Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстанга келген инвестициялар көбөйдү


"Кумтөрдө" иштеген жумушчулар
"Кумтөрдө" иштеген жумушчулар

Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн ичинен Кытай биринчи орунга чыкты. Республиканын тогуз айдагы экспортунун өзөгүн түстүү металлдар түздү. Ал ортодо дүйнөлүк базарларда алтын жана мунай дагы арзандады. Бишкектеги баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү алты эсеге көбөйдү.

Кыргызстандын Бажы кызматы маалымдагандай, акыркы тогуз айдын ичинде түстүү металлдар жана отун энергия продукциясы өлкөнүн негизги экспортунун өзөгүн түздү.

Түстүү металлдар экспорттун жалпы көлөмүнүн 29.3% ээлеп, 301.2 миллион доллардай акчага сатылды. Отун энергия продукциясы 11.7% түзүп, 208 миллион долларга барабар болду. Үчүнчү орунда автомобиль транспорту, анын үлүшү 6.6%. Текстиль жана жер-жемиш экспорту төртүнчү жана бешинчи орунда.

Ал эми Кыргызстанга келген тикелей чет элдик инвестициянын көлөмү боюнча Кытай эң алдыңкы сапты ээледи.

Экономика министрлиги маалымдагандай, өлкөгө акыркы тогуз ай ичинде 345.46 миллион доллар чет элдик инвестиция тартылган. Бул сан 2012-жылдын биринчи тогуз айындагы суммадан 101.36 миллион долларга жогору.

"Центерранын" акция баалары, 5-ноябрь 2013-ж.
"Центерранын" акция баалары, 5-ноябрь 2013-ж.
Шериктеш өлкөлөрдөн келген инвестициянын көлөмү 1.7 эсе көбөйүп, 61.50 миллион долларды түздү. КМШ тараптан 37.69 миллион менен Орусия жана 23.28 миллион менен Казакстан алдыга чыгышты.

Кытай Кыргызстанга акыркы тогуз айда 84.48 миллион доллар инвестиция салган. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу 2.4% көп. Кыргызстанга Канададан 73.81 миллион, Британиядан 27.12 миллион, Кипрден 21.45 миллион жана Франциядан 13.61 миллион доллар тикелей инвестиция тартылган.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын "Казахмыс Голд Кыргызстан" кен өндүрүүчү компаниясына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан убактылуу пайдаланууга 103.75 гектар жер тилкесин берүү тууралуу токтомго 29-октябрда кол койгону маалым болду. Премьердин 583-токтомуна ылайык Көк-Серек жана Көк-Таш айыл өкмөттөрүнөн жер тилке Бозумчак кенин иштеткен "Казахмыска" берилет. Аты аталган кенде 17 тоннадай алтын, жез жана күмүштүн запастары табылганы маалым.

Валюталардын курсу, 5-ноябрь 2013-ж.
Валюталардын курсу, 5-ноябрь 2013-ж.
Кыргызстандын баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү октябрь айында 110.86 миллион сомго барабар болду. Жалпысынан беш миллиондон ашык акция жана облигациялар сатылды. Сатылган баалуу кагаздардын көлөмү боюнча Кыргыз инвестиция-кредит банкы биринчи орунга 41.72 миллион сом менен озуп чыкты. Соодаланган баалуу кагаздардын 94.16% каржы секторунда, 3.94% тейлөө тармагында жана 1.9% өндүрүш секторунда иш алып барган компанияларга таандык. Ал эми акыркы апта ичи сооданын көлөмү алты эсе өсүп 83.64 миллион сомго барабар болду.

Эми дүйнөлүк биржаларга учкай көз чаптырсак. Торонто фондулук биржасында жүгүртүлгөн "Центерра Голд" компаниясынын акциялары акыркы жети күн ичинде 22 центке арзандап, бир баалуу үлүш кагаздын баасы 3 канада доллары 96 центти (C$3.96) түздү. Ал эми "Центерра" иштеткен сары алтындын баасы 10 долларга түшүп, 100 унциясы 1344 доллардан сатылып жатат.

Чийки мунайдын баасы акыркы апта ичи дагы 3 доллар 66 центке арзандап, бир баррель Нью-Йорк биржасында 94 доллар 25 центти түздү. Бирок Кыргызстанда бензиндин баасы арзандаган жок.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG