Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Өкмөт салык чогулта албай кыйналды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт жыл башынан бери 3,5 миллиард сом салык чогулбай калганын мойнуна алды. Салык кызматы топтолбой калган сумма мындан азыраак деп ишендирүүдө.

Бирок аталган мекеменин жетекчиси иштен кеткени, кызматкерлери үймө-үй кыдырып салык төгүүнү суранып жүргөнү күмөн ойлорду жаратты. Адистер бул жагдай өкмөттүн өзүн кызматтан кетүүгө мажбур кыларын эскертишүүдө.

Чогулбай калган салыктын эсеби

2019-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгын караган өкмөттүн кеңешмесинде салык маселесин экономика министри Санжар Муканбетов көтөрдү. Ал жалпы социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдү эсептеп, анын ичинде бюджетти толтуруунун өксүктөрүнө токтолду.

Санжар Муканбетов кеңешмеде
Санжар Муканбетов кеңешмеде

“Экономиканын өсүшүнүн оң динамикасын сактоонун алкагында салыктык кирешелердин түшүүсүнүн 3,5 миллиард сомго кыскарышын белгилеп кетүү абзел. Себеби, ачык эле көрүнүп турат - бул көмүскө экономикадагы салыктык жоготуулар. Анткени көмүскө экономиканын көлөмү расмий статистика боюнча 24%, эксперттердин ар кандай баалоосу боюнча 30% ашык. Акыркы жылдарда экономиканын бул секторунда салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүн болгон жок”, - деди ал.

Муканбетов салыктын азыраак чогулуп жатканына көмүскө экономикадан тышкары патент системасы себеп болуп жатканын мисалга тартты. Министр 1998-жылы Эл аралык валюта фондунун сунушу менен салык төлөөчүлөрдүн эсебин алуу үчүн кыска мөөнөткө кирген бул ыкма эскиргенин, аны этап-этап менен жоюу керектигин билдирди.

Анын артынан эле сөз алган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова салык чогултуунун азайышына бир эле Салык кызматы эмес акимдер, мэрлер да жоопкер экенин эске салды. Ал алты айдын жыйынтыгы менен жыйымдар Балыкчы шаарында 35 миллион сом, Ысык-Ата районунда 15 миллион сом, Ноокен районунда 27 миллион сом пландан аз чыкканын эскертип, жергиликтүү бийликтин жетекчилерин жооп берүүгө чакырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер-министрер Алтынай Өмүрбекова жана Замирбек Аскаров. 24-июлдагы кеңешме.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер-министрер Алтынай Өмүрбекова жана Замирбек Аскаров. 24-июлдагы кеңешме.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын башында жасаган жалпы билдирүүсүндө салык чогултууда кыйынчылыктар бар экенин моюнга алган. Министрдин жана вице-премьер-министрдин кебинен кийин өкмөт башчы дагы жалпылап сүйлөдү.

“Салык кызматынын жетекчиси Теңизбек Жусупбекович Абдыжапаров өзү берген арызына ылайык, кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кабыл Кушбакович келди. Бул киши студенттик мезгилинен, диплом алгандан бери салык тармагында келе жатат. Тажрыйбасын колдонуп, Салык кызматындагы көйгөйлөрдү чечет деп ойлойм. Азыр социалдык-экономикалык абалды карап жатабыз, август айында алты айдын бюджетин караган учурда планга чыкпаган айыл өкмөттөрдүн, район акимдеринин, салык бөлүмдөрүнүн башчыларынын жоопкерчилигин карашыбыз керек. Бюджетти аткаруу дегенде салыктан тышкары бажы, мамлекеттик ишканалардан, тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелердин баарына жооп бере турган жетекчилердин баарынын тең ишин тең кароо зарыл”, - деди Абылгазиев.

Эки-үч күн мурда Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абдыжапаров кызматтан бошотулуп, анын ордуна Кабыл Абдалиев дайындалган.

Кадрдык алмашуунун себебин премьер-министр ачык айтпаганы менен, буга салык чогултуунун азайганы себеп болгону соңку көрсөткүчтөрдөн кийин белгилүү болуп отурат.

Өкмөттүн кеңешмеси. 24-июль, 2019-жыл.
Өкмөттүн кеңешмеси. 24-июль, 2019-жыл.

​Жыйында чогулбай калган сумма жарыяланганы менен канча каражат топтолгону айтылган жок. Өкмөттүн аппараты кийин тараткан билдирүүдө мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 2019-жылдын январь-июнь айында 71,9 млрд. сомду же, белгиленген пландын 97,8% түзгөнү кабарланды.

Мунун ичинен Салык кызматынын салык кирешелери 36 млрд. сомду түзгөнү жана пландык көрсөткүчкө 4,5% жетпей калганы айтылды.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков топтолбой калган сумма экономика министри айткандан алда канча азыраак экенин кабарлады.

“Ал жерде Бажы кызматынан түшкөн төлөмдөр, салыктык эмес төлөмдөр кошулуп айтып жатса керек. Салыктын өзүн айтсак, алты айдын жыйынтыгында 38 миллиард 238 миллион сомдон жогору чогулттук. План 39 миллиард 755 миллион сом болчу. Ошондо 96,2% планды аткардык, башкача айтканда планга 1 миллиард 517 миллион сом гана жетпей калды. Калган сумманын чогултулбай калганына объективдүү жана субъективдүү себептер болду. Башкысы сезондуулук себеп болууда. Кышында, жайында иштебей, күзүндө иштеп калган ишканалар бар дегендей. Жылдын аягына барып бул баланс болушу керек”, - дейт Сазыков.

