Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Реформа: кызыкчылыктар кагылышууда


Кыргыз өкмөтү тартип коргоо кызматтарынын коррупцияга каршы күрөштөгү милдеттерин так аныктоону максат кылууда.
Кыргыз өкмөтү тартип коргоо кызматтарынын коррупцияга каршы күрөштөгү милдеттерин так аныктоону максат кылууда.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы менен Каржы полициясынын кызыкчылыктары төп келбей жатат.

Бул тууралуу УКМК төрагасы Шамил Атаханов шаршемби күнү өкмөт жыйынында билдирди.


Кимиси эмнени текшерет?

Коопсуздук комитети эмне иш кылат, Ички иштер министрлиги эмне иш кылат, Каржы полициясы эмне кылат – эл билиши керек. Текшерүүчү бул же тигил органды текшерүүгө укугу барбы-жокпу так билиши керек. Өмүрбек Бабанов

Кыргыз өкмөтү 2009-жылдын октябрында түзүлгөн Каржы полициясын түп-тамырынан бери реформалоону, тартип коргоо кызматтарынын экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөштөгү милдеттерин так аныктоону максат кылууда. Бул кызмат өңчөй экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүп, президенттин көзөмөлүндө турчу.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов шаршемби күнкү өкмөт жыйынында “Коопсуздук комитети эмне иш кылат, Ички иштер министрлиги эмне иш кылат, Каржы полициясы эмне кылат – эл билиши керек. Текшерүүчү бул же тигил органды текшерүүгө укугу барбы-жокпу так билиши керек”, - деди.

Божомолдорго караганда, Каржы полициясын өкмөт ишкер чөйрөдөгү экономикалык кылмыштарды иликтеген жападан-жалгыз орган кылгысы келип жатат, бул тармакка башка тартип коргоо кызматтары кирише албайт.

Ошол эле учурда президент былтыр 14-декабрда түзгөн Антикоррупциялык кызматтын ишмердиги жаңы мыйзам аркылуу аныкталмакчы. Мыйзам долбоорун сунуштоо укугу президентте жок болгондуктан, Коопсуздук комитети долбоорду өкмөттүн атынан Жогорку Кеңешке берүүнү макулдашууда. Ага жараша аталган кызматтын так милдеттери тууралуу маалыматтар таратыла элек. Буга чейинки маалыматтарга караганда, уюм кызматтык кылмыштарга каршы күрөшөт.

Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков бул эки орган бири-бирин көзөмөлдөп турууга аргасыз дейт:

- Өкмөт коррупцияга каршы бир кызмат болсо деп атат. Негизинен ошондой болуш керек. Каржы полициясына бериш керек. Бирок алар кээ бир учурда жаап-жашырууларга барбашы үчүн атаандаштык кызматтары болушу керек. Мисалы, ошол эле Коопсуздук комитетинде ачылган коррупцияга каршы күрөш кызматы мыйзам бузууларды таап чыкса жакшы. Булар эми тергешпейт, баары бир каржы полициясына же прокуратурага берет.


Койчу көп болсо...

Аталган органдарды түзүүнүн ордуна мамлекет Башкы прокуратурадан, Коопсуздук комитетинен, ИИМден экономикалык, кызматтык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылыш керек болчу. Сапар Орозбаков

Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшөбүз деп жаткан бул органдар милдеттерин тактап албаса коррупция ого бетер күчөп кетиши мүмкүн деп болжоду Антикоррупциялык ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова:

- Ар бир тартип коргоо органдарында коррупцияны көзөмөлдөгөн түзүмдөр бар. Кайра эле толугу менен кайталоо болуп атат. Андай болбош үчүн Башкы прокуратурадан, ИИМден ошол көзөмөлдөөчү түзүмдөрдүн бардыгын алыш керек. Андай болбойт. Себеби антикоррупциялык кызмат президенттин астында болуп атат. Президенттин карамагындагы түзүмдөр мыйзам иштеп чыгуу укугуна ээ эмес. Мамлекеттик органдарга буйрук бере албайт. Буйрукту өкмөт гана бере алат.

Нурипа Муканованын баамында, бул эки мекеменин ишмердиги конкреттүү кадамдардан көз каранды. Президент Алмазбек Атамбаев кызматты түзүү аркылуу коррупциячыларга чакырык таштады, эми көзөмөлдү күчөтүп, кийинки кадамды жасаш керек дейт адис:

- Бийликтин жогорку тепкичиндеги кишилерди конкреттүү жазалай алса президент түзгөн Коррупцияга каршы күрөш кызматы саясий эркин көрсөтө алат.

Ошол эле мезгилде айрым адистер кошумча түзүмдөр кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөөрүнө дегеле ишенишпейт. Экономикалык талдоочу Сапар Орозбаковдун пикиринде, аталган органдарды түзүүнүн ордуна мамлекет Башкы прокуратурадан, Коопсуздук комитетинен, ИИМден экономикалык, кызматтык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылыш керек болчу.

Кыргызстанда ар бир жаңы келген мамлекет башчы тарабынан коррупцияга каршы бийик деңгээлдеги ар кандай аталыштагы уюмдар түзүлүп келатат. Талдоочулар өз кезегинде улам бир уюм түзгөндөн экономикалык, кызматтык кылмыштар азайбастыгын далилге тартып жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG