Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

Талоончулук: талаштуу жагдайлар талданууда


Бакиевдерге тиешелүү таланып-тонолуп, өрттөлгөн үй. Бишкек, 8-апрель, 2010.
Бакиевдерге тиешелүү таланып-тонолуп, өрттөлгөн үй. Бишкек, 8-апрель, 2010.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын талап-тоноочулукка тиешеси бар-жогун иликтеген депутаттык комиссия жыйынында талаштуу жагдайлар талкууланды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов азыр абакта жаткан Абдулла Юсупов менен 2010-жылы апрелде бийлик алмашкан күндөрү 6 ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн. “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында, бул маалыматты ички иштер министри Зарылбек Рысалиев комиссияга маалымдаган.

- Райкан Төлөгөнов менен Юсуповдун сүйлөшкөнү, Төлөгөновдун талап-тоноочулук болгон 10 объектте болгону аныкталып жатканын айтты. Андагы телефондук сүйлөшүүлөр да талданып жатканын айтты.

Депутатка айып коюлабы?

Бирок “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов министр Рысалиевдин айткандары, Төлөгөнов талап-тоноочулукка аралашкан деп айтууга негиз боло албайт деп эсептейт. Ал Төлөгөнов ошол имаратта болгонбу же жакынкы аймакта болгонбу, тактоо зарыл дегендей пикирин айтты. Бирок Райкан Төлөгөновдун талап-тоноочулукка катышы кыйыр болсо да далилденип жатканын айткан комиссия мүчөлөрү ага качан айып коюлат деп Башкы прокуратурага кайрылды.

Депутат Кенжебек Бокоев:

- Далилдер чыгып жаткандан кийин мен башкы прокурорду бүгүн чакырып, “мындан ары кандай иш-аракетти көрөсүз” деп сурайын дегем. Анткени бул жерде айып депутаттарга коюлуп жаткандан кийин ИИМ эмес, Башкы прокуратура аракет кылыш керек. Азыркы фактылар айып койгонго жетиштүүбү же жетишсизби, сиз парламенттик комиссияга айтып бериңиз.

Бирок Башкы прокуратуранын депутаттык комиссиянын жыйынына катышкан өкүлү Орозбек Бердибаев али тергөө аягына чыга элек болгондуктан, бул тууралуу сөз кылуу эрте дейт:

- Дагы бир кичине жерлерди текшеребиз, ошондон кийин гана анын кыймыл-аракетине баа беребиз. Бар-жогун тактап туруп, баа беребиз.

Төлөгөнов: Юсуповдун айткандары жалган

Анткен менен Бердибаев комиссиянын отурумунда билдиргенине караганда, Юсуповдун талап-тоноо боюнча фактыларынын айрымдары далилденген. Бирок анда депутаттардын тиешеси бар же жок экени белгисиз.

Комиссиянын 11-октябрдагы отурумуна буга чейин бир нече ирет чакырылып, бирок келбей жүргөн депутат Райкан Төлөгөновдун уулу Муса Төлөгөнов да катышты. Анын айтымында, Абдулла Юсуповду мурда-кийин көрүп жүргөнү менен, жакындыгы, же жеке тааныштыгы болгон эмес. Буга чейин Абдулла Юсупов талап-тоноочулукта Муса Төлөгөнов элди баштап жүргөнүн айткан болчу.

Муса Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү чындыкка коошпостугун айтты:

- Ал өз сөзүндө, биз курал алып, бөлүшкөнбүз дегендей айтып жатат. А түгүл мени өзүн курал менен атып алган деген да сөздөрү бар. Мунун баары чындыкка коошпойт. Булар толугу менен жалган. Буга Абдулла Юсуповдун өзүнүн айткандары далил. Ал эң жөнөкөй эле өзү имараттардан эмнени алып чыкканын так айта албай жатат.


Ушул эле күнү депутат Райкан Төлөгөнов өзү билдирүү таратып, ден-соолугуна байланыштуу президенттин иш башкармалыгынын ооруканасында дарыланып жатканын айтып чыкты. Бирок ага карабай тергөө менен кызматташып жатканын маалымдаган Төлөгөнов ал эч кимден жашырынбаганын, тескерисинче аталган иш боюнча тыянак чыгышына өзү да кызыкдар экенин белгилеген. Буга чейин комиссияда “атамекенчи” депутаттын суроолорго жооп берүүдөн качып жатканы айтылган болчу.

№1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов НТС каналына берген маегинде апрель окуяларында Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноо иштерин уюштурууга "Ата Мекен" партиясынын төрт депутатынын тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон кийин депутаттык комиссия түзүлүп, анын чын-бышыгын иликтөөгө киришкен.

"Атамекенчилер" мындай дооматтардын баарын четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG