Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Салык саясатындагы теңсиздик


Коллаж
Коллаж

Салык мыйзамын бузгандар кандай жоопкерчилик тартышы керек? Салыкка байланыштуу тандалма саясат жүрүп жатабы? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул маселе тууралуу кеп кылабыз.

Талкууга экомика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев, ишкер Уран Ниязалиев жана журналист Ыдырыс Исаков катышты.

“Азаттык”: Айылчы агай, Каржы полициясы Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык мүлктөн 24 млн. сом салык өндүргөнүн кабарлады. Бул фактыны кандай кабыл алып, кандай бааласак болот, же мындай окуялар салык тармагында кадыресе көрүнүшпү?

Айылчы Сарыбаев: Бул – Кыргызстандын салык саясатындагы, салыкты жыйноодогу коррупциялык көрүнүш, мамлекеттин чоң кемчилиги.

Мында “Матраимовдор салык төлөбөй коюптур” деп жалгыз ошого асылып жатышат. Кеп ал фамилияда эмес, көйгөйдүн башы ошол 24 миллионду көрбөй калган салыкчыларда. Ошол кирешелерди убагында санап, канча акча түшөт, канча түшпөйт деп эсепке албаганында.

Түшпөй калса мындай маселе жаралат деп убагында коңгуроо кагышкан эмес, тескерисинче, салыкты жашырууга көз жуумп, ага жардам беришкен.

Мындай фактылар көп десек болот. Коррупциялык иштердин баары ушул салыктан башталат. Өнүккөн өлкөлөрдүн ийгилиги салыктын төлөнүшүнүн деңгээлине жараша болот. Салыкты төлөбөй коюу аларда өтө оор кылмышка барабар.

“Азаттык”: Уран мырза, салыктан качуу же аны жашыруу, мыйзамдуу жолдорду айланып өтүү ишкердик чөйрөгө мүнөздүү көрүнүшпү?

Өкмөт “ишкерлердин баары патентке өтүп кетти” деп моюнга алып жатат. Эмне үчүн? Анткени “патент системасы” салыкты жашырганга аябай жакшы шарт түзөт.
Уран Ниязалиев.

Уран Ниязалиев: Сөздүн башындабиздин өкмөттө салык саясаты туруктуубу, салык кызматы казынага салыктардын түшүп турганына кызыкдарбы” деген суроо туулат.

Эгер кызыкдар болсо, алар ошого жараша иш алып барышы керек.

Чындап келгенде, Кыргызстандын салык саясатында, Салык кодексинде кемчиликтер көп. Ошондуктан салык тармагына чоң реформа керек деп ойлойм. Бир эле мисал айтайынчы, мындан 20 жыл мурда патент системасын киргизгенбиз. Азыр ошол система биздин салык саясатыбызды артка тартып жатат.

Өкмөт “ишкерлердин баары патентке өтүп кетти” деп моюнга алып жатат. Эмне үчүн? Анткени патент системасы салыкты жашырганга аябай жакшы шарт түзөт.

Мисалы, футболка чыгарган эки ишкана бар дейли. Бири 100 киши иштеген компания, салыктын баарын, соцфондду ж.б. салымдарды төлөйт. Экинчиси, патент алып, беш киши иштеген компания. Экөө бири-бирине атаандаш боло албайт. Анткени патент менен иштегендердин продукциясы, товары арзан, аныкы бат сатылат, киреше да көп түшөт. “Кыргызстанда өндүрүш өнүкпөй жатат” дейбиз, анын бирден бир себеби - бирдиктүү салык саясатынын жоктугу.

“Азаттык”: Ыдырыс мырза, сиз Ош шаарында ишкердин салыктарды жашыруу жана качуу фактылары боюнча журналисттик иликтөө жасадыңыз. Алар кандай жолдор, схемалар аркылуу салыктан качышат, аларга ким жардамдашат?

Ыдырыс Исаков: Мен оюмча Кыргызстанда салык тармагына тиешеси бар мамлекеттик институттар иштебейт.

Салык мамлекетке төлөнбөй калса, биринчи кезекте аны көрбөй калган, аны доолабаган салыкчы күнөөлүү болушу керек да. Экономикадагы салык чогултуу иши саясатташып кеткен.

Мисалы, Матраимовдун бир тууган иниси Каржы полициясында коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеген, бир агасы Жогорку Кеңеште депутат, эң негизгиси - алар президенттик шайлоодо азыркы бийликке каржылык колдоо көрсөткөн.

Анан ошондой адамдарга салык кызматынын жөнөкөй инспектору келип, “сиз ушундай салыкты төлөбөй жатасыз, ушунчаны жашырып коюпсуз” деп кантип даап айта алат? Эч ким айта албайт!

Бизде мамлекеттик органдар алсыз болуп жатпайбы. Ошентип кимдир бирөө салык төлөйт, экинчилери төлөбөй байып жатышат.

“Азаттык”: Айылчы агай, Матраимовдорго тиешелүү үч компаниядан эле 18 млн. сомдон ашык салык өндүрүлгөн. Салык убагында төлөнбөдү, убакыт өтүп кетти, кийин төктү дейли. Мыйзам боюнча жоопкерчиликтен ушундай жол менен эле кутулса болобу же башка чаралар барбы?

Салык жыйноодо “өз кишилер”, “өзгө кишилер” деп мамиле кылып жатабыз. “Мамлекеттик кызыкчылык” деген түшүнүк жок….
Айылчы Сарыбаев.

Айылчы Сарыбаев: Салык төлөбөй коюу же жашыруу – оор кылмыш. Америкада мафиянын башчысынын киши өлтүргөн, баңгизат саткан кылмыштарын далилдей албай коюшканда, “салык төлөбөгөнү үчүн” деп кесишкен.

Салык кызматын Финансы министрлигинен, бажыдан бөлүп койсок натыйжа болот дешти эле илгери. Эч кандай натыйжа болгон жок. Салык жыйноодо “өз кишилер”, “өзгө кишилер” деп мамиле кылып жатабыз. Бирөө салыктын бардык түрүн төлөйт, экинчиси, патент менен кутулуп кетет. “Мамлекеттик кызыкчылык” деген түшүнүк жок….

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүп, угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG