Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Министрликтердеги планшеттер чуусу


Планшеттер
Планшеттер

Мамлекеттик сатып алуулар интернеттеги атайын сайтка жарыялана баштагандан бери коомчулук ар бир чыгымды көзөмөлгө алууда. Ашыкча коротулган чыгымдар боюнча кылмыш иши да козголду.

Атап айтканда Унаа жана байланыш министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, 11 миң долларга компьютер жана планшеттерди сатып алуу фактысы боюнча атайын органдар иликтөө иштерин башташты.

Ал ортодо Кыргызстандын Каржы министрлигинин 228 миң сомго эки планшет сатып алуу тууралуу жарыясы коомчулуктун көңүлүн буруп, социалдык тармакта кызуу талашты жаратты.

Баалардагы айырма

Борбордогу электрондук техника саткан “Светофор” дүкөнүндө планшеттердин эң кымбаты миң доллардан ашпайт. Соода борбордун менеджери Татьяна Нечаеванын айтуусунда, орто эсеп менен 700 долларга акыркы үлгүдөгү заманбап планшетти сатып алса болот.

- Бизде планшеттер үлгүсүнө, көлөмүнө жана кубаттуулугуна жараша бөлүнөт. Ар кандай түрлөрү бар. 9 миң сомдон баштап 1000 АКШ долларына чейин тандап алсаңар болот.

Ошентип, Каржы министрлигинин 228 миң сомго эки даана планшет алабыз деген жарыясы канчалык туура жана мыйзамдуу деген суроо коюлуп, коомдо талкуу жаратты. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтканына караганда, планшеттердин бирин ал өзү колдонууну көздөп жаткандай. Министр парламентте тендер тууралуу түшүндүрмө берип жатып, жайнаган кагаздын ордуна бир планшет менен келип отчет берүү кыйла ыңгайлуу экенин айтты:

- Бул планшеттер биздин министрликке керек. Себеби мен азыр, карасаңар, ондон ашык папканы кармап отурам. Биз эл аралык уюмдар менен көп жолугуп, долбоорлорду түзөбүз. Ошондо бардык мыйзамды кагаз менен көтөрүп жүрбөйбүз, баары планшетте болот да.

Бирок коомчулуктун көңүлү планшеттин өзүнө эмес, баасына бурулууда. Бир катар адамдар өз планшеттерин министрликке арзан эле сатууга даяр экенин билдирип, интернеттеги социалдык тармактарда флеш-моб да уюштура салышты.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева кризис кесепетин жакшы билет делген Каржы министрлиги акчаларды оң-солго чачып жатканына каршы.

- Биздин мамлекеттин тышкы карызы 3,6 млрд. долларга жетти. Ошол планшетти 228 миң сомго алгандан көрө башка жакка коротушубуз керек. Айылдарда мугалимдер бир жыл иштеп мынча акча таппайт.

Депутат Мамашева Унаа жана байланыш министрлиги да баасы 500 доллардан 1000 долларга чейин планшет сатып алганын, жалпы чыгым 11 миң АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.

Депутат айткан Унаа жана байланыш министрлигиндеги сатып алуулар боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Аны министрдин орун басары Улан Уезбаев да ырастады:

- Ал жакта жалгыз эле планшеттер алынган эмес. Жалпысынан 18 түрдөгү техника сатылып алынган. Бирок ошол планшеттердин сатылып алынышы боюнча тергөө иштери жүрүп, ИИМ кылмыш ишин козгоду. Биз алдыда иликтөөнүн жүрүшү менен бардык маалыматтарды жарыялайбыз.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов мамлекет бардык сатып алуулар боюнча тендерди интернетке жарыялай баштагандан бери коомдук көзөмөл күчөп, ал оң натыйжасын бере баштады деген ойдо. Парламент ушул жайда 120 креслону 2,5 миллиондон ашык сомго сатып алмакчы болгондо коомчулук бул тендерди токтотууга жетишкен.

Бирок андан көп өтпөй эле Жогорку Кеңеш 5 млн. сомго килем алганы жатканы жарыяланып, кызуу талкуудан соң парламент ал сумманы 3 млн. сомго түшүргөн.

Мындан башка жаңы жылга утурлай “Манас” аэропорту 1,5 млн. сомго, ал эми “Мегаком” ишканасы 3 млн. сомго эмгек жамааты менен майрамдык шаан-шөкөт өткөрүүнү мерчемдеп жатканы да ачыкка чыккан. Бул да коомчулукта каршы пикирлерди жараткандыктан, мекемелер мамлекеттин эсебинен майрамдоодон баш тартууда.

XS
SM
MD
LG