Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

"Мегакомдо" эки жетекчилик тирешүүдө


Мегаком компаниясынын тоо үстүндөгү жабдыктары
Мегаком компаниясынын тоо үстүндөгү жабдыктары

"Мегакомдун" жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев компаниянын мурдагы башчылары тарабынан мекеме куралдуу жол менен басылып алынгандыгын билдирди. Кечке жуук компанияга милициянын атайын бөлүктөрү келип, кырдаалды көзөмөлгө алышты.

15-март күнү түш ченде “Мегакомдун” башкы мекемесине Андрей Силич баштаган компаниянын мурдагы жетекчилиги куралдуу топтун коштоосунда келишкен. Мындан улам компаниянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиев иш бөлмөсүн бошотууга аргасыз болду.

Азамат Мурзалиев эмгек жамааты куралдуу топтун коркутуп-үркүтүүсүнө дуушар болгонун белгиледи:

- Азыркы убакта мурдагы жетекчилик баштап келген көптөгөн киши топтолуп келип, кара күчкө салып басып алышты. Алардын арасында курал-жаракчан адамдар да бар. А. Силич алып келген адамдарды ким калкалап, ошондой курал-жарак менен жүргөнгө ким уруксат бергендигин түшүнбөй турабыз. Алар биздин кызматкерлердин бардыгын коркутуп-үркүтүп, жумушту үзгүлтүккө учуратышты.

“Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Андрей Силич кызмат ордуна келишин Башкы прокуратура тарабынан аларга карата кылмыш ишинин кыскартылгандыгы менен байланыштырды. Ошондой эле ал мындан башка комментарий берүүдөн баш тартты.

“Мегакомдун” учурдагы жетекчисинин укуктук иштер боюнча орун басары Илим Карыпбеков мурдагы менеджерлер тарабынан ири өлчөмдөгү акчанын сыртка чыгарылып кеткендиги боюнча иш негизсиз кыскартылды деп эсептейт:

- Буга чейитн 28 миллион доллар сыртка чыгарылып кеткендиги аныкталган. Улам-улам жашырылган схемаларды буга чейин Каржы полициясына берип турганбыз. Ошонун негизинде кылмыш иши козголуп, иш каралып жаткан болчу. Анан эле эки күн мурун Башкы прокуратуранын кызматкерлери Каржы полициясына барып, бүт эшиктерин жаап, “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши кыскартылды деп жарыялап жиберишти. Буга кандай негиздер себеп болгондугу түшүндүрүлгөн жок.

Иштин кыскарышы кайтып келүүгө өбөлгө

Ошол эле учурда Жогорку Кеңеште “Мегакомдун” айланасындагы чатак боюнча депутаттык жумушчу топ жыйынга чогулду. Анда кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча маселе каралды.

Жыйынга чакырылган Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигине каршы Каржы полициясы кылмыш ишин козгогудай олуттуу себеп жок болгонун айтты\чу деп билдирди:

- А. Силич менен Бороздинге айып угузушкандыгынын бардыгы негизсиз болуп чыкты. Эмне дегенде козголгон кылмыш иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарын одоно бузуу менен жүргүзүлгөн. Мына ошондуктан “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигинин аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген чечим кабыл алынды. Ири өлчөмдө акча чыгарылып кетти деген айыптоонун да так аныктамасы жок. Айыптоо жалаң божомолдорго гана негизделгендиги көрүнүп калды. Ал эми жанагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча азыркы күндө компаниянын ичинде атайын аудит иштеп жатат. Ошол иштин жыйынтыгын күтүшүбүз керек.

Тунарган туңгуюк

Анткен менен “Мегакомдун” айланасындагы абал туңгуюкка барып такалгансыйт. Компанияда эски жана жаңы жетекчилик бирдей башкаруу жүргүзүүдө. Мурдагы жетекчи Андрей Силичти кайра кызматына калыбына келтирүү боюнча расмий буйрук чыккан эмес. Мындай документ жобого ылайык акционерлер кеңешинде чечилмек. Бирок акциянын 51 пайызынын расмий түрдө кимге таандык экендиги чечиле элек. Бирок орусиялык Penwell компаниясы учурунда аталган үлүшүн "Альфа-Телекомго" тарттырып жибергендигин айтып келет.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган объектилер боюнча корунун жетекчиси Дайыр Кенекеев Андрей Силичтин кайрадан кызматка келишине негиз жок экендигин белгиледи:

- Биз компаниянын мурдагы жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинин токтотулгандыгы боюнча расмий документ алган жокпуз. Ошондуктан биз аталган мекеменин акционери жана улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу боюнча түзүлгөн мамлекеттик фонд катары А. Силич бүгүн эмненин негизинде кайра келип кызматка киришем деп жатканын түшүнбөй турабыз. Орусиялык инвесторбуз деген Penwell Business компаниясынан А. Силич силердин кишиби деп сурасак алар муну четке кагышты. Бул адам биздин да киши эмес. Анда ал азыр кайсы тараптын кызыкчылыгы менен келип жатат?

Иликтөөнүн изи чыга элек

Бул маселе боюнча депутаттык жумушчу топ жабык эшик артында кеңешме куруп, анын жыйынтыктары ачык жарыяланган жок. Бир катар депутаттар башында "Мегакомдун" жүз пайыз акциясын улутташтырып, андан кийин кимдин канча үлүшү бар экендигин сот аркылуу бергенде мындай башаламандык болбойт эле деген ойлорун ортого салышты.

Жумушчу топтун төрагасы депутат Акылбек Жапаров “Мегакомдун” жетекчилигин дайындоо жана андагы менчик укугун таануу маселеси кылдат иликтөөнү талап кыла тургандыгына токтолду:

- Мунун чоо-жайын терең иликтешибиз керек. Анткени өткөндө Думадан келген депутаттар айтышты. Башында беш миллиондон баштап, элүү миллион долларга чейин акча сурашкан деп ачык айтып жатышпайбы. Алгач шайлоого деп, анан бюджетке деп шылтоолоп калышты дешпедиби. Эми ошонун чын-бышыгын аныкташыбыз керек.

Кечке жуук “Мегакомдун” имаратына милиция бөлүктөрү келип, кырдаалды көзөмөлгө ала башташты. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев компаниянын мүлкү жана документтери жок болуп кетпеш үчүн кайтаруу коюлгандыгын билдирди. Бирок мурдагы жетекчи Андрей Силичтин өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалдан улам, алар иш бөлмөсүнөн чыга албай калганын “24kg” агенттигине маалымдады. Бир канча убакыттан соң А. Силич өзүнүн адамдары менен биргеликте мекемеден белгисиз жакка чыгып кетти. Анын адвокаты Сергей Слесарев 16-март күнү эртең менен "Азаттыкка" түнү менен сүйлөшүүлөрдө болушканын ачыктады.

"Мегакомдогу" тиреш
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

XS
SM
MD
LG