Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Экономика өстү, бирок салык жыйноо азайды


Кыргыз өкмөтү быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү чечти. Буга салыктардын пландагыдан аз жыйналышы себеп болгон.

Быйылкы жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча, экономика 110 пайыздан ашуун өсүп жатканына карабай, салыктардын аз жыйналышынын себеби эмнеде?

Салыктан салым жакшы эмес

Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев салыктардын аз жыйналышына биринчи кезекте алтындын баасы арзандашы себеп болгонун айтып, бирок башка объективдүү жагдайлар да таасир эткенине токтолду:

- Биринчиден, абдан чоң план коюлган. Өткөн жылы пландаштырылган нерселер ишке ашпай калды. Бир топ каражаттар түшпөй калды. Мисалы, тамеки чыгарган РЕЕМТСМА фабрикасы жылдан-жылга төмөндөп баратат. Быйылкы жылы бул компаниядан 80 млн. сомго жакын түшпөй калат. Уюлдук компаниялар өткөн жылдын аягында жеңилдиктерден бошотулуп, бюджетке кошумча 250 млн. түшөт деген элек, кийин карасак эл аралык келишимдердин негизинде аларга жеңилдиктер берилет экен. Ошонун негизинде 250 млн. сом жетпей калат. Өткөн жылы Электр станциялар ишканасы киреше менен чыгып, 200 млн. сом салык төлөсө, быйыл ал жок.

Масалиевдин айтымында, быйылкы жылдын планы боюнча Салык кызматы 40 млрд. 400 млн. сом жыйнаш керек болсо, анын ичинен 3 млрд. сомдой жыйналбай калары күтүлүүдө.

“Экономикада өсүштү негизинен Кумтөр жана айыл чарбасы камсыздоодо. Бирок Кумтөрдөн салык азайды. Анткени алар былтыр алдын-ала 30 млн. доллар төлөп да коюшкан. Ал эми айыл чарбасында өсүш болду, бирок алар салык жыйымына көп таасир бербейт”, - деп кошумчалады Масалиев.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев салыктардын аз жыйналышына карабай өкмөт мойнуна алган бардык финансылык милдеттерди аткараарын билдирүүдө. Бул деген айлык акы жана пенсияларды, карыздарды төлөөдө маселе чыкпайт дегенди билдирет.

Жантөрө Сатыбалдиев тогуз айдын жыйынтыгы боюнча экономика жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенин билдирип келатканы маалым. Бирок андай көрсөткүчтөргө Кумтөрдүн салымы олуттуу экени белгилүү.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев буларды айтат:

- Негизинен бул Кумтөрдүн жакшы иштеши менен камсыз болду. Ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда мурунку айга караганда өсүү басаңдап кетти. Себеби мурун 6.1% болсо, азыр 5.7% болуп калды.

Тескери сальдо ашып кетти

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын он айында Кыргызстандын экономикасы 110.2% өсүш берди. Кумтөрдү кошпогондо 105.9% өскөн. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча болсо 6.1% өскөн эле.

Кумтөрдөн сырткары курулуш, айыл чарбасы, тейлөө тармактары өсүш берген. Ал эми тоо-кен, энергетика жана текстиль, тигүү тармактары төмөндөөдө. Маселен, Кумтөрдү кошпогондо тоо-кен тармагы дээрлик 7% төмөндөп кеткен. Ал эми энергетика тармагы быйылкы жылы суунун аздыгына байланыштуу дээрлик 3% төмөндөгөн.

Тигүү жана текстиль тармагындагы төмөндөөлөрдүн себебин Экономика министрлиги Орусия жана Казакстанда кыргыз тигүүчүлөрүнүн товарларына талаптын азайышы менен байланыштырат.

Кыргызстан экономикасындагы терс жагдайлардын бири - тышкы соодадагы тескери сальдо. Тогуз айдын ичинде Кыргызстан 1 млрд 60 млн. долларга жакын экспорт жасаса, импорту 4 млрд. 300 млн. долларга жетип барган. Натыйжада тескери сальдо төрт эседен ашып кеткен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG