Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Тоңдук мугалимдер иш таштады


Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылыгы, 2010-жылдын 13-декабры.
Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылыгы, 2010-жылдын 13-декабры.

Ысык-Көлдүн Тоң районунун борбору - Бөкөнбаев айылындагы үч мектептин мугалимдери 10-январда иш ташташты.

Аталган аймактагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептин кесиптик кошуунун жетекчиси Лилия Сопиеваны бул иш таштоо боюнча сөзгө тарттык.

“Азаттык”:
Лилия айым, бүгүн канча мектептин мугалимдери иш таштады?

Лилия Сопиева: Бүгүн Бөкөнбаев айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев, Шамей жана Алтымышпаев атындагы мектептердин мугалимдери иш таштады. Жүзгө чукул мугалим райондук акимчиликтин алдына чыктык.

“Азаттык”: Райондогу башка мектептерде окуу уланып жатабы?

Лилия Сопиева: Башкалары окууну улантып жатышат. Азыр райондун борборунан гана чыктык.
“Азаттык”: Эмне үчүн үч гана мектеп чыгууда?

Лилия Сопиева: Башкаларга маалымат жете элек го. Азырынча үч мектеп чыгууда. Башкалар үчүн жооп бере албайм. Бирок бүгүн Туура-Суу жана Большевик мектеби менен сүйлөштүк. Алар жыйналыш кылып жатышат. Алар кандай чечим чыгарганын эртең бизге билдиришет го. Негизи бул акция биздин Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептен башталды.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев мугалимдердин акчасын дароо 10-15 миң сомго жеткирүү үчүн пенсионерлердин, башка бюджеттик уюмда иштегендердин акчасын кесүү керектигин, бирок өкмөт мындай жолго барбастыгын билдирген. Ал айлык маяна январь айынан тарта баскыч-баскыч менен көтөрүлөрүн убада кылган. Эмне үчүн сиздер күтпөй жатасыздар?

Лилия Сопиева: Атамбаев айлык акы январь айынан баштап көтөрүлөт деген. Анан январда КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынан айлык маяна февралда кошулары айтылды. Туура эмес маалымат болуп жатабы, билбейбиз. Мурун 30 пайыз кошулат дегенде деле макул болбой жатканбыз. Анткени инфляция жогору болуп жатат, биздин кенедей акчабыз эч нерсеге жетпей калып жатат. Анан ошого да макул болуп күтөлү десек, ар кандай маалыматтар тарап жатат. Мисалы ошол эле “Ар-намыс” мугалимдердин акчасын көтөрүүгө болоорун, бияктан-тияктан акча тапса болоорун айтып жатса, кайра каржы министрлиги эч кандай каражат жоктугун айтып жатат. Мына милициялар чыкты эле аларга эртеси эле акча табылды. А эмне үчүн мугалимдерге табылбайт.

“Азаттык”: Мына айрым серепчилер мугалимдер 15 жылдын ичинде өлкөдөгү саясий процесстерге активдүү катышып, шайлоолордо алдыңкы катарда болуп, бийликке добуш чогултууларга кол кабыш кылып келген деп жатышат. Эмне үчүн ошол кездерде мугалимдер өз укуктарын коргоп, азыркы талаптарын көтөрүп чыга алган эмес? Ал учурда деле сиздердин абал бүгүнкүдөй эле оор болчу да?

Лилия Сопиева: Анда абал аябай оор болчу. Анан бийлик аябай күчтүү болчу. Мисалы жанагы педстаж үчүн соттошуп жүрүп канча нерселерди көрдүк. Мындай мугалимдерди басып келишти да.

“Азаттык”: Анда азыркы бийлик бошоң болгон үчүн талап коюп жатасыздарбы?

Лилия Сопиева: Жок. Мына Акаевдин убагында да айтканбыз, күткөнбүз. Анан Бакиевдин убагында убада берип келишти. Анан 2007-жылдан баштап такыр акчабыз көтөрүлбөй койду. Бийликке ишеним жок болуп жатат да. Ошон үчун чыгып жатабыз. Мурун өзгөрүү болду, абалыбыз оңолот деп ишенчүбүз. Бизге ошол эле күнөө коюлуп жатат, мурун эмнеге чыккан эмессиздер деп. “Эч болбосо, кеч болсун" дегендей, эми чыгып жатабыз. Башында январда беребиз деген. Эми февраль айында деп жатышат. Февраль келгенде мартка жылдырабы же такыр жаңы окуу жылында беребиз деп калабы деп, ошон үчүн күтпөй эле чыгалы дедик.

“Азаттык”: Сиздер билим берүү министрлигине кайрылдыңыздарбы?

Лилия Сопиева: Биз 15-декабрда кайрылуу жолдогонбуз. Катты алдык деп билдирүү жиберишти. Бирок жооп ала элекпиз. Биз анда эгер талаптар аткарылбаса, 15-январдан тарта мөөнөтсүз акцияга чыгабыз деп жазганбыз.

“Азаттык”: Сиздердин араңыздарга кирип алып, башка дагы күчтөр бийликке каршы өз максаттарын ишке ашырып кетет деп кооптонбойсуздарбы?

Лилия Сопиева: Азырынча бизге башка күчтөр, кишилер деле кошулган жок. Билбейм. Мугалимдер эле турабыз.

“Азаттык”: Иш таштоо бүгүн башталды. Канчага чейин турасыздар?

Лилия Сопиева: Азыр биз менен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, акимибиз келип сүйлөшүп, “жумушту таштабагыла, маселе акырындык менен чечилет” деп алдыбызга чыкты. Бирок ишеним жок болуп жатат. Эми азыр үч күн туруп, андан кийин мөөнөтсүз акцияга чыгабыз деп турабыз.

“Азаттык”: Азыр ансыз деле Кыргызстандын окуучуларынын билим деңгээли начарлап бараткандыгы айтылып жатат. Мындай иш таштоолордун кесепетин кийин балдар тартып калбайбы?

Лилия Сопиева: Ооба, балдардын укугу бузулуп жатат. Бирок биздин дагы укугубуз бузулуп жатат. Бирок кийин окуу программасын кууп жетсек болот. Мурун ишембиликке чыккан күндөрү да окубай калчубуз. Бакиевдин учурунда "тигил чоң келатат, бул чоң келатат" дегенде окууну токтотуп коюп эле, окуучулар көчө тазалап жүрчү. Анда балдардын билими, билим сапаты эч кимди ойлондурган эмес. Ошол биздин бийликтеги адамдар эл үчүн иштебей эле өздөрү үчүн гана иштеп жатат деп ойлойм да.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG