Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Энергетикадагы көйгөйлөр элди кыйнады


Үйлөр жылыбай жатат.
Үйлөр жылыбай жатат.

Кыргызстанда энергетикалык авариялар жана өчүрүүлөр арбын катталууда. Борбор калаанын айрым райондору да жарыксыз жана газсыз калды.

“Түндүк электр” ишканасы Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү мүмкүн деп 23-декабрда эскертти. Муну подстанциялардын жүгүн жеңилдетүү максаты менен байланыштырды. Ал аралыкта Кыргызстанга келген газдын көлөмү да кыскарган. Мындан тышкары көмүрдүн наркы да асмандап кетти.

Жылыбаган үйлөр, үшүгөн балдар

Кара-Балта шаарынын тургуну Ишенбай Шабданов “Азаттыкка” телефон чалып, көп кабаттуу үйлөр жылыбай калганын маалымдады:

- Беш күндөн бери үй такыр жылыбай жатат. Жарык да өчүп калууда. 3-4 айлык балдар бар. Үйдөгү суукка балдар эмес, чоң киши чыдай албайт. Сыртка чыксак үйгө караганда жылуу. Ушундай жаман шарт болуп жатат.

Быйыл кыш өзгөчө суук.
Быйыл кыш өзгөчө суук.
Бишкек шаарындагы Тынчтык жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдө бир топ күндөн бери электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүүдө. Ал үйлөрдүн тургундары жол тосууга, мэрияга каршы нааразылык акциясын уюштурууга камынып жатканы айтылууда.

Борбор калаанын райондору электр жарыксыз калып жатканын энергетика министри Аскарбек Шадиев бүгүн парламенттеги комитеттин жыйынында мойнуна алды:

- Акыркы күндөрү чындыгында эле Бишкекте абдан көп өчүрүүлөр болуп жатат. Буга Казакстандагы энергетикадагы системалык авариялар түрткү болууда. 20-декабрда Казакстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жогорку чыңалуудагы линияда үч авария болгон. 21-декабрда 2 авария болсо, ушундай эле окуя 22-декабрда да кайталанган.

Шадиевдин айтымында, Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан электр энергиясы өзүн камсыздаганга, ал түгүл экспорттогонго да жетет. Электр энергиясы быйыл 2010-жылга караганда 25 пайызга көп өндүрүлүп, учурда Казакстанга жана Өзбекстанга сатылууда.

Министр авариялык өчүрүүлөрдүн себебин шаардагы электр чубалгылардын жана подстанциялардын эскилиги менен түшүндүрдү. Эл жылдагыга караганда электр энергиясын көп колдонуп, эски шаймандар иштен чыгууда.

Анткен менен адистер Энергетика министрлиги кышка тиешелүү даярданбаганын белгилешет. Адис Райымбек Мамыров:

- Булар жыл сайын эле болуп жаткан проблемалар. Бул быйыл же былтыр эле пайда боло калган жок. Аба ырайы суук болгон үчүн быйыл билинип жатат. Ошондуктан бул жерде энергетиктердин да күнөөсү бар. Алар жайында, алты ай мурда жасаш керек болчу. Ал иштер жасалбай калган.

Көгүлтүр отун көйгөйү

Ошол эле кезде Кыргызстан газ боюнча да татаал жагдайга туш болууда. Өзбекстан да, Казакстан да берип жаткан көгүлтүр отундун көлөмүн буга чейин эле кыскарткан. Анын айынан ири ишканалар отундун башка түрлөрүнө, анын ичинде Бишкек жылуулук борбору 29-ноябрдан тарта мазут менен жылытууга өткөн. Ага карабай “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасы калкка газ берүү үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирип келаткан эле. Бирок 22-декабрда Бишкектин айрым райондоруна газ берүү токтоп калды.

“Кыргызгаздын” жетекчи орун басары Евгений Орленко муну газдын көлөмү азайганы менен байланыштырды.

- Бизде газ куурунда басым азайып кетти. Ошондуктан үйдү көгүлтүр отун менен жылытып жаткан үйлөргө чектөө киргизилди. Тактап айтсак шаар четиндеги Лебединовка, Маевка, Төмөнкү Ала-Арча, Ново-Покровка, Пригородный, Ленинский жана Чоң-Арык айылдарына газ токтотулган.

Ушундай эле көрүнүш түштүк облустарда да кайталанууда. Ош шаарына келип жаткан көгүлтүр отундун көлөмү аз болгондуктан чай кайнатууга да күчү жетпей жатканын белгилешүүдө.
Бирдиктүү энергетикалык системадан Казакстан чыкпаш керек. Алар чыкса, абдан кыйын болуп калат.

“Кыргызгаздын” айтымында, мындан тышкары ондогон ишканаларга газ берүү чектелген. Газдын Кыргызстанга аз келип жатышын Өзбекстанда, тагыраак айтканда газ чыккан аймагында күн өтө суук болгону менен түшүндүрүлүүдө. Абанын температурасы 10 градуска чейин төмөндөп, газ өндүрүүнүн көлөмү кыскарып кеткен. Евгений Орленко:

- Өзбекстанда абанын температурасы көтөрүлө баштады. Кечээ +1 градус болду. Ал эми бүгүн +3 градус болот деп жатышкан. Бизде да, алар да күн жылый баштаарын айтышууда. Абал жөнгө салынат.

“Кыргызгаз” ишканасы газ берүү токтотулган ишканаларга кайра газ берүү бүгүнтөн тарта эле жандана баштаганын, абал 2-3 күндө калыбына келе турганын кошумчалады.

Бирдиктүү системадагы чочулоо

Ал аралыкта Казакстан Борбор Азиялык бирдиктүү энергетикалык системадан чыгууга ниеттенүүдө. Бул деген Кыргызстандын көпчүлүк аймагы электр кубаты жок калат дегенди түшүндүрөт.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Жамалбек Түлөбердиев “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясын тезирек бүтүрбөсө, Кыргызстанды энергетикалык катастрофа күтөт деп эсептейт.

- "Даткадан" бул жакка линия тартып алсак өндүрүлгөн электр энергиясы “Даткага” барып, Өзбекстанга кирбей эле өзүбүзгө таралмак. Муну тургузушка убакыт керек. Эми Бирдиктүү энергетикалык системадан Казакстан чыкпаш керек. Алар чыкса, абдан кыйын болуп калат.

Жамалбек Түлөбердиев “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруп, подстанцияларды, электр чубалгыларын жаңыртып алып, газ көз карандысыздыгынан да кутулууга болот деген ойдо.

Ал эми энергетика министринин милдетин аткаруучу Аскарбек Шадиев шаймандарды жаңылоо үчүн электр энергиясына бааны аз-аздан көтөрүш керектигин белгиледи. Мындан тышкары Шадиев 23-декабрда электр энергиясындагы түзүлгөн оор кырдаал үчүн элден кечирим сурады. Ал бул сөзүн болочок өкмөттүн структурасын кароо маалында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Азаттыктын" тасмасы: Ушул күндөрү Кыргызстанда өзгөчө суук аба ырайы өкүм сүрүүдө. Мындай учурда шаардын четинде орун алган жаңы конуштардын тургундары жылынуунун ар амалын издешүүдө. JAk/AlA


Ичики-и-й... Үшүп атабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

XS
SM
MD
LG