Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

"Таттуу Пашанын" тендер чыры


Павел Десятников
Павел Десятников

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятниковго таандык фирма балдарга берилчү жаңы жылдык белекти даярдоо боюнча тендерден утуп алганы көп суроону жаратты.

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Павел Десятниковду шаардык кеңеште депутат болгонуна байланыштуу тендерге катышууга укугу жок дегенине карабай, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын белектерин депутатка таандык “ДОС ЛТД” фирмасы даярдамай болду. Көп жылдан бери кондитердик фирманы жетектеп, коомчулукта "Таттуу Паша" деп таанылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты өзүнүн орду саясый кызмат эмес экенин айтууда.

Павел Десятников учурда Бишкек шаардык кеңешиндеги коммуналдык турак жай чарбасы, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана инвестиция комиссиясынын төрагасы.

Департаменттин чечими эске алынган жок

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти 24-декабрда Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бөбөктөргө деп жаңы жылдык белектерди сатып алуу тендерине карата расмий кат жөнөткөн. Анда тендерде жеңүүчү деп табылган “ДОС ЛТД” компаниясы шаардык кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Павел Десятниковго таандык экени белгиленип, мыйзам муниципалдык жана саясий кызматтагы адамдарга сынакка катышууга тыюу салары белгиленген.

Каржы министрлигинин жооп каты
Каржы министрлигинин жооп каты

Каржы министрлигинин өкүлү Назар Малаевдин айтымында, мыйзамга ылайык, сатып алуучу компаниянын атүгүл саясый кызматтагылардын туугандары менен да келишим түзүүсүнө тыюу салынат.

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, конкурстун катышуучусу саясый кызматтагы же саясый муниципалдык, атайын мамлекеттик кызматты ээлеп турган адам же анын туугандары болсо, сатып алуучу уюм ал ишкана менен келишимди түзө албайт.

Департаменттин сунушуна карабай "Таттуу Пашага" таандык “ДОС ЛТД” жоопкерчилиги чектелүү коому Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы өткөргөн конкурста жеңүүчү болуп табылды. Башкармалыктын башчысы Жаңыл Чоңбагышеванын “Азаттыкка” билдиришинче, “ДОС ЛТД” ар бири 350 сомдон бааланган миңге чукул белекти өспүрүмдөргө даярдамай болду.

- 26-декабрда Улуттук филармонияда балдар үчүн балаты болот. Белектерди ошол жактан тапшырабыз. Баш-аягы 900 бала баратат. Алардын арасында аз камсыз болгон, мектепте мыктылыгы менен өзгөчөлөнгөн, жакшы окуган балдар катышууга укук алышты. Бардыгына тендерден уткан “ДОС ЛТД” компаниясынан белектер берилет.

Ленинден Октябрга

Бул шаардык кеңештин депутаты Павел Десятниковдун фирмасына байланышкан биринчи эле чуу эмес. Былтыр "Таттуу Пашанын" компаниясы Ленин райондук акимчилиги тарабынан өткөрүлгөн эки жарым миллион сомдук тендерде да алдына киши салдырган эмес. Кийинчерээк Ленин райондук прокуратурасы жогорудагыдай жүйө менен тендер мыйзам бузуучулук менен өткөн деп, ишти териштирүүгө алган.

Өткөн иштин чуусунан качып депутаттын “ДОС ЛТД” компаниясы быйыл Ленин району тарабынан өткөргөн белек-бечкектерди даярдоо тендерине катышкан жок. Бирок бул жылы Октябрь районундагы балдарга белектерди камдап жатат. Шаардык кеңештин депутаты Павел Десятников өзүн саясый кызматтагы адам эмес экенин айтууда.

- Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, депутаттар арасында эки гана саясий кызматтагы адам бар. Алар: бюджет жана социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрагалары. Мен мамлекеттен бир да сом албайм. Менде кызматтык бөлмө же унаа да жок. Мен кадимки эле коомдук ишмермин. Ошондуктан мага коммерциялык иш жүргүзүүгө мыйзам уруксат берет.

Деген менен “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын 2-беренесинде жергиликтүү кеңештин депутаттары саясый муниципалдык кызматка кирери так жазылган. Мыйзамда шайлоо жолу менен тандалган жетекчилер түздөн-түз саясый кызматкерлер болору да ачык белгиленип турат.

Көнгөн адат калабы?

Коомдук ишмер Өмүрбек Абдрахмановдун ырасташынча, бийликтеги адамдардын өз кызматы жана партиясына таянып, тендерди мыйзамсыз жеңип алган көрүнүштөрү арбын. Ал эми "Таттуу Пашанын" компаниясына байланыштуу тендерде болсо, негизинен акча көбүрөөк үстөмдүк кылганын баамдоого болот дейт ал:

- Бизде мындай көрүнүштөр көп, анын бири -Сарпашевге таандык “Градиент” фирмасын деле карабайсыңарбы. Бул фирма Сарпашев вице-премьер кезде 60тан ашык тендерди утуп алды. Партиянын башындагылар ушундай келишимдерди бурмалап атса, анан Десятниковдуку кеп бекен. Бул жерден тендерди ишеничтүү эле коррупция менен пара берип жеңип алды десек жарашат. Негизи демократиялуу өлкөлөрдө саясый кызматтагылар, депутаттар тендер дегенге жакын жолобошу керек эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да депутаттардын өзү иштеген тармактагы тендерге катышуусу моралдык жактан да туура эмес экенин белгиледи.

- Моралдык жактан алганда, өзү башкарган тармакта тендерге катышуу туура эмес көрүнүш. Бул кызыкчылыктар кагылышына алып келип жатат. Анткени эгерде сен шаарда иштесең, жергиликтүү бийликти көзөмөлдөсөң, анан сен көзөмөлдөгөн бийлик органдары сен жетектеген компанияга карата чечимди кабыл алышы көбүрөөк мүмкүн болуп турбайбы.

КСДП фракциясынан шаардык кеңешке депутат болгон Павел Десятниковдун кондитердик азыктарды чыгарууда 17 жылдык тажрыйбасы бар. Ал Кыргызстанда “ДОС ЛТД” ишканасынан тышкары дагы 12 кондитердик компанияга тиешеси бар ишкер.

XS
SM
MD
LG