Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Такси бизнеси тынымсыз изденүүнү сүйөт


Такси.
Такси.

Кыргызстанда элүү чакты такси кызматы катталса, учурда алардын тең жарымы гана толук кандуу иштейт. Алардын ичинде спутник аркылуу иш жүргүзгөн, акылдуу технологияларга байланган такси кызматтарынын иши жакшы жүрүүдө.

Кыргызстанда маалында чакырып алчу такси кызматы 2000-жылдардан тарта көбөйүп, саны арбыды. Ага чейин деле союздан калган бир катар такси кызматтары кардарларга кызматын сунуштап келген. Алардын катарына “Ак жол”, “Салам” сыяктуу такси кызматтарын кошууга болот.

Акыркы 15 жыл аралыгында Кыргызстанда маалында чакырып алчу такси кызматын сунуштаган ондогон фирмалар ачылып, айрымдары кайра жабылды.

2005-жылдары Бишкектин көчөлөрүндө “Халал такси”, “Замат такси” деген машинелерди көрүүгө болор эле. Ал кездерде мындай таксилер кардарларга көрсөткөн кызматы үчүн шаар ичинде белгиленген бир суммадагы акыны, шаардан сырткары ага кошумча сумма кошуп, акы алышчу. Акыркы төрт-беш жылдан бери такси кызматынын иши өзгөрүп, атайын навигациялык программалар менен иштеп жатышат.

Бул эң ириде такси компаниялар үчүн пайдалуу болсо, экинчиден, айдоочуларга ыңгайлуу, ал эми жүргүнчүлөр үчүн бир топ арзан.

Такси кызматынын түйшүгү түмөн

Кыргызстанда иштеп жаткан такси кызматтарынын азыркы абалын билүү үчүн биз жүргүнчү ташып, кызмат көрсөткөн эки компаниянын иши менен тааныштык.

Биринчиси - шаар ичинде жүргүнчү ташуу кызматына жаңы эле киришип, элге өз кызматын жаңыдан сунуштап жаткан “Алло, такси” компаниясы. Ошондой эле бул тармакка жаңы технологиялар менен кирип, такси кызматынан пайдаланууну заманбап түрлөрүн сунуштоо менен аз убакта атын чыгарып, айдоочуларды да, жүргүнчүлөрдү да тартууга жетишкен “Намба такси” компаниясы.

“Алло, такси” компаниясы Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтө баштаганына үч айдын жүзү болду. Азырынча аталган такси кызматы жүргүнчүлөр арасында анча белгилүү эмес. Анын үстүнө “Алло, таксиде” кызмат өтөгөн автоунаалардын саны да азыраак.

Бишкек
Бишкек

Аталган компаниянын түптөөчүлөрүнүн бири Бахтияр Балтабаев муну компаниянын өзүнө таандык автоунаалардын жоктугу менен байланыштырды:

- Мисалы, такси бизнесин ачуу үчүн ишкананын өзүндө жок дегенде он беш-жыйырма автоунаа болушу керек экен. Анткени ошол машинелер негизги локомотив болуп, ишти алып кетчүдөй. Бизде андай мүмкүнчүлүк болбоду, көчөдө жүргөн эркин таксисттерди чакыра коюп эле бизнести өнүктүрүп кетебиз деп ойлогонбуз. Азыр деле жакшы, кудайга шүгүр. Жеке автомашинасы бар айдоочулар кызматташууну сунуш кылып, келип жатышат. Буюрса, бул тармактан өз ордубузду табабыз деген үмүттөбүз.

Бахтияр Балтабаевдин айтуусунда, такси кызматын элге таанытуу үчүн реклама да жетишсиз.

Реклама демекчи, такси менен жүрүүчүлөр ичинде тез эле белгилүү болуп, оозго алынып кетүүгө “Намба" компаниясынын интернеттеги жеке сайты, ал аркылуу такси кызматын жарнамалоо мүмкүнчүлүгү жардам берген. “Намба таксинин" башкы директору Улукман Карабукашев такси кызматы үчүн автоунаа менен айдоочудан башка кызматты жарнамалоо да башкы орунда турарын белгилейт.

