Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

"Бир дүйнө" - Кыргызстандан 14 тасма катышат


Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө - Кыргызстан” аттуу V фестивалы башталганы турат.

Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна фестивалдын координатору Фарида Абдылдаева жооп берди.

- Фестиваль негизинен адам укуктары жаатында тасмаларды көрсөтүп келет эмеспи. Бул ирет балдар жана аялдардын укуктарына арналган тасмаларга басым жасалганынын себеби эмнеде? Кыргызстанда алардын укуктары көбүрөөк бузулуп жатабы?

- Биринчиден, эл аралык “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы тууралуу айта кетейин. Бул Чехиядагы “Eдин свет” деп аталган адам укуктары боюнча даректүү тасмалар фестивалынын бир бутагы. Анын негизги максаты – Кыргызстандагы адам укуктарына жана эркиндиктерине байланышкан маселелерди көтөрүп чыгуу. Ошону менен бирге элдин укуктук, социалдык, экономикалык суроолорду терең түшүнүүсүнө жана талаш-тартыш, талкуулар аркылуу чечүүнүн алтернативдүү жолдорун ойлонууга көмөктөшүү максатын көздөйт.

Ал эми Кыргызстанда аялдар менен балдардын гана укуктары бузулат деп айтканга болбойт. Бардык жерде эле мындай маселе кездешет. Бирок эң аялуу катмар болуп аялдар менен балдар эсептелет. Ошондукан фестивалда аларга атайын орун берилип, программада ушундай бөлүгү да бар. Бирок фестивалда жалаң эле аялдар менен балдардын укуктары эмес, башка катмарлардын маселелери да чагылдырылат.

- Бул жолку фестиваль эмнеси менен айырмаланат? Канча тасма көрсөтүлөт?

- Бул жолу V мааракелик фестиваль болот. Биринчи жолу 2007-жылы болуп, кыргызстандыктардан 2 гана тасма катышкан. Бул ирет 35 тасма сынакка катышып, комиссия анын ичинен 13үн тандап алды. Быйыл жалпысынан 29 даректүү фильм катышып атат. Алардын ичинен 15и эл аралык, 14ү кыргызстандыктардыкы. Кыргызстандын 14 тасмасы эл аралык, анын ичинен 13ү улуттук сынакка катышышат.

- Мурдагы бийликтер тушунда саясий куугунтуктар болуп, саясий укуктардын бузулуп жатканы көп сөз болчу эле. Мына эми фестивалга беш жыл толуп атат. Ушул жыл аралыгында адам укуктары жаатында абал кандай болуп өзгөрдү?

- Мурдагы жылдарда авторитардык режимде көп куугунтуктар болуп, ошого байланышкан тасмалар көбүрөөк чыкса, азыр социалдык темалардагы даректүү фильмдер чагылдырылып атат. Мисалы, бул жолку фестивалга чыга турган тасмалар 2009-2010-жылы тартылгандар. Коомдогу аялуу катмар деп жатпайбызбы, аялдар, балдар болобу ошолордун укуктары, маселелери үстөмдүк кылып, аны чече албай жаткандары тууралуу фильмдер тартууланат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG