Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Жаш балалуу майып эне жардамга муктаж


Айзада ымыркайы менен.
Айзада ымыркайы менен.

Учурда өлкөдө 150 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Алардын 55 пайызын аялдар түзөт. Алардын бири Айзада Кожобергенова коомчулук колдоосуна муктаж.

Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген аялдардын 0,1 гана пайызы жумуш менен камсыз болгон. Калганы мамлекеттен берилчү жөлөк пул менен жашайт. Кыргызстанда жөлөк пул майыптык тобуна жараша миң сомдон 3 миң сомго чейин берилет.

Майып аялдар арасында тагдырдын берген оор сыноосуна моюн сунбай турмушун оңдоп, үй-бүлө куруп, неберелүү болгондору да жок эмес. Укук коргоочулар майып аялдарга шарт түзүлбөгөнүн, толук кандуу медициналык жардам ала албай, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатышканын айтышат.

Айзада Кожобергенова 1-топтогу майып. Энеси кош бойлуу кезинде кырсыктап, Айзада тубаса шал оорусу менен төрөлгөн экен. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу. 38 жашында энелик бакытты сезип, Белек аттуу уулдуу болду. Азыр ымыркайы экөө Бишкектеги жаңы конуштардын биринде бир бөлмө батирде жашайт. Жалгыз болбой, жок дегенде төрөп алайын деген чечимге келген Айзада мындан бир жарым ай мурда эле көз жарыптыр. Бирок жолдошу баладан да, Айзададан да баш тартып кетип калган. Азыр эми Айзадага жашаган жерине жакын чиркөөдөгүлөр жардам берип, тамак-ашын алып берип турат экен. Курбу кызы, анча-мынча туугандары келип жардамдашып турбаса өз түйшүгүн өзү тартып, эптеп жашап атканын айтты. Башынан өткөргөнүн, өз тагдырын айтып ыйлаганын көргөндө жанына адам чыдап тура албайт.

Айзада уулу менен жардам күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

- Апам кош бойлуу кезинде жол кырсыгына кабылган. Ал да 2-топтогу майып. Бир туугандарым, балам да жакшы. Бирок “түндүгү бөлөктүн түйшүгү бөлөк” дегендей өзүмчө бөлүнүп чыгып кеткем. Апамдар кантип багасың деп төрөгөнүмө каршы болушкан. Анан бала багып алайын деп акчамды көтөрүп чуркап көрдүм, мага бербейт экен. Азыр 38 жаштамын. Өзүм үчүн төрөп алайын деп төрөп алгам. Ушинтип жашап атабыз. Мурда сиңдилеримдин балдарын баккам, көп деле кыйналган жокмун. Жоош болгон үчүн да кыйналбай атсам керек. Азыр мага үстүмө үй болсо эле болду эле, калганын эптеп тапмакмын.

Айзаданын жолдошу алты саны аман, өзүнөн алты жаш кичүү жигит экен. Алар былтыр жазында көчөдө таанышкан. Ал Айзадага жардам берип жүрүп баш кошуп, алты ай чогуу жашашкан экен.

- Жолдошум менден кичүү, 1982-жылкы болчу. Бир жолу маршруттук автобусту күтүп турсам такси менен жеткирип таанышып калганбыз. Анан мага анда-санда жардам берип жүрүп үйлөнүп калганбыз. Ал өзү жакшы эле бала болчу. Мени турган турпатым менен кабыл алган. Кайненем эле каршы болуп, эне да ал дагы... Бирок баласын көрө элек. Кечээ жакында досуна айттым. Баламды көптөрү мага окшоштурушат, бирок мен күйөөмө окшоштурам. Чиркөөдөн тамак-ашымды алып берип жардам берип турушту. Назгүл деген курбу кызым бар, ошол төрөгөнчө оорумду колдон, жеңилимди жерден алып аябай жардам берди. Мени төрөткөн врачтарга да рахмат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:15:24 0:00
Түз линк

Азыр эми бир айда алган үч миң сом жөлөк пулдун эки миңин жашаган батиринин акысы үчүн берет. Миң сомун баласына памперс алып, анча-мынча тамакка ашырып жашап атыптыр. Көптөн бери өкмөттөн үй сурап, баарынан эле баш тарткан жооп алганын айтат. Быйыл кыш келсе бала менен кантем деп мамлекет жетекчилеринен жардам сурап турган чагы.

- Каякка барам эми, кат жазсам деле баш тарткан жооп келет. Атамбаевге жете албай жатам, ага да кириш абдан кыйын экен. Мурда Отунбаевага да кайрылгам, Бакиев учурунда да жардам сурадым эле. Экономика министри Сариевге, айрым депутаттарга, Социалдык өнүктүрүү министрлигине да кайрылып көрдүм. Бул үйдө ноябрдан бери жашайм. Өзүм от жагып, суу ташый албайм. Ошондуктан мага көп кабаттуу үйдөн эле бир бөлмө берип коюшса жакшы болот эле. Былтыр кышында электр энергиясы көп өчтү. Үшүгөндө төшөккө оронуп жатып алчумун. Азыр бала менен кантем, оорутуп албаймынбы деп коркуп атам.

Дарыгерлер Айзаданын бутуна төрт жолу операция жасалышы керектигин айтышкан. Азыр биздин маектеш бир жарым айлык чүрпөсү менен бийлик жетекчилеринен жана колунан келген жарандардан жардам күтүп жаткан чагы.

XS
SM
MD
LG