Алдыңкы технология такси бизнесинин локомотиви

“Намба такси” эл ташуу кызматына жаңы технология, такси кызматын спутник аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген JPS навигатор системасы менен кирген. Эң ириде мына ушул система жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн да ыңгайлуу болгондуктан, "Намба таксинин" иши бат жүрүшүп кеткен:

- Биздин ишкана 2012-жылы февралда ачылды. Биз такси кызматын көрсөтүү тармагына бир аз жаңыча мамиле жасап, спутник аркылуу башкарылган жол көрсөтүүчү системаны киргиздик. Буюртмаларды кабыл алуунун да жаңы түрлөрүн ойлоп таптык, кардарлар бизди интернеттен, кийинчерээк телефондогу тиркемеден оңой таап, буюртма кыла баштады. Мурда таксинин программасын “Смарт-такси” компаниясынан ижарага алып келсек, кийинчерээк өзүбүз программисттерди чогултуп, жаңы команда түздүк да, программа иштеп чыктык. Күн сайын кардарлар үчүн жаңы нерселерди ойлоп табууга аракет кылып келебиз.

Ушу тапта Кыргызстандагы такси кызматтары дал ушул эле Навигатор системасындагы программа менен иштейт. “Акылдуу такси” деп аталган программаны пайдаланганы үчүн таксисттер күнүнө 10 сомдон акы төлөшөт. Ал эми такси кызматтары бир жакка жетүү үчүн буюртма кылган жүргүнчү менен таксистти байланыштырууда ушул программаны колдонушат. “Акылдуу такси” программасы жүргүнчүдөн келип түшкөн буюртмадан тартып, таксисттин аны кабыл алганын, жүргүнчүнү отургузуп, канча чакырым жүргөнүнө чейин онлайн түрүндө көрсөтүп турат.

“Алло, такси” кызматынын администратору Темирлан Акназаровдун айтуусунда, телефон аркылуу түшкөн буюртмаларды системага киргизүү үчүн атайын операторлор иштейт:

- Биз “Акылдуу такси” программасы менен иштейбиз. Бардык отчеттор, киреше-чыгаша, каттоолор ушунун ичинде жүрөт. Тагыраак айтканда, базабыз ушул программа. Онлайн түрүндө иштеп турат. Келген буюртмаларды кабыл алуу үчүн эки оператор иштейт. Алар кардарлардын буюртмасын турган дареги, телефон номурлары менен кошо системага кирет. Ал система бардык таксисттерге байланган, алар онлайн түрүндө көрүп, өздөрүнө жакын жердеги буюртмаларды алышат.

Ушул тапта эл ташуу менен алектенген такси кызматтарынын көпчүлүгү “Акылдуу такси” программасы менен иштейт. Ал эми “Намба такси” өздөрүнүн программачылары иштеп чыккан система менен иштеп жатканын компаниянын башкы директору Улукман Карабукашев билдирди. Анын айтуусунда, учурда "Намба такси" жүргүнчүлөр жол акысын накталай эмес, электрондук вариантта төлөө мүмкүнчүлүгүн жаратышууда. Бул акчага байланыштуу көп маселелердин чечилүүсүнө алып келмек:

- Кээде кардарлардын акчасы ири банкнот болуп калса, таксистте ага кайтарым болбойт. Андай учурларда таксист менен кардар ортосунда пикир келишпестик болушу мүмкүн, бизге даттануулар болуп калат. Ошол маселелерди чечүү үчүн биз атайын кардарлар үчүн эсеп ачканбыз. Бул “Намба-капчык” деп аталат. Ага акча салып турат, таксини телефонундагы тиркеме аркылуу чакырган болсо, ошол тиркеме аркылуу эле акчасын төлөй берет. Бирок мындай система да азырынча кеңири иштей албай жатат. Биздин эл буга анча даяр эмес экен.

Ошол эле учурда мындай система такси кызматынын ачык иштөөсүн шарттамак, салыктар өз учурунда төлөнмөк. Салык кызматы демекчи, өткөн жылы “Намба такси” кызматы салыкка, Социалдык фонд төлөмдөрүнө айлык акыны кошо эсептегенде 100 млн сомдон ашык акча төлөгөн.

Эржигит Айдаралиев тарткан сүрөт
Эржигит Айдаралиев тарткан сүрөт

Такси кызматын сунуштаган ишкерлердин айтуусунда, ишкерликтин бул түрү сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен түйшүгү түмөн. Бир кызмат ачып, аны жарнамалап коюп, жүргүнчүлөрдөн буюрутманы телефон аркылуу алып, аны таксистке жеткирип коюп отура бересиң, иш жүрө берет деген ой балким ар бир эле адамда болушу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө такси кызматын өнүктүрүү акыл-эс менен, чыгармачылык менен иштөөнү талап кылат. Ушундан улам учурда такси кызматтары жүргүнчүнүн ыңгайлуулугу үчүн колдон келишинче аракет кылып, такси чакыруунун түрлөрүн ойлоп табышты. Мисалы, телефон аркылуу чакыруудагы кыска номурлар, интернет аркылуу жана эң акыркысы кол телефондордогу атайын такси кызматынын тиркемелери. Кол телефондогу тиркемелерди жайылтуу үчүн айрым такси кызматтары мындай тиркеме аркылуу буюртма берген кардарларына жол акысын арзандатып беришкен.

Такси кызматын өнүктүрүүдөгү негизги орунда диспетчерлер турушат. Анткени алар буюртма берген жүргүнчүлөр менен да, алардын кызматында болуучу таксисттер менен да түздөн түз байланышта болушат. “Алло, таксиде” азырынча нөөмөт менен иштеген эки гана диспетчер болсо, "Намба таксиде" алар он чакты.

“Намба таксинин” маркетолог адиси Арслан Исаков диспетчерлик бөлүм такси кызматынын жүрөгү деп атады:

- Буюртмалар кандай гана түрдө болбосун, тиркемеденби, телефондонбу же интернеттенби, айтор баары ушул диспетчерлик бөлүмдөгү кабыл алуучу системага түшөт. Диспетчерлер келип түшкөн буюртмалардын даректерин текшерип, тактаган соң, аны айдоочулар көрүүчү системага киргизет.

"Кардарды капа кылба"

Эң башкысы, жүргүнчүлөрдү ташуунун сапаты экенин ишкерлер белгилешет. Буюртманы тез алып, чакырган жерге жетүүдөн тышкары айдоочулардан жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулук жана сылык мамиле талап кылынат. “Алло, такси” кызматында азырынча автоунаалар аз болсо да, баары бир талап биринчи орунга коюлат дейт компаниянын администратору Темирлан Акназаров:

- Биз менен кызматташам деген айдоочу паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана унаасынын техникалык паспорту менен келет. Мындан тышкары кол телефону JPS системасын колдоосу тийиш. Алар менен эмгек келишими түзүлөт. Биз айдоочуга ошол системаны орнотуп, такси кызматыбыздын шашкасын беребиз. Азырынча шашканы карызга берип жатабыз, анын акчасын таксисттер акырындык менен төлөп кутула алышат. Албетте, айдоочуларга жана алардын унаасына талаптарыбыз бар. Айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин мыкты билүүгө тийиш. Шаарды билүүсү да негизги орунда. Унаасын таза кармап, жүргүнчүлөргө сылык мамиле кыла билүүсү керек.

Ал эми “Намба такси” кызматы айдоочуларды алгач сынактан өткөрөт. Анда айдоочулардын шаар ичин билүүсү, кардарларга мамиле жасоосу жана башка суроолор бар. Мындан кийин айрым айдоочулар окудан өтөт. Бул тууралуу компаниянын айдоочулар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Исман Алтымышев айтып берди:

- Жыл сайын бир-эки жолу айдоочуларга тренинг өткөрүп турабыз. Андан кийин аттестациядан өткөрөбүз, анда жол кыймылынын эрежелери, шаардагы даректер, жүргүнчүлөргө жасалуучу мамиле жана башка суроолорго айдоочулар жооп беришет. Мындан тышкары күн сайын кызмат көрсөтүүнүн сапаты көзөмөлдө болот. Атайын бөлүм бар, анда кардарлардан келип түшкөн даттануулар каралат. Эгер кайсы бир айдоочунун үстүнөн доомат болсо, аны башкы кеңсеге чакырып, маселени иликтеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Такси бизнеси тактыкты сүйөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:39 0:00

Кардар тартуу айласы

Жогоруда белгилегендей, такси кызматы акыл-эс, чыгармачылык жана уюштуруучулук менен иштөөнү талап кылган бизнес. Учурда такси кызматын сунуш кылган компаниялар саны күн санап өсүүдө.

Ошондуктан, кардарлар үчүн кызматтын бул түрүнөн пайдаланууда тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири. Ошондуктан, эл ташыган ишканалар кызматтын улам бир жаңы түрлөрүн, ыңгайлуулуктарды, жеңилдиктерди ойлоп табууда. Мисалы, “Алло, такси” кызматы учурда айдоочуларды тартуу үчүн алардан алынуучу 10 сомду албай турууну чечти. Ошондой эле келечекте жеке таксипарк ачып, андагы автоунааларды жакшы иштеген айдоочуларга белекке берүүнү максат кылууда:

Бишкек
Бишкек

- Буюруса, биз жакында атайын компаниянын өзүнө жеке автопарк ачып, ал жерге он беш-жыйырма унаа сатып алууну көздөп турабыз. Ал автомашиналарды айдап акча тапканга унаасы жок, бирок айдоочулук тажрыйбасы бар адамдарга ижарага беребиз. Алар биздин компанияда такси кызматын көрсөтүп, бизге да пайда киргизип, өзүнө да айлык акы табат, унаа ижарасынын акысын төлөйт. Биздин системада бир жумада ким жакшы иштейт, ким көп буюртма алат, ким көбүрөөк мээнет кылат, баары көрүнүп турат. Ошондой көп мээнет кылган, жол кыймылы эрежесин бузбаган, кардарлардын жакшы пикирине ээ болгон үч-төрт айдоочуну тандап алабыз. Анан жыл аягында ага өзү минип жүргөн автоунааны белекке беребиз. Мындан тышкары кардарлар үчүн ар кандай акцияларды өткөрүп турабыз. Мисалы, май айында Жеңиш майрамына карата ардагерлерди акысыз ташыдык. Ар бир жетинчи чакыруу да акысыз тейленет. Ушундай жеңилдиктерди киргизип, компаниябызды бутуна тургузууга аракет кылып жатабыз, - дейт Балтабаев.

“Намба такси” кызматы корпоративдик кардарлар менен кызматташуу, таксинин көп киши ташуучу, жогорку ыңгайлуулукта ташуучу жана башка кызматтарын сунуштап келет. Мисалы, жакындан тарта тейлөөнүн “Намба байк” деген жаңы түрүн сунуштоодо. Бул велосипед сүйүүчүлөр үчүн атайын ойлоп табылган кызмат экенин компаниянын башкы директору Улукман Карабукаев билдирди:

- “Намба-байк” тарифи атайын велосүйүүчүлөр үчүн ойлоп табылган. Борбор Азияда мындай кызмат көрсөтүү биздин компанияда гана бар. Бир унаага үч велосипед жүктөөгө болот. Өзүңүздөр байкасаңыздар керек, акыркы убактарда Бишкекте да велосүйүүчүлөр көбөйүүдө. Шаардын сыртында, тоого чыгып, велосипед тебүүнү каалаганда биздин ушул кызматыбыздан пайдаланышат. Анткени, тоого велосипед менен чыгуу оор, ошондой учурда биздин “Намба-байк” кызматыбыздан пайдаланып, үч-төрт кишиден турган велокампания тоого чейин такси менен жетип алышса болот. Ал эми тоодон кайра акырын шаарга түшүп келе беришет.

Мындан тышкары “Комфорт” деп аталган да тариф бар. Анда жүрүү акысы 10-15 сомго кымбатыраак. Бирок мындай тарифти буюрткан кардарларга жаңы, кенен унаалар келет. Мындай кызматыбыз көбүнчө кечкисин жакшынакай кийинип, жасанып алып, кечелерге, концерттерге баруучу кардарларыбыз үчүн. Ошол эле учурда алты-жети кишиден турган топ кардарлар үчүн да атайын тариф ойлоп тапканбыз. Ал “Минивен” деп аталат. Бул кызмат көрсөтүүчү унааларыбызга алты-жети киши батат. Көбүнчө кечкисин топ-топ болуп эс алган жаштар бир жерден экинчи жерге жетүү үчүн эки же үч такси чакырып отурбай, бир эле “Минивен” чакырып, жетчү жерине жете алат. Бул тариф да кадимки кызмат көрсөтүүлөргө караганда бир аз кымбатыраак.

Ушул тапта Кыргызстанда элүү чакты такси кызматы катталган болсо, анын жарымы гана иштейт. Ал эми карамагында кызматташкан айдоочулары көп болуп, толук кандуу иштеп жаткан компаниялар беш-алтоо гана. Бүгүнкү күнү мындай компанияларда иштеген таксилердин саны орто эсеп менен он миңдин айланасында. Булардан тышкары, эч кандай компания менен кызматташпай, аялдамаларда туруп, кардарлар менен түздөн-түз иштешкен таксилер да бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG