Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Жерүйдүн баштапкы баасы - 100 млн доллар


Жер үй алтын кениндеги ишкана.
Жер үй алтын кениндеги ишкана.

Өкмөт Жерүй алтын кенин конкурс жолу менен сатууну чечип, атайын комиссия түзүлдү. Бирок жергиликтүү калк ичинде Кумтөр маселеси оң чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө жол бербейбиз дегендер чыгууда.

5 млрд. долларга бааланган, 100 тонна алтыны бар Жерүй кенин иштетүү үчүн өкмөт ачык конкурс жарыялоону чечкен. Баштапкы баа катары 100 млн. доллар аталган.

Өкмөттүн 12-январдагы жыйынында конкурсту өткөрүү боюнча комиссия түзүүнү чечкен. Ал комиссиянын жетекчилигине Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Чунуев дайындалган. Чунуевдин айтымында, комиссиянын курамы 40 кишиден ашат. Бирок азырынча ал бекитиле элек.

Комиссиянын курамында борбордук бийлик өкүлдөрү, адистер, Талас облусунун, Талас районунун жетекчилери, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары болот. Таластыктар жалпысынан комиссиянын жарымын түзүшөт.

Өкмөт Жерүй кенин конкурс жолу менен иштетүүгө берүү аркылуу ар кандай шекшинүүлөргө, жаңжалдарга чек коюуну көздөгөнү маалым. Бирок жергиликтүү калк ичинде кендин иштетилишине каршы болгондор кала берүүдө. Алар 26-январда кенге жакын жайгашкан Үсөнбек Өмүралиев айыл өкмөтүндө нааразылык акциясын өткөрүүнү көздөшүүдө.

Жергиликтүү тургун Малик Тойкожоевдун айтымында, аларды кендин суунун башында жатуусу тынчсыздандырууда:

- Ал кен суунун башында. Булак. Биз ошол суу менен алмабызды, картошкабызды, эгинибизди, чөбүбүздү, малыбызды сугарабыз. Өзүбүз да ошол суудан ичебиз.

Тойкожоев алардын артында саясий максаттар, кызыккан тараптар турат дегенди четке кагууда.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Ишенбай Чунуев жакынкы күндөрү эле Таласта болуп, бул маселе боюнча жергиликтүү калк менен жолугушуп келгенин айтып өттү:

-Төрт айыл округунан турган Бекмолдо айыл өкмөтүндө эл менен жолуктук. 250-300 киши болду. Депутаттар менен кезиктик. Сунуштарын беришти. Социалдык пакеттер жөнүндө сүйлөштүк. Алар ошолорду бериш керек. Колдоо пикирлерин айтышты, иштетели, келишимге баралык, көрөлү деп калышты.

Жерүй алтын кенине мурда ээлик кылып, бирок Кыргызстандын сотторунун чечими менен лицензиядан айрылган “Жерүйалтын” жабык акционердик коому да кен үчүн күрөшүн токтотпой турганын билдирүүдө. Бул мекеменин өкүлү Франза Шлоссердин жергиликтүү маалымат каражаттарга билдирүүсүнө караганда, эгерде кыргыз өкмөтү алар менен тынчтык келишимге келүүнү четке какса, анда алар эл аралык арбитражга кайрылат. Буга даярдыктар көрүлүүдө.

“Жерүйалтын” жабык акционердик коому кетирген чыгымдарын төлөтүп алууну да көздөп жатат. Маалыматка караганда, алар 100 млн. доллардан ашуун каражат жумшашкан.

Ишенбай Чунуев “Жерүйалтын” кени канча каражат жумшаганын эч ким санаган эмес, бул маселени алар кенге келе турган жаңы инвестор менен эсептешип алышы керек дейт.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев болсо Жерүй алтын кени иштей башташ керек, ансыз да кендерди иштетпей, өлкө жоготууларга учуроодо деген ойдо. Дүйшеевдин айтымында, конкурсту өткөрүү комисссиясы бекитилсе, алар аны өткөрүүнүн шарты, жол-жобосун иштеп чыгып, маалымат каражаттарына жарыялашат. Андан кийин конкурс өзү жарыяланат. Бул иш 2-3 айга созулат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG