Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

Өлүм жазасына кайтуу демилгеси көтөрүлдү


КМШда Белорус гана жазанын бул түрүнөн баш тарткан эмес.
КМШда Белорус гана жазанын бул түрүнөн баш тарткан эмес.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Мамытбай Салымбеков 16-январдагы парламент жыйынында оор кылмыш кылгандарга жазанын оор түрүн колдонуу керектигин айтып чыкты.

Эксперттер, укук коргоочулар өлкөдө кылмыш иштерди тергөө жана сот адилеттигине байланышкан маселелерден улам мындай демилгеге караманча каршы болууда.

Кыргызстан өлүм жазасына 1998-жылы мораторий жарыялап, 2007-жылы Баш мыйзамдан алып салган. 2009-жылы болсо Жогорку Кеңеш өлүм жазасына каршы БУУнун экинчи факультативдик протоколуна кошулууну колдогон жана муну менен катар жазанын мындай түрүнөн толук баш тарткан өлкөлөрдүн катарына кирген.

Депутат Мамытбай Салымбеков адамды мыкаачылык менен өлтүрүү, наристелерди зордуктоо жана мекенге чыккынчылык кылуу кылмыштары боюнча өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатат:

- Мына боюнда бар аялга бычак шилтешип, өмүрү кыйылды. Ош тарапта бир кичинекей баланы кошуп, үч адамды өлтүрүштү. Дагы бирөөнү устукандап, таштанды челекке ыргытып кетти. Муну кылгандар кармалып, кылмыштары далилденип жатат. Ошолорду атуу тууралуу беренени киргизип, ошол жерге өзгөчө кырдаалда гана иштейт деген жобо менен Баш мыйзамга киргизип койсок, кылмышкерлердин тизгини тартылаар беле деген чоң үмүт бар.

Салымбеков өлүм жазасы тууралуу коомчулуктун пикирин сурап, эгер көпчүлүк макул болсо, сунушту киргизүү зарылдыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өлүм жазасын колдобой турганын айтты жана бул маселеде тергөөнү жакшыртуу зарылдыгын белгиледи:

- Тергөөнүн сапаты түшүп кеткенине байланыштуу күнөөлүү гана адамдар жоопко тартылып жатат деп баарыбыз эле кепилдик бере албайбыз. Ошондуктан ушул жагын карап туруп, андан кийин гана талкуу кылсак болот деп ойлойм.

Белорустагы өлүм жазасына каршы акция
Белорустагы өлүм жазасына каршы акция
Өлүм жазасын киргизүү демилгеси парламентте маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда айрым депутаттардын сырткары, ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Суталинов өлүм жазасын киргизүү керектигин айтып чыккан.

Мурунку юстиция министри Марат Кайыповдун пикиринде, өлкөдө сот адилеттигине байланышкан маселелер көп, ушундан улам өлүм жазасын кайтаруу опурталдуу:

- Кылмышкердин өмүр бою түрмөдө отуруп запкы чеккени ал үчүн оор жаза. Экинчиден, мындай жазаны киргизсе, мамлекет кылмышкерге теңелип калат. Кылмышкер мыйзам бузуп бирөөнү өлтүрсө, мамлекет аны өлтүрүп кылмышка барып атат. Мамлекет кудай эмес. Өмүрдү кудай берген, кайра ошол алсын деген принцип менен ушул жолго барганбыз. Азыр биз сот адилеттиги жок мамлекет болуп калдык. Мындай учурда күнөөсүз адамдар да өлүм жазасына тартылып калышы мүмкүн.

"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова өлүм жазасы кылмыштуулуктун санын азайтат деген пикир жаңылыш экенин айтууда:

- Адам укугу тууралуу көрсөткүчтөрдү караганда, гумандуу системада өлүм жазасы жок, мыйзам адам үчүн иштеген өлкөлөрдө кылмыштуулук аз жана ушундай трагедиялар жокко эсе. Кыргызстандын азыркы абалын карай турган болсок, мыйзам иштебейт. Өлүм жазасын киргизүүнү эмес, ошол колубуздагы мыйзамдарды иштетүү жөнүндө сөз кылышыбыз керек.

Өлүм жазасын колдогондор адатта кыргыз түрмөлөрүндөгү азыркы абалды жана өмүр бою абакка кесилгендерди багуу мамлекетке кошумча түйшүк болорун жүйөө кармашат. Өлкөдө ушул тушта өмүрүнүн акырына чейин кесилгендердин саны 270тен ашат. Мындай жаза алгандар айрыкча соңку эки жылда өскөнү байкалат.

Кыргыз өкмөтү мындан 5 жылдай мурун өмүр бою кесилгендерге өзүнчө абак кура баштаган, бирок жетиштүү каражат бөлүнбөгөндүктөн ал аягына чыкпай турат.

XS
SM
MD
LG