Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:12

Кыргызстанда салык жыйноо азайды


Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинин отчетуна ылайык, өткөн төрт айдын жыйынтыгы боюнча былтыркыга салыштырмалуу 1,1 млрд. сомдон ашуун киреше бюджетке түшпөй калган.

Буга Мамлекеттик бажы кызматынын жана салык органдарынын бажы төлөмү менен салыктарды чогултуу пландарын аткара албай калганы себеп болду.

Мамлекеттик салык кызматы бул ишкердик жай ыргакка түшүп калган кышкы сезондогу убактылуу көрсөткүч экенин жүйө келтирип, алты айдын жыйынтыгына карата абал оңолоруна ишендирүүгө аракет кылды.

Мамлекеттик бажы кызматы азырынча бул жагдайга карата комментарий бере элек.

Салык жыйноонун санаасы

Мамлекеттик бюджеттин негизги кирешеси салык жана бажы төлөмдөрүнөн турат. Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетуна караганда, 2019-жылдын төрт айында республикалык жана жергиликтүү бюджетке 47 млрд. 481 млн. сом жыйналган. Анын 35 млрд. 72 млн. сомун салыктар түзгөн.

Былтыркы жылдын алгачкы төрт айына салыштырганда, салыктар жана жыйымдар 1,1 млрд. сомго аз жыйналган. Муну эксперттер бюджеттин аткарылышы ачык жарыялана баштаган 2011-жылдан бери биринчи жолу кездешкен жагдай катары баалашууда. Мамлекеттик бажы кызматынын төлөмдөрү 1 млрд. 17 млн. сомго азайса, Мамлекеттик салык кызматы төрт айдагы салык чогултуу планын 76 млн. сомго аз аткарган.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков муну сезондук көрүнүш катары мүнөздөп, алты айдын жыйынтыгы боюнча абал оңолот деп ишендирүүгө аракет кылды:

«​Салык чогултуу маселесинде объективдүү жана субъективдүү себептер болот. Бул жерде жыл башында көптөгөн ишканалар кышкы сезондо жабылып, иштебей калып, жаздан баштап гана экономикалык жактан жанданат. Төрт айдын жыйынтыгы боюнча 76 млн. сомго салык аз чогултулганы менен май айын кошуп, беш айдын жыйынтыгын чыгарууда 42 млн. сомго өсүш башталды. Биз алдыдагы алты айдын жыйынтыгы боюнча жайкысын экономикалык жигердүүлүктүн жанданышы менен былтыркыга караганда салык чогултууда өсүш көрсөткүчтөрү жогору болот деген ойдобуз».

Ошол эле кезде өткөн төрт айда эле бажы төлөмдөрүн чогултуу планы азайганына Мамлекеттик бажы кызматы түшүндүрмө бере элек. Мекеменин басма сөз катчысы бул боюнча түшүндүрмө жакында жарыяланарын билдирди.

Саясий эрк менен каалоонун жетишсиздиги

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) 2018-жылдагы отчетунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деңгээли ички дүң өнүмдүн отуз пайызын түзөрү көрсөтүлгөн.

Салык чогултуунун натыйжасыздыгын коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков өлкөнүн жетекчилигиндеги саясий эрктин жана каалоонун жоктугу менен байланыштырды:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«​Салык чогултуунун абалы начар экени биздин өкмөттүн деңгээлин көргөзүп турат. Анын казынаны толтура албай, салыкты топтой албай жатканын башкача кантип түшүндүрөбүз? Өкмөттөгү жетекчилерде салык алууну ачык кылып, көлөмүн көбөйтүү тууралуу ооз жүзүндө айтканы менен чын ниетинде андай нерсе жок. Болбосо коңшулардын мисалында фискалдаштыруу саясатын ишке ашыруу анчалык кыйын деле иш эмес. Көзөмөлдү орнотуп, электрондоштуруп, ачык-айкын кылып койсо эле көмүскө экономиканын үлүшү азайып, бюджетке ири киреше түшө баштамак. Парламент болсо ири салык төлөөчү компанияларды кошумча нарк салыгынан бошотуп койбодубу. Ал компаниялардын кожоюндары болсо парламентте депутат болуп отурушат».

Төрт айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин аткарылышын караган Финансы министрлигинин отчетунда салык чогултуу планы дээрлик жети пайызга аткарылбай калганы көрсөтүлгөн. Мындай жагдайда өкмөт азыр ишкер чөйрөдөн колдоо издеп жатканы белгилүү болду.

Ар кайсы тармакта иштеген ишкерлер салык жана бажы органдары алардан алдын-ала алдыдагы айлар үчүн салыктарды төлөөнү суранып, кайрылып жатышканын «Азаттыкка» билдиришти. Бирок сурамжылоо учурунда мындай өтүнүчтөр ири салык төлөөчүлөргө карата гана болгону ырасталды. Анткен менен Мамлекеттик салык кызматы салыкты алдын-ала төлөө мажбурлоо жолу менен эмес, ишкерлердин ыктыяры менен жүрө турганын белгиледи.

Өкмөттүн демилгесине тоскоолдук

Буга чейин аткаруу бийлиги көмүскө экономиканын көлөмү 40 пайыздан ашканын моюнга алган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдан тартып фискалдаштыруу саясаты ишке кирет деп убада берген. Бирок азырынча анын таасири байкала элек.

Парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү Элвира Сурабалдиева өкмөт фискалдаштырууга ынтызар болгону менен ага карата каршылык чоң экенин белгиледи:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«​Премьер-министрдин фискалдаштырууну киргизүү ниети бар. Бирок биздеги эң эле бай, акчалуу деген орто жана ири ишкердиктин кожоюндары болгон саясий күчтөр ага каршылык кылып, жолтоо болушат. Саясий карама-каршылыктын айынан бул долбоор толук ишке ашпай турат. Өкмөт башчысы аны ишке ашырып, артынан бир из калтыруу ниети бар экенин байкадым. Антпесе базарларда соода кылгандар менен кожоюндары акчалуу саясатчылар болгон соода борборлорунун ортосундагы салык төлөө шарттарын карасаңар таң каласыңар. Базарда иштеген майда соодагерлерден калтырбай салык алышат. Ал эми соода борборлорунда канча соода жайлары бар экени ушул күнгө чейин белгисиз экен. Демек, бул жерде салык жашыруу бар».

Өкмөттүн басма сөз кызматы төрт айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгү толук аткарылбай калган жагдай териштирилип жатканын билдирди. Эркин экономисттер салыктын планы толбой жатышын ири компаниялардын салыктан качканы жана аларды бийликтин жогорку эшелондору калкалаган жагдай менен байланыштырышты.

Ошол эле кезде талдоочулар салыктардын азайышын мыйзамдуу бизнести соода-сатыктан кысып, салык төлөнбөгөн импорттук товарларды арзан баада саткан көмүскө ишкердиктин күчөшү менен түшүндүрүшүүдө. Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ аймагынан бажы көзөмөлү жок товар ташыган ири компаниялар кошумча нарк салыгын төлөөдөн качкан көрүнүштөр бар экенин ырастады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG