Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Дыйкандар: Жаздын бир сааты да кымбат


Ушул тапта жазгы айдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Дыйкандар үрөн, күйүүчү май маселеси курч бойдон калып жатканын айтышууда.

Жазгы айдоо иштеринин жүрүшү "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууга алынды. Талкууга айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана адис Жамин Акималиев катышты

“Азаттык”: Жаз ортолоп калды, талаа иштеринин абалы кандай болуп атат?

Жаныбеков: Жалпы Кыргызстан боюнча жазгы талаа иштери бардык облустарда кеч башталды, себеби кар көп түштү, кыш узакка созулду. Бүгүнкү күндө республика боюнча пландаштырылган айдоо аянтынын 35% айдалып, аяктап калды. Азыр мен Баткенге ушул жазгы айдоо иштери менен таанышуу, үрөн, күйүүчү май менен камсыздоо жана башка жазгы талаа иштеринин жүрүшүнө байланыштуу чыгып жаткан маселелерди жеринде чечип, дыйкандарга жардам берүү үчүн келген элем.

“Азаттык”: Баткендик дыйкандар жер айдоо кыйын болуп атканын, тракторлор 1 сотик жерди 80 сомго айдап атышканын айтышууда. Мындан тышкары алыскы айылдарда күйүүчү майдын литри 50 сомго чыкканы кабарланып атат. Минте берсе карапайым эл талаасын иштете албай калбайбы?

Жаныбеков: Кечээ Баткен облусунун губернатору жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып чыктык. Иш жакшы уюштурулуптур. Кыска убакыттын ичинде Баткенде 20 миң гектар жер айдалганы белгилеп коюуга татырлык. Өкмөт тарабынан жазгы талаа иштерине бөлүнгөн 160 тонна күйүүчү май толугу менен алып келинген, андан тышкары дагы он беш тоннаны Лейлек районуна бердик. Ошондой эле 39 тонна буудай үрөнү, 31 тонна арпа үрөнү Баткенге бөлүнүп берилген.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Айыл чарба министри бир топ маалымат берди, ага таянсак жазгы талаа иштери ийгиликтүү жүрүп аткан экен. Сиз адис катары кандай баа бере аласыз, азыр жүрүп жаткан талаа иштеринин кандай мүчүлүштүктөрү бар?

Акималиев: Быйыл абдан кыйын болуп калды, жазгы айдоо иштери 25 күн кечигип башталды, анын үстүнө шалаакылык аябай көп болду. Элдин какшап айтканы жеткенби, мурунку күнү өкмөт башчы жыйналыш өткөрүп, чоң тапшырмаларды берди.

Атайын штаб түзүлдү, бирок штабдын башчысы Аалы Карашев бул жерде отуруп алып, селектордук жыйын өткөрбөй, жер-жерлерге барып, күнү-түнү иш алып барышы керек эле. Анткени мөөнөт өтүп баратат, азыр жаздын бир күнү эмес, бир сааты кымбат. Жер кургап баратат, ошондуктан, жергиликтүү бийлик ээлери да дыйкандарга кош колдоп жардам бериши керек. Антпесек күзүндө катаал азык-түлүк коопсуздугу түзүлүшү мүмкүн.

“Азаттык”: Айыл, суу чарба министрлигинин алдында техникалар барбы? Мурда “Айылтехсервис” деген мекемелер болчу эле?

Жаныбеков: Туура суроо, жүйөлүү. Бирок бул айтылган мекемелер болгон, кийинчерээк алар менчиктештирилип кеткен. Министрликтин алдында “Техинспекция” деген бөлүм бар, бирок анда трактор-комбайндар жок. Биз азыр министрликтин аракети менен лизинг компания түзүүгө аракеттенип жатабыз.

Мен кечээ Бишкектеги “Автомаш-радиатор” деген заводго бардым, ал жерде Беларустан чыккан тракторлор, Украинадан чыккан жер иштетүүчү шаймандардын баары турат. Мен ал мекеменин жетекчиси менен макулдаштым, алар дыйкандарга керек болгон техникаларды Кыргызстанга алып келип, көрсөтмө жасай турган болуп сүйлөштүк.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG