Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

2 жарым жылда мугалимдердин айлыгы 10 миң сом болот


Билим берүү жана илим министри Канат Садыков
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Азаттыкка” курган маегинде мугалимдердин айлык акыларын жогорулатуу маселеси тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Канат мырза, бир канча аптадан бери Кыргызстанда мугалимдер айлык акылардын жогорулашын талап кылып келатышат. Айрым жерлерде митингдер да өттү. Соңку өкмөттүк жыйында бул жаатта кандай чечимдерди кабыл алдыңыздар?

Канат Садыков: Акыркы өкмөттүк жыйында бири-бирине байланыштуу үч маселе каралды. Биринчиден, азыркы бюджеттик тармактагы айлык маянаны системалуу турда өзгөртүү боюнча. Бул жерде жалаң эле мугалимдердин айлыгы эмес, ошол эле учурда жалпы бюджеттик системадагы төлөмдөрдү алып аткандардын бардыгынын абалы тууралуу сөз болуп атат.

Биз ошол эски, советтик системадан калган, бирдиктүү тарифтик системага таянган төлөмдөрдүн түрү эскирди деп, аны кандайча өзгөртөбүз деген маселени карадык. Бул боюнча Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулова презентация жасады. Андан кийин биздин Каржы министри бюджеттин абалы тууралуу маалымат берди. Азыркы коюлуп аткан талаптарды аткаруу боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр бар деп, ошону карадык.

Буга чейин ар кандай сөздөр айтылып кетти эле. Айрым маалымат каражаттарына да чыгып кетти эле, “биздин бюджеттеги таңсыктык аябай чоң, ал 40-50 миллиард сомго чыгып кетти, эч нерсеге жарабай калды” деген сыяктуу сөздөр айтылды эле. Бирок ал чындыкка дал келбейт. Анткени биздеги бюджеттик таңсыктык 16 миллиард сомду түзөт. Ал пландуу түрдө болжогондой мурдагы учурдагы таңсыктыктардын денгээлинде турат. Муну Каржы министри да айтты.

Азыркы эң негизги максат, айлык акыларды көтөрүү боюнча кандай булактарды табабыз деген маселе болуп атат. Айтор азыр айлык акыларды көтөрүү маселесин коюп аткан мугалимдердикин эң оболу 1-январдан баштап 30 пайызга көтөрөлү деп атабыз. Мугалимдердин ставкалары көбөйсө, ошого жараша алардын кошумча төлөмдөрү да көтөрүлөт. Бирдиктүү тарифтик сетканы өзгөртпөй туруп ушундай жасаганы турабыз.

Апрель айына чейин президенттин тапшырмасын аткаруу боюнча төлөм системасын каржылоо, бюджеттик тармактарга тиешелүү бардык кызматкерлердин айлыктарын кайра карап чыгуу маселесин карап чыгабыз. Ошол жерде өзгөчө мугалимдердин айлыктарына ар кандай кошумча төлөмдөрдү караштырабыз. Мисалы, дептер текшергенге 10 сом, айыл жергесинде турганы үчүн 15 сом, класс жетекчилиги үчүн 315 сом кошулат. Дагы ушундай 7-8 кошмча төлөмдөр негизги айлыкка кошулуп, ошондон баштап 3000-3900 сомдон деп айтылды. Ушул көрсөтүлгөн сумманы кармап туруп, ошонун негизинде айлыкты көтөрүү маселеси каралды. Бирок бул баскыч-баскычы менен болот. Азыркы каржылоо системасын өзгөртүш үчүн, жанагы презентация болгон жаңы концепцияга өтүш үчүн биздин экономика туруктуу өнүгүшү, социалдык абал тынч болушу керек.

“Азаттык”: Мугалимдердин айлык акылары азырынча 30 пайыз өсөт деп атпайсызбы. Бирок ошол айлыкты көтөрүү менен эле чектелип калбай билим берүү тармагындагы башка көйгөйлөрдү системалуу реформалоо маселелери болобу?

К.Садыков: Сөзсүз түрдө. Булар бири-бирине байланыштуу нерселер. Негизги коюлган айлыктан тышкаркы жанагы кошумча төлөмдөр иш жыйынтыгына жараша, стимул берүү максатында билим сапатын жогорулаткан мугалимдерге берилет. Жаңы баалоо системасына өтүп анан ушундай жасайбыз.

Азыркы тарифтик сеткада иштеп аткан мугалимдердин жакшы демилгелери, жакшы көрсөткүчтөрү эске алынбай, эске алынча да минималдык гана кошумча акчалар берилип, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Эгер жаңы жылдан баштап тынчтык болсо 30 пайызга көтөрүп, андан ары экономикабыз туруктуу өнүксө, анда биз берген убадаларды 2,5 жылда аткарып, коюлуп аткан талаптарда айтылгандай мугалимдердин айлыгын 10 миңге жеткиребиз.

“Азаттык”: Бул эми 2-3 жылдык план болуп атат да, айлыктардын 10 миңге жетүүсү?

К.Садыков: Ооба. Сөзсүз эле январь айынан баштап 10-15 миң болуп кетпейт. Муну мен ачык эле айтып коёюн. Ушундай талаптарды коюп аткан мугалимдер да муну түшүнүп, жоопкерчилигин сезиши керек. Анткени өкмөттүн алдына кыска аралыкта аткарылбай турган талаптарды койсо, күчтөп кабыл алдырса, анда ал система бат эле кризиске учурайт. Бул жерде маселени реалдуу караш керек. Бизге мүмкүнчүлүк берилсе, баскыч-баскыч боюнча мугалимдердин талаптарын аткарабыз.

“Азаттык”: 30 пайыз болгондо 2011-жылдын соңуна чейин ушундай болот деген сөз болуп атабы же жыл соңуна чейин дагы өсүшү мүмкүнбү мугалимдердин айлыгы?

К.Садыков: Биз апрель айында жаңы концепцияны толуктап иштеп чыгабыз. Анан жылдын ортолорунда бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн карайт жаңы өкмөт. Ошол жерде иштелип чыккан концепцияны аткарууга мүмкүнчүлүтөр болсо, ошого толук өткөнгө даяр болобуз.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG