Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Бюджеттин багы ачылбай жатат


Кыргызстандын бюджетинин бүгүнкү абалы кандай? Экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы механизми иштеп кетеби?

“Арай көз чарай” талкуусуна каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ак жол” фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов катышты.

“Азаттык”: Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов кечээ жыйында өкмөт экономиканы өнүктүрүү механизмин ишке киргизгенин, бюджеттин киреше бөлүгү 14 млрд. сомго жеткенин айтты. Улукбек мырза, кошула аласызбы?

Ормонов: Кыргызда "жөжөнү күзүндө санайбыз" деген жакшы сөз бар. Менимче ушул өкмөттү жылдын аягына чейин иштетип, отчетун угуп, анан кетирсе болмок. Кечээги жыйында “бизди иштетпей койдуңар, аябай катырмакпыз” дегендей айтышты. Экономикалык абал азыр өтө оор. Кышка даярдык жокко эсе, кыштан кандай чыгарыбыз туюк, бул жаңы келүүчү өкмөттөн көз каранды болот.

“Азаттык”: Улукбек мырза, бюджеттеги 23 млрд. сом таңсыктык - ИДПнын 7,4% түзөт. Министр мырза өзү да кечээ бул бюджет таңсыктыгынын чегинен ашып түшкөнүн мойнуна алды. Өлкөнүн экономикасын ушуга чейин жеткирбөөгө өкмөттө мүмкүнчүлүк бар беле?

Ормонов: Убагында биз 13 млрд. сом таңсыктык менен бюджетти кабыл алганда азыр бийликте отургандар “бул кылмыш, мындай бюджет кабыл алгандардын баарын жоопко тартыш керек” деп чуу салып чыгышкан. Мына азыр 23 млрд. сом таңсыктык менен кабыл алып жатабыз, бирок эч ким унчукпайт. Таңсыктыктын чоң болушунун өзү эле күзгө барып биздин экономикабыз өтө оор болорун көрсөтүп турган.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Акылбек мырза, быйылкы мамлекеттик бюджеттин 23 млрд. сом дефицити сырттан келүүчү каражаттар менен жабылат деп айттыңыз. Булар кайсы акча экенин билсек болобу?

Жапаров: Быйыл биз “Датка-Кемин” деген чоң долбоорду ишке ашыра баштадык. 380 млн. долларлык насыя алдык, бул дагы чыгашаны көбөйттү. Мындан тышкары Түркиядан 100 млн. доллар алып, өнүгүү жолуна жумшап жатабыз. Биз салыктардын баарын пенсия менен жөлөк пулга, салык эместердин баарын “корголбогон берене” дегендерге жумшап, ал эми сырттан келген акчанын баарын жалаң өнүгүү жолуна салып атабыз. Ушул жол менен бара берсек кийинки жылы экономикабыз оңолот.

Ормонов: Сырттан келген акча өнүгүүгө жумшалган жок деп каяша кылат элем. Себеби Түркиядан келген насыянын баары өнүгүү жолуна эмес, жалаң жыртык-жамакты жөндөөгө кетип атат. Өнүгүү жолу деген бир жаңы өндүрүш же элге жумуш берүүчү ишкана ачылганда болот. Экинчиден, азыркы парламент мага беш баштуу ажыдаарды элестетет. Элди ойлобойт, мамлекеттик кызыкчылык жок. Өздөрүнүн, партиясынын кызыкчылыктарын элден өйдө коюп калышты.

“Азаттык”: Кышында азык-түлүк, энергетика тартыштыгы болобу? Мына кечээ эле "Кыргызгаздын" башчысы Тургунбек Кулмурзаев өзү жетектеген ишкана "Өзбекстандын ТрансГаз” ишканасына $200 миң, "КазТрансГаз" - $1,2 млн. карыз экенин айтпадыбы. Эгер казынада акча болбосо, кышында көгүлтүр отсуз калбайбызбы?

Жапаров: Кышка даярдык тууралуу өкмөттө карала элек. Бирок сиздерге кошулам, Электр станциялары Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алуусу керек эле. Алар тендерди төрт жолу жокко чыгарышты. Анткени биз тендерди ачык өтсүн деп, интернетке жайгаштырып койсок улам бузуп атышат.

“Азаттык”: Мамлекеттик казынада акча жок деп бюджеттик кызматкерлерге айлык акы берилбей жатканы тууралуу даттануулар бар. Мунун чындыгы канчалык?

Жапаров: Бизден түздөн-түз каржыланган 4800 мекеме бар, аларга айлык акы убагында эле берилип атат. Эгер жетекчилери, бухгалтерлери убагында акчасын тарата албай аткан болсо, мага кайрылышсын. Мен түшкө чейин оңдойм.

Жылдын аягына чейин акча бар, пенсия, жөлөк пул, айлык убагында берилет. Бирок бүгүнкү күнү бир иштеген кишиге эки пенсионер, эки жөлөк пул алуучу жана бюджетте иштеген эки киши туура келет. Экономикадагы мындай жат көрүнүштөрдү оңдобосок, кийинки жылы абалыбыз аябай оор болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG