Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Мигранттын миллиону кайда короп жатат?


Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери тогуз ай ичинде мигранттардан Кыргызстанга 1 миллиард доллар которулган. Мунун ичинен 980,5 млн. доллар Орусияда иштеген кыргызстандыктардан, 37,1 млн. доллар Казакстандагы, калганы башка мамлекеттерде жүргөн мигранттардан келген.

“Азаттык” быйылкы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө (68 млрд. сом) дээрлик тете болгон мынча каражат максаттуу жумшалып жатабы деген суроонун айланасында талкуу жүргүздү.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров менен Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Мирсулжан Намазалиев катышты



“Азаттык”: Төрөбай мырза, сизди мигрант болуп иштеп жүрүп байыган деп айтышат. Мигрант болуп иштеп, ийгиликке жетишүүгө болобу?

Төрөбай Зулпукаров: Ооба, мен материалдык баалуулукту байлык деп эсептебейм. Күнүмдүк турмушка колдоно турган максаттуу каражат деп эсептейм.

Байлык бул адамдын өзүнүн руханий байлыгы, жакындары болуш керек. Материалдык ийгиликке кайсы жерде болсо да жетишүүгө болот. Мен Орусияда Ростов деген шаарда 5 жыл, Москвада 2 жыл иштеп келдим. Ал жакта сарамжалдуу иштеп, Орусияда бизнес чөйрөсүн өнүктүрдүк. Биз ачкан бизнес чөйрөсүндө азыркы убакка чейин жашап атабыз.

Кыргызстанга 1 миллиардга жакын акча түшөт экен, ошонун 90 пайызы Орусиядан келет. Эгерде мамлекетибиз жумуш менен камсыз кыла албаса, биз мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Үй-бүлөлүк бюджетти толтуруу үчүн бир булак болуш керек. Ошондуктан биздин көп жарандарыбыз Орусия, Казакстанга чыгып иштеп атышат. Бул башка мамлекеттердин да башынан өткөн.

“Азаттык”: Ийгиликтүү адамдар өздөрүнүн тапкан акчасын иштетүүнү билип, андан ары көбөйтүүгө жетишкен адамдар. Бирок ошол эле учурда алардын кыйналып тапкан акчасынын бир бөлүгүн салганда бул жердеги ата-энеси, бала-чакасы, жакын туугандары максатсыз иштерге жумшап, жок кылып жибергени жөнүндө да сөз болуп атат. Мирсулжан, келген акчаны максаттуу пайдалануунун кандай жолдору бар?

Мирсулжан Намазалиев: Мен өзүм мигрант болгон эмесмин. Ошондуктан кеңеш берүүдөн алысмын. Бирок Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдө бирден тууганы Орусияда жүрөт. Менин деле тайакелерим Екатеринбургда жүрүшөт. Алар азырынча бизнес куруп кетише элек. Бирок туугандарына акча жөнөтөт, булар бул жактан коротобу-коротпойбу иши жок.

"Мен эки жылдан кийин келем, бирок менин акчам чогулуп калыш керек" дешет. Бул жерден машина алып, эки кабаттуу үйүн куруп коюп, өздөрү жумушсуз калып, кайра кеткен учурлар көп. Биз миграцияны, өзгөчө Орусияга кетип жаткан биздин иш мигранттарыбыздын көлөмүн позитивдүү тескебешибиз керек деп ойлом. Себеби көпчүлүгүнүн балдары тарбия албай калып атат.



“Азаттык”: Мамлекеттик бюджеттин быйылкы кирешеси 68 млрд. сом болду. Ал эми сырттан келген акчаны сомго айландырсак 45 млрд. сомдон ашык акча болуп атат. Мамлекеттик бюджеттин бир бөлүгүнө тете болгон акча келип аткандан кийин ошону максаттуу жумшоо жагына өкмөт кандай багыт бере алат?

Төрөбай Зулпукаров: Бул 12 айдын ичинде мамлекеттик бюджеттин топтолгон акчасынан ашып түшөт. Бул кайтарылгыс, процентсиз Кыргыз мамлекетине пайдалуу, өтө чоң акча болуп атат.

Азыр ошол жакта өнүгүп, көп акча тапкан кишилер Кыргызстанда бизнес баштагандан коркушат. Биздин мамлекетте стабилдүүлүк жок, инвесторлорго кепилдик жок. Биздин мамлекетте митинг, революциялар болуп, жакшынакай завод, фабрика ачып койсоң бир бийлик келип тартып алып койсо бизде кандай өнүгүү болот? Бизде четтен келген инвесторлорго караганда, өзүбүздүн бизнесмендерге берсе, эл жумуш менен камсыз болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG