Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жээнбековдун ЕАЭБди ойлондурган сунушу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн чек арасында үч баскычтуу көзөмөл киргизүүнү сунуш кылды.

Президенттин пикири коңшулаш Казакстандын бийлигинин «Кыргызстан чек арасында аткезчиликти тыйбай жатат» деген дооматына жооп болду окшойт. Чек аралардагы үч катар көзөмөл кандай болот жана ал реалдуубу?

Казакстанда өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жыйынында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын дарегине «бажы төлөмдөрүн жашырат» деген сын-пикирлер көп айтылып жатканын айтты. Жээнбеков кыргыз бийлиги биримдиктеги бажынын ачык-айкын болушуна кызыкчылыгы бар экенин айтып, көзөмөлдү күчөтүш үчүн мындай сунуш киргизди:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Биримдикке кирген өлкөлөрдүн жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнөн турган кызыкчылыгы бар тараптардын катышуусу менен «үч катар» бажы көзөмөлүн өткөрүүнү сунуш кылам. Биргелешкен көзөмөлдүн чыгарган жыйынтыктары жана чечимдери жалпы коомго ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө болгон дооматын жокко чыгармак».

Кыргыз президентинин мындай пикирин бир нече эл аралык маалымат каражаттары ЕАЭБдин саммитиндеги негизги жаңылыктардын бири катары жазып жатышат. Саммитте биримдиктеги чектеш өлкөлөрдөгү бажы маселесин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да көтөрдү. Токаевдин пикиринде ЕАЭБдин ичинде жалпы бажы системасын жөнгө салуу актуалдуу маселелердин бири бойдон калууда.

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

«Бул тармакты жөнгө салуу менен биздин жарандарды жана бизнести коргоого мүмкүнчүлүк түзө алабыз. Казына арбыныраак толо баштайт жана көмүскө экономиканын көлөмү азаят», - деди казак президенти.

Башка өлкөлөрдүн башчылары бажынын ачыктыгын арттырыш үчүн биргелешип иштөө зарыл экенин белгилешти.

Маалым болгондой, Казакстан Кыргызстанды «бажы тармагын талапка ылайык көзөмөлдөй албай жатат» деп сындап келет. Андыктан кыргыз президенти айтып жаткан катар-катар көзөмөлдөр ириде Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын ортосундагы чек араларга зарыл болуп тургандай.

Жергиликтүү эксперт, атайын кызматтагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамыткановдун пикиринде, чынында Кыргызстандын чек арасында биримдик талап кылгандай көзөмөл жок болуп жатат. Ал президент бажыдагы өткөрмө бекеттер ЕАЭБдин шартына туура келгиче үч баскычтуу көзөмөлдү сунуш кылганын ушуну менен байланыштырды:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«ЕАЭБдин талаптарына ылайык, бажы бекеттерин модернизациялоо деген электрондук видео көзөмөлдөр менен жабдуу. Ал ишке кирсе биримдиктеги бардык өлкө көрүп турат. Биз ага өткөнчө бир жарым жылдай убакыт бар деп ойлойм. Ошого чейин казак, орус мамлекеттери бизге ишенбей жатпайбы. Ошондуктан президент «анда келип текшергиле, баарыңар отургула» деп сунуш кылды».

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында ири жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны маал-маалы менен пайда болуп, кыргыз ишкерлери товар өткөрүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтып даттанып жүрүшөт. Муну казак тарап товарлардын документтерин катуу текшерип, бажыдагы аткезчиликти токтотуу чарасы катары көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок казактардын дооматына расмий Бишкек өз жүйөсүн келтирип, биримдиктеги өлкөлөр бири-бирине ыксыз текшерүүлөрү жок товар жүгүртүш керек экенин билдирген.

Эми бул маселени жоюш үчүн сунушталган үч баскычтуу көзөмөл ишке аша турган система боло алабы деген суроо келип чыкты. Албетте, техникалык жактан көзөмөлдү орнотууга болот. Бирок экономист Мейманбек Абдылдаев мындай ыкма бажыдагы аткезчиликти токтото алаарынан күмөн санап турат:

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

«Үчпү же төрт көзөмөлбү, баары бир пайда чыкпайт. Бири-бирине байланышкан үч өлкөдө тең коррупция бар. Казакстанда, Орусияда коррупция терең орун алган. Эми мамлекет башчылары эл көзүнө айтып коё берет. Мен үч баскычтуу көзөмөлдүн натыйжасын көрө албадым».

29-майда ЕАЭБдин беш жылдыгы Казакстандын борбору Нур-Султанда белгиленди. Анда биримдикке мүчө болгон өлкөлөр эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартиби, жалпы электр энергетикалык базарды түзүү жана ЕАЭБдин алкагында мындан аркы интеграция боюнча 23 документке кол коюшту.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG