Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

“Бир дүйнө”: тагдырлар тасмада


Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан” фестивалы өтүүдө. Быйыл бешинчи жолу өтүп жаткан фестивалга ондогон чет элдик режиссерлор өз тасмаларын алып келишкен. Эң биринчи болуп канадалык режиссер Рама Раунун “Базар” деп аталган тасмасы көрсөтүлдү.

“Базар” деп аталган тасмада Индиядагы адамдын дене мүчөлөрүн сатуу фактылары көрсөтүлгөн. Баш каарман Хема жашаган айыл Бөйрөктөр айылы деп аталып калган. Себеби бул аймакта ар бир экинчи адам жакырчылыктын айынан өз дене мүчөсүн сатып жан багууга аргасыз. Хема да карыздарынан кутулуу үчүн бул кадамга барганы турат.

Тасманын режиссеру Руми Рай эки аялга көңүл бурат: биринчиси, “бөйрөгүмдү сатам” деп турган индиялык Хема, экинчиси, оорунун айынан өзүнө донор издеп, бөйрөгүн алмаштырууга аргасыз болуп жүргөн канадалык Сандра.

Тасманын аягында эки аял бири-бири менен жолугат. Сандра Индиянын кедей аймагында жашап жаткан Хеманын жашоо-турмушун өз көзү менен көрөт. Ал жактын тургундары өз бөйрөктөрүн сатуудан карызынан кутулуп, жашоосун аз-маз оңдоп алышканы менен өмүр бою оорулуу болуп өтөрүн билет. Ошентип Сандра бирөөнүн бөйрөгүн алуудан баш тартып, андан көрө өмүр бою дарыланып жүрүүнү артык көрөт.

Дал ушундай окуяны чагылдырган “Базар” тасмасы Кыргызстанда башталган “Бир дүйнө” кинофестивалынын бет ачары болду. Тасманын режиссеру Рама Рау айымдын айтымында, каармандарды таап жана аларды өз окуясын айтып берүүгө макул кылуу өтө кыйын болгон.

- Бул тасма 5 жылда тартылды. Эки жыл мен тийиштүү адамдарды издеп убара болдум. Бөйрөгүн сата турган адамды табуу мага өтө кыйын болду.

Тасмадан кийин көрүүчүлөрдүн бири Индиянын кембагал аймактарындагы жашоого таң калса, айрымдары режиссер көтөрүп чыккан маселе бардык өлкөлөрдө орун алгандыктан, көңүл бурууга арзыйт деп жатышты.

Акыйкатчы Арзыкан Момунтаева:

- Мен бул тасманы көргөндөн кийин бир канча жылга өскөндөй боло түштүм. Дүйнөдө адам укуктарынын тебеленип жатышы, Кыргызстандан да мүмкүнчүлүктөрү аз өлкөлөр бар экенин көрүп бир чети кайгырсам, бир чети кубандым. Кубанганым – Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча бир аз болсо да жылыштар болуп жатканы.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абды Сатаров:

- Бул тасма режиссер өзү айткандай көп жылдык эмгектин жемиши экен. Тасмада көтөрүлгөн көйгөй бир эле Индияныкы эмес, бул – жалпы дүйнөлүк көйгөй. Ошол дүйнөнүн тутумунда турган кичинекей Кыргызстандын да көйгөйү. Бизде бул ачык болбогону менен мындай көрүнүштөр бар деп айтсак жаңылышпайбыз. Айрым учурларда адамдардын жоголушу дал ушул дене мүчөлөрдү сатуу менен байланышы бар болушу мүмкүн.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Кыргызстанда бешинчи жолу өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, мурдагы жылдары авторитардык бийлик тарабынан бул иш-чараны өткөрүлүшүнө тоскоолдуктар болуп келсе, быйыл ачылыш аземине президент Роза Отунбаеванын катышканы – жакшы жышаан.

“Бир дүйнө” фестивалы Бишкекте 2-октябрга чейин уланып, адам укугу тууралуу 29 тасма көрсөтүлөт. Тасмаларды кыргызстандык жана чет өлкөлөрдөн келген белгилүү кинорежиссерлор башында турган калыстар тобу баалайт.


Руми Рай, “Базар”
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG