Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Кыргызстанга доо койгондор көбөйдү


Кыргызстанды эл аралык сотко бергендердин арасында Жерүй кенин иштетмекчи болгон Казакстандын Мшыщк компаниясы да бар. (Сүрөттө: Жерүй алтын кениндеги курулуштар, Талас, 20-август, 2012)
Кыргызстанды эл аралык сотко бергендердин арасында Жерүй кенин иштетмекчи болгон Казакстандын Мшыщк компаниясы да бар. (Сүрөттө: Жерүй алтын кениндеги курулуштар, Талас, 20-август, 2012)

Кыргызстанга миллиондогон долларлык доо койгон чет элдик инвесторлор эл аралык соттордо утуп алууда.

Буга чейин эл аралык арбитражда үч сот иши боюнча кыргыз өкмөтү утулду. Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов Кыргызстан эл аралык соттордон утулуп калып, төлөй турган сумманын өлчөмү бир миллиард долларга барып калганын билдирди.

Бюджет жүгүн оорлоткон доо

Түштүк Кореянын ишкери, “Борбор азиялык корпорациянын” жетекчиси Ли Жон Бэк кыргыз өкмөтүн Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитражга берип, утуп алды. Түштүк кореялык ишкер Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги тарабынан ага 93 жылга ижарага берилген 18 гектар жер кайра тартылып алынганы боюнча доо койгон. Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы арбитраж кыргыз өкмөтүн түштүк кореялык ишкердин пайдасына 23 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Эми аталган сумманы кыргыз өкмөтү бюджеттен карап таап, төлөп берүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги кетирген кемчилик үчүн мамлекет казынасы зыянга учурай турганын белгиледи:

- Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги андагы компанияларга жерди алып коёбуз деп коркутуп-үркүтүп, дайыма басым кылып турган экен. Анан ошолордун бири кыргыз өкмөтүн сотко берип, олчойгон суммага утуп алып жатпайбы. Эми мына ошол эркин экономикалык аймактын кетирген кемчилиги үчүн келип чыккан чыгымды кыргыз өкмөтү салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөгөнү турат. Эмне үчүн соттон утулуп калган акчаны алар өздөрүнүн чөнтөгүнөн төлөбөй, мамлекетке зыян келтириш керек? Мына ушуга окшогон жагдайлардан улам эл аралык соттордон Кыргызстан бир миллиард доллар утулуп жатат. Муну төлөш мамлекет үчүн өтө эле оор. Биздин бюджет өзү эки жарым миллиард доллар болсо, анын жарымын эле мына ошол соттон утулган чыгымдарга кетиришибиз керекпи?

1997-жылы “Борбор Азиялык корпорациянын” жетекчиси Ли Жон Бэкке кыргыз өкмөтү Бишкек эркин экономикалык аймагынан 23 гектар жер тилкесин бөлүп берген. Анын анча чоң эмес тилкесине кореялык ишкер “Фламинго” деген балдардын оюн-зоок жайын жана банк курган. Жер тилкесинин калган бөлүгү ушул кезге чейин өздөштүрүлбөй келген. Мына ушуга байланыштуу 2012-жылы Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги иштетилбей келген 18 гектар жер тилкесин кайра өзүнө өткөзүп алган. Ал жетекчилик бул келишимди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн деп таап, аны жокко чыгарган. Муну түштүк кореялык компания инвестордун кызыкчылыгын тепселөө катары карап, эл аралык арбитражга кайрылган болчу.

Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Орозбек Нусувалиев Москвадагы соода-өнөр-жай палатасы бул ишти кароого акысы жок болчу деген ойдо:

- Бул келишим инвестициялык келишим эмес болчу. Ага кезинде мына ошол түштүк кореялык ишкер менен Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги эле кол койгон. Мына ошондуктан келишимдин шарттарында каралгандай келип чыккан чарбалык талаш-тартыштарды Кыргызстандын эле соода, өнөр-жай палатасынын алдындагы арбитраж карашы керек болчу. Москванын арбитраждык соту бул ишти караганга укугу жок болчу. Алар эгемен мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат. Мына ошондуктан биз ишти сот өңдүрүшүнө кабыл алуудагы мыйзамсыздыктар боюнча тиешелүү кайрылуу жолдодук. Болгон материалдар топтолуп бул ишти кароо учурда Кыргызстандын соода, өнөр-жай палатасынын алдындагы сотко жөнөтүлдү.

Кызыкчылыгын коргой албаган Кыргызстан

1997-жылы Бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү жайгашкан жер тилкеси Бишкек эркин экономикалык аймагына карап калган. Андан кийин аталган аймактан 23 гектар жер тилкесин алган түштүк кореялык инвестор келишим боюнча ал жакка көңүл ачуучу, маданий жана спорттук курулуштарды курууга милдеттендирилген болчу. Бирок балдардын “Фламинго” эс алуу жайынан жана жеке менчик банктын имаратынан башка ал жерге он алты жылдан бери эч нерсе курулган эмес.

Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Орозбек Нусувалиев учурунда аталган жер тилкеси Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы берилип кеткенин белгиледи:

- Бишкектин эң эле көрүнүктүү жана таза аба курчаган аймагындагы бул жер тилкеси Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген шартта узак мөөнөттөгү ижарага бекер эле берилип кеткен. Түштүк кореялык ишкер алган милдеттемелерин толук аткарган эмес. Анан мына ошол өздөштүрүлбөй турган 18 гектар жерди жана ЭКСПО борбордун имаратын өзүбүзгө өткөзүп алганбыз. Анткени келишимдин шарттары аткарылбаса, аны мамлекетке кайтарып алууга биздин толук укугубуз бар.


Түрк инвесторунун “түйшүгү”

Ошол эле кезде өткөн жылы кыргыз өкмөтү “Ак кеме” мейманканасы боюнча түркиялык Sistem Muhendislik компаниясынан утулуп калды. Аталган компания 2005-жылы кыргыз тарап ал кездеги “Пинара” деген аталыштагы мейманкананы күч менен тартып алганы боюнча эл аралык арбитражга кайрылган болчу.

Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасы
Бишкектеги "Ак кеме" мейманканасы
Түркинын компаниясы өзүнүн кыргыз өкмөтүнө койгон доосун 11 миллион долларга баалаган. Жыйынтыгында эл аралык арбитраж түркиялык компаниянын кызыкчылыгын канааттандырган. Ошондой эле эл аралык сот кыргыз өкмөтү аталган сумманы өз ыктыяры менен төлөбөгөндүктөн Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын камакка алуу чечимин чыгарган.

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жумада "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, доого жыгылган каражатты төлөөдө мамлекеттик казынага күч келип жатканын жашырган жок:

- Мына ошол 2005-жылдагы улутташтыруунун натыйжасында жакында эле биз мына ошол компанияга утулуп калдык. Доонун суммасы 11 миллион доллар. Соттук териштирүүлөргө кеткен 2 миллион доллар да бизге жүктөлүп отуруп, анын суммасы 13 миллионго барабар болду. Мына ошону төлөй албай, биз ал компания менен тынчтык келишимине келүүнүн жолдорун издеп жатабыз.

Ошондой эле канадалык “Stan energy” компаниясы “Куттуу-сай-2” сейрек кездешчү металл кенине болгон укугун жокко чыгаруу боюнча эл аралык сотко берген. Аталган компанияга кенди иштетүүгө укук берген лицензия инвестициялык макулдашуу аткарылган эмес деген негиз менен 2012-жылы өкмөт тарабынан алынган болчу. Бул иште кыргыз өкмөтү 117 миллион долларлык доого жыгылган. Бирок кыргыз тарабы аталган компания инвестициялык макулдашууну аткарбаганын далилдөө боюнча башка бир эл аралык арбитражга кайрылуу чечимин кабыл алган.

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов ошентип отуруп, учурда эл аралык соттордо жалпысынан кыргыз өкмөтүнө каршы тогуз доо иши бар экенин билдирди:

- Жалпысынан азыр бизге карата эл аралык соттордо бир миллиард долларга жакын бааланган доо бар. Ошондой эле ар кандай өлчөмдө бизге доо койгон 9 субъект менен соттошуп жатабыз. Тилеке каршы, ал эл аралык соттордон биринин артынан бирин уттуруп жатабыз. Биз өзүбүздүн чындыгыбызды далилдей албай, бирок ошол эле кезде соттордун чечимин көгөрүп эле аткарбай койсок, анда эл аралык коомчулуктан чыгып калышыбыз мүмкүн. Эл аралык коомчулуктан чыгуу деген сөз экономикалык алака-катыштын буулушу деген түшүнүк. Ошон үчүн бул татаал маселе.

Жерүй алтын кенинин талашы

10-декабрда Гаагадагы Эл аралык арбитраж Казакстандын Visor компаниясынын Жерүй кени боюнча арызын карай баштады. 2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдү иштеткен компаниянын акцияларынын 60 пайызы казакстандык Visor компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйөө менен анын лицензиясын жокко чыгарган болчу.

Жерүй алтын кени.
Жерүй алтын кени.
Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон. Буга чейин англиялык Oxus Gold компаниясы да Жерүй боюнча кыргыз өкмөтүнө 300 миллион долларлык доо койуп, бирок ал сот ишинин аягы тараптардын жарашуусу менен аяктаган болчу.

Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстарын пайдалануу башкармалыгынын башчысы Алмаз Алимбеков кыргыз өкмөтүнүн бул жолку сот ишине даярдыгы туурасында мына буларды билдирди:

- Бул чет элдик компания инвестициялык макулдашуунун шарттарын аткарган эмес. Ошон үчүн анын уруксатнаамеси алынып салынган. Бирок эми азыр ал компания инвестор катары укугу бузулганын айтып, доо коюуда. Доо өлчөмүн 400 миллион доллар деп баалаганы да кызык. Анткени “Visor” компаниясы мына ошол алтын кенди чалгындоого же иштетүүгө эч кандай каражат жумшаган эмес. Анан кантип мына ошончо суммада чыгым тарттык дегени түшүнүксүз. Биздин эл аралык соттогу аргументтерибиз күчтүү. Ошондуктан биздин кызыкчылыкты коргой турган чет элдик юридикалык компанияны жалдадык.

Ошол эле кезде Кыргызстанда буга чейин эл аралык арбитражда соттошуу тажрыйбасы жок болчу. Мына ошондуктан адистер мына ошол көп иштер боюнча Кыргызстандын утулуп жатышынын себептерин тажрыйбасыздык менен байланыштырышат. Мындан сырткары мурда чет элдик инветсорлор менен келишим түзүп жаткан учурда аларга укук жагынан көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген шарттар каралып калган дешет адистер.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев өкмөттүн эл аралык соттордон утулуп жатышын төмөндөүдөй себептер менен байланыштырды:

- Негизи мына ушул соттук териштирүүлөрдүн бардыгы жана андан уттуруп коюп жатканыбыз биздин тажрыйбасыздыктан болуп жатат. Себеби биринчиден, биз мурда эл аралык соттордо соттошуп көнгөн эмеспиз. Экинчиден, мына ошол инветсорлор менен келишим түзүп жатканда аларга ыңгайлуу шарттарды берип койгонбуз. Ошон үчүн алар мына ошол түзүлгөн келишимдердин шарттарына карата бизге доо койуп жатышат. Чынында башында биз мына ошол келишимдерди даярдоодо билбестиктен, же билип туруп атайын Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген шарттарга кол койгон өзүбүздүн аткаминерлерди жазалашыбыз керек болчу.

Банк тармагындагы Кыргызстандын утушу

Мындан сыркаткары айрым бир татаал иштерде эл аралык арбитраждан Кыргызстан утуп чыккан көрүнүштөр да бар. Жакында Азия универсал банкты улутташтыруу боюнча убактылуу өкмөттүн чечимине каршы банктын мурдагы кожоюндарынын бири Михаил Надель эл аралык сотко арызданган болчу. Доонун өлчөмү 480 миллион АКШ долларын түзгөн.

Бирок Дублиндеги эл аралык сот Наделдин арызын канааттандыруусуз калтырып, кыргыз өкмөтүнө карата сот ишин кыскарткан. Мына ушундай эле латвиялык ишкер Валерий Белокондун “Манас” банкына карата ээлигин калыбына келтирүү боюнча доо арызы эл аралык арбитраждын кароосунда турат. Жогоруда аталган эки банктын экөө тең 2010-жылы мурдагы президент Бакиевдин жакындарына таандык мүлк катары мамлекеттин пайдасына улутташтырылган.
XS
SM
MD
LG