Топтолгон жана топтолбой калды деген салыктын көлөмүндөгү айырманы өкмөт өкүлдөрү өздөрү такташып алар, бирок биз жылдын биринчи жарымында бюджеттин бир капшыты толбой турганын көрө алдык.

“Бул өкмөттүн кетишине алып келет”

Арийне мындай көрүнүш жылдын башында эле байкала баштаган. Тагыраагы Финансы министрлиги 2019-жылдын алгачкы төрт айында 1,1 млрд. сомдон ашуун салыктар жана жыйымдар бюджетке түшпөй калганын билдирген. Мындан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып, салык чогулта албагандар жоопкерчиликке тартылышы керектигин эскерткен.

Мунун фонунда коомчулукта салыкчылар үймө-үй кыдырып салык төгүүнү суранып жүргөнү кабарланган. Оштогу жеке ишкер Мирбек Маматкасым уулу берегидей аракеттер дале уланып жатканын айтты.

Мирбек Маматкасым уулу
Мирбек Маматкасым уулу

“Мен жеке өзүм күбө болуп жатам, райондордо салык кызматкерлерин, айыл өкмөттөрдө иштеген адистерди айыл кыдыртып, же шаарга жөнөтүп, “туугандарыңарга салыкты төктүргүлө” деп жатышат. Машинесинин, үйүнүн, жеринин же башка нерселеринин салыктарын мөөнөтү келгиче эле төлөп койсун деп суранып жатышат. Ар бир кызматкер ондон адамды ошентип төлөтүүгө милденттендирилген экен. Мага да ошентип кайрылып келишти эле, боорум ооруп, салыктарымды алдын ала төктүм. Айыл өкмөттүн кызматкери менин автоунаамдын документин өзү алып барып, өзү төлөп, эсеп-дүмүрчөктүн көчүрмөсүн алып, мага рахмат айтып кетти. “Эмнеге мындай кылып атасыңар?” десек, “республикалык бюджет толбой калып, бизге ушундай буйрук берип жатат” дешти. “Алдын ала төлөнгөн менен бул жалпы жыйынтыкка таасир этпейт” го десек, “ал биздин ишибиз эмес” деп коюп иштеп жатышат”, - деди ишкер.

Мындай караганда кыргыз өкмөтү салык чогултууда былтыркы жылы да минус менен чыккан. 2018-жылы пландалган 81 млрд. 403 миллион сомдун ордуна 79 млрд. 583 миллион сом салык жыйналган. ​Башкача айтканда белгиленген план 1 млрд. 820 миллион сомго кем аткарылган. Бажы, мамлекеттик мүлктөр жана башкаларды кошуп санаганда былтыр бюджетке жалпы 6 млрд. сом чогултулбай калган.

2019-жылы болсо Салык кызматы жалпы 89 млрд. 52 миллион чогултуу планын койгон. Жалпы бюджеттин киреше бөлүгү быйыл 151 млрд. 762,4 миллион сом, чыгашасы 161 млрд. 913 миллион сомго барабар болот деп бекитилген.

Бирок жыл аяктабай жатып өкмөт пландалган чекке жетишинен күмөн жаралып калды. Жогорку Кеңештин депутаты, мурда Салык кызматын жетектеген Исхак Масалиев мындай жагдай өкмөттүн кызматтан кетишине алып келерин эскертти.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Мен жылдын үчүнчү айынан баштап өкмөттүн ишмердүүлүгү жетиштүү эмес, аткаруу бийлиги ишкерлерге тиешелүү шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере албай жатат деп айтып чыккам. Албетте буга кошул-ташыл Кой-Таштагы “ырчыбыз”, тополоң чыгарып жатканы да инвесторлорду үркүтүп, салык чогултууну артка тартты. Дүрбөлөң, чыр чыккандыктан “Дордой”, “Мадина” сыяктуу ири жайларда соода-сатык төмөндөп баратат. Демек ошол жерлерден акча түшпөй калды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жагдайлар да таасир берди. Бирок ушунун баарын жөнгө сала албаган өкмөт күздө кызматтан кетиши керек. Мен депутат катары ошону талап кылам. Анткени булар салык чогултулбай жатса бири-бирине сыйлык-грамота, алтын саат берип, төрдө олтургансып момоюп олтурганга өтүп алды”, - деди эл өкүлү.

24-июлдагы өкмөттүн жыйынында кемчиликтер менен бирге артыкчылыктар да айтылды. Анда 2019-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 232,6 млрд. сомду түзүп, 6,4% өскөнү жана өндүрүштүк ишканалар 127,5 млрд сомдук продукция чыгарып, 19,7% көбөйгөнү жетишкендик катары көрсөтүлдү.

Кеңешмеде ошондой эле чет элдик түз инвестициялардын келиши 1-кварталдын жыйынтыгы боюнча 177 млн. долларды түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9%га көбөйгөнү маалымдалды. Мындан сырткары алты айда 108 ишкана ишке кирип, 25,2 миң жумушчу орундары түзүлгөнү кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG