Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

"Ата Мекен": Энергетиктердин жоопкерчилиги каралсын


Архивден: Москва районунда энергетика тармагындагы коррупцияга каршы өткөн акциядан бир көрүнүш, 16-декабрь, 2008-жыл
Архивден: Москва районунда энергетика тармагындагы коррупцияга каршы өткөн акциядан бир көрүнүш, 16-декабрь, 2008-жыл

“Ата Мекен” фракциясы энергетикалык каатчылыктын чыныгы себептерин иликтеп, тиешелүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну көтөрүп чыгаарын жарыялады.

Фракция мүчөлөрү мурдагы бийлик режимдеринин тушунан бери келе жаткан энергетика тутумундагы коррупциялык схемалар каатчылыктын орун алышына себеп болууда деп эсептешет.

Энергетиктер болсо катуу сууктун айынан электр кубаты көп пайдаланылып, жабдуулар туруштук бере албай жатканын айтышууда.

Энергетикалык тартыштыктын эпкини

Парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген “Ата Мекен” фракциясы энергетикалык каатчылыктын себептери боюнча өкмөттүн жүйөлөрүнө макул эмес. Алар энергетикалык коопсуздукка коркунуч келтирген жагдайлар катары тармактагы шалаакылыкты жана ашынган коррупцияны мисал келтиришет. Алардын айтымында, электр жабдууларын жаңылоого бөлүнгөн каражаттын дайыны белгисиз.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева энергетика тармагын толугу менен текшерүү зарылдыгын белгиледи:

- Бизде бул тармакка бөлүнгөн жана өздөрү иштеп тапкан акча каражаттын кайда кетип жатканы боюнча ачык, айкын маалымат жок. Анын кесепетинен улам ушул абал түзүлдү. Анан кантип бул тармакта абал оңолду деп айта алабыз? Биз ошондуктан Каржы полициясынын маалыматтарын угуп, өз алдыбызча иликтеп чыгып, энергетика тармагындагы каатчылыкка алып келген жагдайлар үчүн конкреттүү жетекчилердин жоопкерчилигин талап кылабыз. Биз мурда оппозиция турган болсок, эми биз ичинде туруп абалдын жакшы жагына өзгөрүшүнө көмөктөшөбүз.

Фракция мүчөлөрү энергетика тармагында мурдагы Ширшов учурундагы коррупциялык схемалар дагы деле иштеп жатышы мүмкүн деп божомолдошот. Бул маселе жакында фракциянын жыйынында көтөрүлүп, бул боюнча иликтөө иштери өкмөттүк деңгээлде каралмай болду.

Бирок энергетика тармагынын өкүлдөрү көйгөйдүн себептерин башкадан көрүшөт. Алардын айтымында, энергетикалык каатчылыктын келип чыгышына электр тогун ченемден ашыкча пайдалануусу себеп болууда. “Түндүк электр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева мындан улам электр чыңалуусу туруштук бере албай жатканына токтолду:
Бизде бул тармакка бөлүнгөн жана өздөрү иштеп тапкан акча каражаттын кайда кетип жатканы боюнча ачык, айкын маалымат жок. Анын кесепетинен улам ушул абал түзүлдү.

- Катуу сууктан улам Бишкек шаарын эле алсак, 9,6 миллион киловат саат керектөө каралса, өткөн аптада суткасына эле он беш миллион киловат саат электр тогу керектелди. Мындан улам албетте электр жабдуулары туруштук бере албай, авариялар орун алып жатат. Суукта жаңы конуштар жана бардык эле шаардагы жеке турак үйлөр электр тогу менен жылытылып жатканын эстен чыгарбасак.

Анткен менен коомчулук өкүлдөрү энергетиктер кышка карата алдын-ала даярдык көрүп, эскирген жабдууларды жайында алмаштырышы керек болчу деген дооматтарын айтып жатышат. Бул боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөнү менен анын жыйынтыгы жетиштүү болгон жок деп эсептейт Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Камалиддин Токтосартов:

- Биздеги маалымат боюнча жүз километрдей кабель алмаштырылышы керек болчу. Анан эски трансформаторлор алмаштырылып, анын ордуна Казакстандан жаңыларын алып келип орнотуу иштери мерчемделип жаткан. Бирок эми бул иштер толугу менен аягына чыкпай калгандын кесепетинен ансыз деле зорго эле турган электр жабдуулары туруштук бере албай калды окшойт. Бирок мунун бардыгын алдын ала мерчемдеп, өз убагында кышка даяр турушса болмок.

Энергетикага жете элек евролор

2008-жылы орун алган энергетикалык каатчылыктан улам, ошол кездеги өкмөт электр тармактарындагы жабдууларды жаңылоо чечимин кабыл алган болчу. Буга байланыштуу германиялык банк аркылуу өкмөттүн кепилдиги менен “Түндүк электр” ишканасына 27 миллион евро насыя берүү жагы каралган. Аталган каражат быйыл жайында бөлүнгөн. Бирок Гуля Мураталиева энергетиктер быйыл аталган долбоорду ишке ашырууга үлгүрбөй калышканын кошумчалады:

- Биз жабдууларды алмаштыруу үчүн инвестор тартышыбыз керек болчу. Долбоор боюнча иш баштала элек, тендер гана өттү. Мындан сырткары техникалык насыянын эсебинен биз көмөк чордондорду алганбыз (подстанция). Азыркы учурда алардын он тогузу орнотулган.

Энергетика министрлиги электр тогун керектөө үчүн чектөөлөрдү киргизүү боюнча токтомду бекитип берүүнү өкмөткө сунуштаганы белгилүү болду. Ага ылайык лимиттен ашкан аймактарда белгилүү бир мөөнөткө чейин электр жарыгы өчүрүлө тургандыгы эскертилген.

Мындан мурун өкмөт электр энергиясын чектөө менен берүүнү токтотуу чечимине келген эле. Мындай чаралар учурунда Токтогул каскадындагы суунун аздыгына байланыштуу 2008-жылы колдонулган болчу.

Буга чейин парламенттин отун-энергетика комитети электр энергиясын өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ишмердүүлүгүн иликтөө комиссиясын түзгөн болчу. Бирок анын жыйынтыгын чыгарып, бүтүмүн талкуулап, баа берүү маселеси улам артка жылдырылып келди. Бул маселени кароо үчүн 27-декабрга белгиленген комитет отуруму да белгисиз себептер менен болбой калды.

XS
SM
MD
LG