Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Кыргызстан коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарында


Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Мындай тыянак Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында чыгарылган.

Байкоочулардын пикиринде, Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдары өтө коррупциялашкан тармактар деп эсептелет.

Эл аралык Transparency International уюму иликтеген 182 өлкөнүн ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 164-орунду ээлеген. Бул Гвинея, Йемен жана Камбоджа өлкөлөрү менен бир тепкичте турат дегенди билдирет.

Жергиликтүү талдоочулар эл аралык уюмдун жаңы баяндамасындагы Кыргызстанга берген баасында негиз бар деп эсептешет. Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиев коррупциянын жогору болуп жатышынын себебин, мамлекеттик мекемелердин жеке секторго ашыкча кийлигишип алганынан улам деп эсептейт:

- Мамлекеттик органдарды кыскартыш керек. Толгон-токой кагаздарды толтуруп кереги жок. Мисалы, бизнес же иш ачкың келсе, укмуш көп кагаздарды даярдап келиш керек экен. Аларды даярдагандан кийин да “силердики бул жери, тигил жери туура эмес” деп, ар кандай себептерди таба беришет. Эгер ошолор жок болгондо алар эч нерсе сурай алмак эмес.

Коррупциялык аракеттерге мамлекеттик жогорку жетекчилер өздөрү аралашкан же паракорлорду калкалаган учурлар арбын экени белгиленип келет.

Укук коргоочу, “Прецедент” шериктештик тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов өкмөттүн бардык кыймыл аракеттери ачык-айкын жана түшүнүктүү болгондо гана жемкорлук азаят деген ойдо:

- Өкмөт ачык-айкын болуш керек. Өкмөттүн чечимдери, бюджет, бюджеттин аткарылышы ачык болуш керек. Эгер андай болбосо уурулук улана берет.

Өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармактар деп сот, прокуратура жана милиция органдары экени белгиленип жүрөт. Байкоочулардын айтымында, 2010-жылы ыңкылап аркылуу келген бийлик да сот реформасын жүргүзүү боюнча көптөгөн убадаларды берип, бирок аны аткара алган жок.

Кызматын жаңы гана тапшырган экс-президент Роза Отунбаева да сот тармагын реформалоого жетише албай кетип баратканын 29-ноябрда журналисттер менен жолугушууда билдирген.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда ант берүү аземи учурунда сүйлөп жатып, коррупцияга байланыштуу буларды билдирди:

- Кийинки кадамыбыз – элибиздин башында кара булут болуп турган коррупция менен күрөшүү. Бизди ичибизден курутуп жаткан бул кесепетти азыртадан жойбосок, келечегибиз күмөн. Ошондуктан мен бул күрөштө өлкө башчысынын укуктарын толук бойдон колдоном. Сот болобу, депутат же министр болобу – мыйзам алдында баарыбыз бирдей жооптуубуз.

Элдин да аң-сезими өзгөрүшү керек

Башкы прокуратуранын билдиргенине караганда, 2011-жылдын 9 айында коррупциялык аракеттер боюнча 453 кылмыш иши козголгон. Бирок укук коргоочу Нурбек Токтакунов жемкорлук азайышы үчүн жарандардын да аң-сезими өзгөрүшү керектигин белгиледи.

- Коррупция деген алгандан болбойт да, бергенден болот. Эл бере берсе, бийлик ала берет. Ошон үчүн эл бербеш керек. Мисалы, биздин тууганыбыз чоң болуп калса, баарыбыз тегеректеп жүрөбүз, бизге да пайдасы тийсе экен деп. Бир анекдот бар: "“кыргызчылык” орусча кантип которулат” десе, "“коррупция" болуп которулат” деп жооп берген экен.

Transparency International уюмунун баяндамасында Орусия, Беларус жана Азербайжан 143-орунду, Украина менен Тажикстан андан төмөнкү орундарды ээлеген. Ал эми Казакстан салыштырмалуу жемкорлук аз деп, 120-орунду алган.

Өтө коррупциялашкан Борбор Азия өлкөлөрдүн катарын Өзбекстан менен Түркмөнстан түзөт, алар 177-орунда турушат. Андан кийинки жана эң акыркы орундарда Сомали, Түндүк Корея, Мяьнма, Ооганстан бар.

Ал эми коррупциянын деңгээли аз, ачык-айкын делген өлкөлөрдүн башында Жаңы Зеландия, Дания жана Финляндия турат.

Transparency International уюму бул жыйынтыкты мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин иликтөө менен чыгарат. Кыргызстан өткөн жылы да 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген болчу.

XS
SM
MD
LG