне отурасыңар, намысыңар барбы?” дем демитип, ызы-чуу салышты. Тартип сакчылары тасманы үзгүлтүккө учураткысы келгендерди сахнага чыгарбоо аракетин көрүштү. Тасма бүтөрү менен жоон топ жигиттер көздөн кайым болушту. Алардын арасында өздөрүн “Кыргызстан патриоттору” кыймылынын өкүлүбүз дегендер да жүрдү.

Фестивалдын коногу, Алматыдан келген Асия Калиева тасманы үзгүлтүккө учуратуу аракетин ээнбаштык деп баалап, милиция кызматкерлеринин аракетсиздигине нааразы болду.

- Азыркы учурда олуттуу кылмыш, мыйзам бузуу болуп жатат. Бирок тартип коргоо кызматкерлери эч кандай реакция кылбай жатышат. Бейбаш адамдар фестивалды үзгүлтүккө учуратуу аракетин көрүштү. Фестивалга көптөгөн чет өлкөлөрдөн коноктор, кары, жаш дебей коомчулук өкүлдөрү да катышып жатат. Мындайча айтканда алардын өмүрүнө коркунуч туулду. Бирок милиция ээнбаштарга эч кандай чара көрбөй жатканы өкүндүрөт.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалы башталганда окумуштуу жана коомдук ишмер Жолборс Жоробеков баштаган топ фестивалда көрсөтүлүүчү “Азимжан Аскаров” тасмасы июнь окуясын кайра эске салып, кырдаалды курчутат деген билдирүү тараткан. Жоробеков “Азаттыкка” айткан сөзүндө муну дагы бир ирет бекемдеди:

- Кыргызстанда улут аралык окуянын жарасы жаңыдан гана айыгып келатат. 2010-жылдын өткөнүнө аз гана болду. Бул фильм адамдарды башка жолго бурат, ошондой эле биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн терс жагын жана укуктук тарабынын начардыгын көрсөткөн саясий мазмуну да бар.

Азимжан Аскаров тууралуу тасманы көрүп, ага баа берейин деп келген студент Арман Алибаев ызы-чуунун айынан тасманы көрө албай калганына капа. Анын пикиринде, тасманы үзгүлтүккө учуратуу аракетин көргөндөр атайын даярдыктан өтүп, бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарып жатышы мүмкүн.

- Биз тасманы күтүп отурсак эки жигит келип, “силерди ким жиберди?” деп сурашты. “Өзүбүз эле келдик” десек, "азыр биз тасманы көрсөтүүгө тоскоолдук жаратабыз, баарын талкалайбыз, бизге кошулгула" дешти. Биз макул болбой кетип калдык. Менимче алар атайын даярдалган топ. Сөздөрүнө караганда бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарышты.

Ызы-чуу менен коштолгон “Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалында "Азаттыктын" кабарчылары Жанар Жолдошбаев менен Элиза Кенебаеванын “Мен баратам Корейге” аттуу тасмасы да көрсөтүлүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Фестиваль 18-сентябрда башталган, 24-сентябрда жыйынтыкталат.
Аталган кинофестиваль быйыл жетинчи жолу өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG