Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Музыка менен жашаган жаштар


П.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектептин окуучулары Айдер Рысалиев менен Лайли Асанбекова Бишкекте концерт берди.

Боз улан Айдер Рысалиев музыканын ыргагында мемиреп, бирде демин ичине катып, көзүн жумуп, бирде ыргалып, көзүн умачтай ачып, виолончелдин кылдарын сол колунун узун манжалары менен иргеп басып, оң колундагы кыл таякчаны ойкутуп-кайкытып Себастьян Бахтын "Прелюдиясын" берилип аткарып жатты.



Айдер Рысалиев Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте окуган үч жыл аралыгында бир катар кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып, баш байгелерди жеңип алган.

Бүткүл орусиялык виолончелисттердин конкурсунда жана Саратов шаарындагы эл аралык фестивалда да байгелүү орунду жеңип алып, өз алдынча оркестрдин коштоосунда концерт берүүгө жетишкен.

Айдердин виолончель аспабын ойноп калуусуна атасы түздөн-түз себепкер болгон.

- Бардыгы мени төрөлө электе эле виолончелист болот деп алышыптыр. Алты жашка чыкканда атам бул аспапта ойногонду үйрөтүп, анан Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектепке алып барып, Ольга Андреевна Пичонкина деген мугалимге берип койду. Ал жерде он төрт жашка чыкканча окудум.

Айдердин талантын москвалык музыка адистери байкап калышып, окууга чакырат. Орусиянын төрт тарабынан келишкен балдардын арасынан сынактан ийгиликтүү өтүп, музыкалык мектепке кабыл алынат. Ал жакында эле жогоруда аталган музыкалык мектептин 10-классын бүтүрдү.

Айдер 11-классты аяктагандан кийин Чайковский атындагы консерваторияга тапшырып, аспирантураны бүтүп, Батышта же абройлуу бир оркестрде иштей турганын айтып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга аракет кылам деген ойдо.



Айдердин атасы Муксан Рысалиев кезинде Чайковский атындагы консерваториядан пианист-дирижер кесибин алган. Ал уулунун алгачкы жетишкен ийгиликтерин сыймыктануу менен белгиледи.

- Ага Москвадагы мугалимдер беш деген бааны берип жатат. Ал жакта көптөгөн конкурстарга, фестивалдарга катышууда. Оркестр боюнча биринчи виолончелист болуп кыргыздардын атын чыгарып жатат.

Муксан Рысалиев Бишкекте музыкалык окуу жайларда, Улуттук консерваторияда мугалим болуп иштеп жүрүп, балдарынын музыкалык карьерасы, келечеги үчүн алар менен кошо Москвага кеткен. Ал жерде да музыкалык окуу жайларда иштеп, уул-кызынын концерттерин уюштуруп, аларды таанытуу аракетин көрүүдө.

- Чынында мен балдарымдын келечеги үчүн, алардын музыкалык карьерасын көтөрөйүн деп, концерттерин даярдап аракет кылууга Москвага бардым. Ал жакта Динара деген кызым бар. Ал скрипка боюнча классикалык академияда окуйт. Экинчи кызым Алия Чайковский атындагы консерваторияда фортепианодон окуп жатат. Эл аралык конкурстардын лауреаты болду.



Айдер Рысалиев менен бирге дагы бир таланттуу кыз Лейли Асанбекова фортепианодо классикалык чыгармаларды ойноп берди. Ал да Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте онунчу классты аяктады. Аны абройлуу профессор Александр Мдаянц окутууда. Лейли болсо белгилүү режиссер Нурлан Асанбековдун кызы.

Лейли да москвалык музыка адистеринин купулуна толуп, чакыруу алат. Орусиянын бардык аймактарынан келген 40 бала менен сынакта атаандашып, беш деген баага татыктуу болот. Ал келечекте өнөрү менен кыргызды дүйнөгө таанытам деп алдына максат койгон.

- Айрымдар “Манас” эпосу менен кыргыздардын бар экенин таанытууга аракет кылып жатат. Ал эми мен болсо фортепианодо мыкты ойноп, кыргыздардын уул-кыздары таланттуу болоорун далилдейин деген тилегим бар.

Учурда Москва консерваториясынын алдындагы борбордук музыкалык мектепте Кыргызстандан Лейли Асанбекова менен Айдер Рысалиев гана окушат. Алардын концертин көрүшкөн жергиликтүү музыка адистери экөөнүн шык, жөндөмүнө жогору баа беришип, ушундай таланттуу балдарды кыргыз өкмөтү, Маданият жана туризм министрлиги колдоого алса жакшы болот эле деген ойлорун ортого салышты.
XS
SM
MD
LG