Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Кумтөрдө 120 адам ишсиз калуу коркунучунда


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

6-августта Кумтөр кенинин алтын алууга даярдалып жаткан бир бөлүгүндө иш токтоду.

Ишкананын профсоюз уюму андагы 120 адам ишсиз калуу коркунучуна кабылганын билдирди. Компания болсо иш план боюнча гана токтоп, ал эми жумушсуз калгандарды башка бөлүктөргө ишке алуу жагын убада кылган. Ал эми ушу тапта мамлекеттик комиссия Кумтөрдү текшерип жатат.

Кумтөрдүн жумушчулар кошуунунун башчысы Алмазбек Жакыповдун “Азаттыкка” айтымында, компания кендеги алтын казууга жаңы даярдалган бөлүктө ишти токтотту. Бирок анын себебин түшүндүрө элек.

- Булар бизге маселени туңгуюк калтырып жатат. Болгону «Центерранын» көрсөтмөсү деп гана жооп берип коюшту. Эмне үчүн антип жатышат, биз да түшүнбөй жатабыз. Биздин суроолорго болгону «Центерранын» көрсөтмөсү деп гана коюп жатышат.

Жакыповдун билдиришинче, анын айынан кендин бул бөлүгүндө иштеп келген 120 адам жумушсуз калуу коркунучуна кептелди. Жумушчулар кошууну аларды иштен бошотпоо боюнча “Кумтөр оперейтинг компани” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

- Жумушчулар кошуунун төрагасынын орун басары азыр кендин аймагында компаниянын вице-президенттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бошогон адамдарды жумуштан кетирип ийбестен, кайра ишке алгыла, ага чейин бош орундарга жаңы кызматкерлерди алуу боюнча сынактарды токтотуп тургула деп жатабыз.

Сүйлөшүүлөрдө компания ишсиз калган 120 адамдын жарымына жаңы иш убада кылууда. Бирок Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев бардык 120 адамды кайра ишке орноштурууга “Кумтөр оперейтинг компани” макул экенин айтты.

- Бул боюнча компаниянын вице-президенти менен сүйлөштүм. Бошогон адамдардын бир бөлүгү ошол жерде иштейт, ал эми калганы негизги фабрикага жумушка алынат деп айтты. Жумуштан бошогондордун баарына кайра иш берилет.

Артыкбаевдин айтымында, кендин бөлүгүндө иш токтоду деп айтууга болбойт:

- Геологиялык чалгындоого лицензия алышкандан кийин кен алганга даярдык көрүп, ал жерди казышкан. Ошол жер пландалган боюнча казылып, аягына чыкты. Башкача айтканда иш токтогон жок, болжолдонгон иш аягына чыкты. Эми андан ары жаңы план түзүлөт.

Ал эми бул боюнча “Кумтөр оперейтинг компани” түшүндүрмө бере элек.

Ушу тапта болсо Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия аталган кенди изилдеп, мыйзам бузуулар бар-жогун текшерүүдө. Алар өз жыйынтыгын парламентке 1-октябрга чейин бериши керек. Бирок кендин жаңы бөлүгүндө иштин токтошу мамлекеттик комиссиянын текшерүүлөрүнө байланышы бар-жогу белгисиз. Кумтөрдө болсо 2,5 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгектенет.

XS
SM
MD
LG