Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Мамлекет акчасы ыксыз чачылууда


Эл аралык уюмдар Кыргызстанды коррупция терең тамыр өлкө катары баалап келишет
Эл аралык уюмдар Кыргызстанды коррупция терең тамыр өлкө катары баалап келишет

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун 2015-жылдагы чыгарган индекси боюнча Кыргызстан мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз, үнөмсүз пайдаланган 30 өлкөнүн бири катары аталды.

Эмне үчүн Кыргызстан өз акчасын сарамжал пайдалана албайт, анын негизги себеби бөлүштүрүүдөбү, сарптоодобу же көзөмөлгө алынбаганданбы, же коррупциялашкандын кесепетиби? Ушул жана башка суроолордун жандырмагын «Арай көз чарай» берүүбүздөн чечүүгө аракет кылдык.

Талкууга финансы министринин мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев жана «Түндүкэлектро» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Сапар Агымбаев катышты.

Арзыбек Кожошев: Бизде каалаган адам мамлекеттик акчалар кайда, канча жумшалып жатканын билип турушу керек, азырынча биздин жарандар аны менен толук тааныша албайт. Бирок бюджетти ачыктоо боюнча мамлекетте аракеттер болууда. Бюджетти кабыл алууда үч-төрт жылдан бери коомдук угуулар өтүп келатат. Финансы министрлигинде интернетте “ачык бюджет” деген сайт бар, анда маалыматтар ачык жарыяланып турат. Ошентсе да бюджеттин киреше, чыгаша булагынын аткарылышы боюнча бир топ маселелер бар. Быйылкы бюджеттин тартыштыгы 25 миллиард болушу олуттуу маселе, Кыргызстан эгемендүүлүк алганда бери ушундай көп суммага чыгып отурат.

Сапар Аргымбаев: Мисалы, мен убагында “Түндүкэлектродогу” акчаларды ыксыз коротуп жаткандары жөнүндө жасаган аракеттеримден майнап чыккан жок, өкмөткө ачык кат менен кайрылгандарыма, Эсеп палатасына жазгандарыма жооп да болгон жок. Парламетте оппозициялык фракцияга бюджеттин аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү укугу берилген эле. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында оппозициябыздын жыты болгон жок, мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштетүү боюнча иш болгон жок.

Арзыбек Кожошев: Парламет дайыма бюджеттин аткарылышы, мамлекеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу боюнча сын көз караш менен иштеш керек эле. Дагы бир маселе комитетте кирген депутттар каржы маселесинде компетенттүүбү, даярдыгы барбы, же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эле иштедиби, бул да өзүнчө суроо.

Сапар Аргымбаев: Коррупция менен күрөшүү саясатында, мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө жаатында анча деле натыйжа чыккан жок. Мисалы, Москва районунда бир объектиге 11 миллион сом мамлекеттин акчасы кеткен, азыр ал иштебей турат, ал үчүн бирөө жооп бериш керекпи?

XS
SM
MD
LG