Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:21

Казынага сокку урган аткезчилик


Токмок.

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик жол менен ташуудан Кыргызстандын бюджети жылына 5 млрд. сомдон ашуун жоготуп жатканын айтып чыкты.

Казакстан жылына 100 миң тоннадан ашуун А92 үлгүсүндөгү бензинди Кыргызстанга экспорттук төлөмү жок сатуу тууралуу былтыр сунуштаган. Анын негизинде даярдалган документтин соңу эмне болгону тууралуу өкмөттүн чечими беймаалым. Эксперттер мындай кошкөңүл мамиле Орусия менен май сатып алуу боюнча туруктуу келишимди бузуп албоо аргасы катары бааланууда.

Күйүүчү майдын көмүскө агымы

УКМКнын экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамытканов Токмоктон Бишкекке чейинки жолдо аткезчилик менен Казакстандан ташылган күйүүчү май сатылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, аткезчилик менен келген күйүүчү майдын наркы май куюучу станциялардагы бензиндин баасынан он сомго арзан. Анын жеке иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген күйүүчү майдын көлөмү жылына болжол менен 1 млрд. литрден ашат.

Анын ар литринен 4 сомдон салык түшпөй жатканын айткан Максат Маматканов мамлекеттик бюджет аткезчилик менен кирген күйүүчү майдын айынан жылына 5 млрд. сомдон ашуун жоготуп жатканын белгиледи:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

"Күйүүчү майдын аткезчилиги боюнча маселе биринчи орунга чыгып жатат. Ошондуктан көмүскө ташылып келген бензинди Бажы кызматы текшерип жатабы? Бул Казакстандын арзан бензини канча көлөмдө жана кандай жолдор менен алынып келет? Кантип сатылып жатат? Мына ошонун айынан канча салык түшпөй калды? Бул суроолордун баарына жооп издеп, аны иликтеп чыгып, укуктук баа берүү керек. Азыр Казакстандан арзан баада ар кандай жолдор менен ташып чыгарып алып, бензинди кайра кымбат баада сатып жаткандар бар".

Кыргызстандын мунай затына болгон жылдык керектөөсү 1,1 млн. тоннадан ашуун. Анын ичинен Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы күйүүчү-майлоочу майдын көмүскө жүгүртүүсүнүн үлүшү 25% түзгөн. Ошондо ар бир төртүнчү литр бензин же дизель мыйзамсыз жол менен ташылып, салык алынбай келген.

Казакстандан бензинди расмий ташуунун кечеңдеши

Казакстан былтыр жылына 100 миң тоннадан ашуун А92 үлгүсүндөгү бензинди Кыргызстанга экспорттук төлөмү жок сатууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кыргыз өкмөтү буга байланыштуу макулдашууну эмнеге кечеңдетип жатканына кызыккан эле:

"Былтыр күзүндө эле "Казмунайгаздын" жетекчилиги жылына 400 миң тоннадан ашуун күйүүчү майды сыртка Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга сатуу планы бар экенин айткан. Ал жактан бензин алынып келсе, анда анын баасы бизде дагы арзандамак. Бирок мына азыр жарым жылдан ашуун убакыт өтсө да бул боюнча эч кандай жылыш жок. Өкмөт эмнеге бул ишти кечеңдетип, өз учурунда чечпей жатат?".

Ошол эле кезде экономика министри Олег Панкратов төлөмү жок күйүүчү майды ташуу боюнча казак тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Олег Панкратов макулдашуунун долбоору иштелип чыгып, кол коюуга даяр болуп калганын билдирген:

"Сүйлөшүүлөрдө күйүүчү май ташуу боюнча макулдашуунун долбоорун биргеликте иштеп чыгуу жагы чечилген. Анда бир эле түрдөгү күйүүчү майдын үлгүсүн 100 миң тоннага чейин Кыргызстанга экспорттоо боюнча маселе каралган. Премьер-министрлердин деңгээлинде мына ушундай макулдашуу болгон. Андан кийин Өнөр-жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке тиешелүү макулдашууну иштеп чыгып, кол коюуга даярдоо тапшырмасы берилген. Азыркы учурда бул долбоор өз ара макулдашуу этабында турат".

Бирок экономика министринин бул билдирүүсүнөн эки айдан ашуун убакыт өтсө да Казакстандан расмий түрдө күйүүчү май ташып келүүнүн шарттарын караган макулдашуу бекитилбей турат. Документтин бекитилбей кармалып жатышынын себебин өкмөт түшүндүрө элек.

Чыныгы себептер

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева казак тарап менен макулдашуунун жоктугу аткезчиликти күчөтүп жатат деген пикирде:

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

"Мен кийин сураштырып көрсөм, бул абдан оор саясий маселеге барып такалып жаткан экен. Сөздүн ачыгын айтсак, Орусиянын "Газпром" компаниясы менен келишимде туруктуу макулдашуу шарттары бар турбайбы. Ал жерде кепилдик шарттары киргизилген. Азыр биздин өкмөт ошол келишимди бузуп алып, анан күйүүчү майды кепилдиги менен ташуу болбой калса, Орусиядан же Казакстандан бензин келбей калышы мүмкүн. Менин оюмча, эки тарап менен тең келишим түзүп алсак жакшы болмок. Анткени Казакстандын бензини Орусиянын бензинине караганда бир топ арзан. Анан азыр ансыз деле мына ошол бензин аткезчилик жол менен бизге келип жатат. Бир айырмасы андан салык түшпөйт".

Экономикалык талдоочу Максат Маматкановдун жеке иликтөөсүнө караганда Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылган күйүүчү майды ачыкка чыгаруудан мамлекеттик бюджет жыл сайын 70 млн. доллардан ашуун кошумча киреше алмак. Соңку жылдары Кыргызстанга күйүүчү май негизинен Орусиядан гана ташылып калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (28)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG