Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

КСДП Баш мыйзам талкуусун "аягына чыгарды"


Конституция
Конституция

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу аягына чыкты. Эксперттик топ Конституциянын коомдук талкуудан кийинки соңку редакциясын бекитип, парламентке ушул аптада сунуштайт.

Бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 13-сентябрдан соң парламенттин кароосуна Конституциянын акыркы варианты сунушталаарын билдирди.

Ушул аптанын башынан тарта эксперттик топ Конституциянын коомдук талкуудан кийинки соңку редакциясын бекитип, парламентке сунуштайт. Эми Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү парламентте талкууланат.

- Эксперттик топ киргизилген өзгөртүүлөр боюнча анализин жыйынтыктап калды. 13-сентябрдан соң парламенттин кароосуна Конституциянын акыркы варианты сунушталат.

КСДП лидери Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу узартылбай турганын кошумчалады.

5-май Кыргызстанда Конституция күнү катары майрамдалат.
5-май Кыргызстанда Конституция күнү катары майрамдалат.

Ал эми айрым саясатчылар, укук коргоочулар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууга коомчулуктун басымдуу бөлүгү катышпай калганын сындашууда. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси башталгандан тарта жарандык активист, укук коргоочулар, саясатчылар Ош, Бишкек сыяктуу ири шаарларда гана тегерек столдо талкууларды өткөрүшкөн. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болуп келе жаткан "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов мындай деди:

- Жалпы эл коомдук талкууга катышкан жок. Коомдук талкуу дегенде юристтер, окумуштуулар, адисттер чогулуп талкуулашат. Бизде 5-6 киши эле өзгөртүү киргизиш керек деп эле таңуулап койду. Бул демилге башында мыйзамсыз башталган, анын артынан каталар улам кайталанып эле келе жатат.

- Эми талкууга өздөрү катышпаса эле талкуу болгон жок деп айта берген туура эмес. Бир ай сайтта илинип турду, бул талкуу эмеспи?
Иса Өмүркулов

“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиеванын пикиринде, Конституциянын өзгөртүлүүчү варианты менен коомчулуктун басымдуу бөлүгү тааныша алган жок. Парламенттеги Баш мыйзам боюнча демилгечи фракциялар жер-жерлерде чогулуш өткөрүшү керек эле дейт укук коргоочу:

- Сайтка илип койдук таанышып алгыла деди. Аймактардагы карапайым калк атайын сайтка кирип тааныша бербейт. Бардык жерде интернет жетиштүү эмес. Талкуу деген өзгөртүүлөр менен таанышуу эмес. Элден айтылган сунуш-пикирлерди кабыл алышы керек. Ошол демилгечилер жер-жерлерде 100-150дөн кем эмес адамдарды топтоп, чогулуш өткөрүшү керек эле.

Бирок демилгечилер мындай пикир менен макул эмес. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамды талкуулоого жетиштүү убакыт берилди деп эсептейт:

- Эми талкууга өздөрү катышпаса эле талкуу болгон жок деп айта берген туура эмес. Бир ай сайтта илинип турду, бул талкуу эмеспи? Азыр интернетти заманы. Бардыгы ачык айкын болду. Каалагандай талкууласа болот.

27-июлда президенттин сунушу менен парламенттеги КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана "Бир бол" фракцияларынын лидерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун өз ара макулдашып, ал коомдук талкууга коюлган. Баш мыйзамды өзгөртүүгө оппозициялык күчтөр, Убактылуу өкмөттүн бир катар мүчөлөрү каршы чыгып саясий тиреш күчөп турган учур.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG