Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Жумалиева: Кытай мыйзамын билүү - турмуш талабы


Бүгүн Бишкектеги юридикалык академияда Конфуций классы ачылды.

Демилгечилер кыргыз-кытай мамилеси тездик менен өнүгүп жаткан убакта эки тилди жана Кыргызстан менен Кытайдын мыйзамдарын бирдей билген адистердин баасы өсүп жатканын айтышат.

“Азаттык” Юридикалык академиянын Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Жумалиеваны кепке тартты.

- Юридикалык академияда Конфуций классын ачуунун зарылчылыгы канчалык?

- Биздин Юридикалык академияда 2006-жылы “Кытай укугу” деген адистик ачылган. Ал ректордун демилгеси менен ачылган. Анткени кыргыз-кытай карым-катышы тездик менен өнүгүп жаткан учурда кыргыз-кытай тилдерин билген юрист адистери керек боло баштады. Азыркы убакта мындай адистер жокко эсе. Бизде бул адистик ачылгандан бери кыз-жигиттер келип, кытай тилин жана Кытайдын укугун окуп жатышат.

- Бул адистикке ээ болгон биздин кыз-жигиттерге кандай артыкчылыктар бар? Алар Кытайга барып иштей алышабы?

- Мурда ишкердик укук деген жок болчу. Азыр бизде ишканалар ачылып, ишкерлер көбөйдү. Замандын талабына ылайык, айрым ишканаларга кыргыз-кытай тилин жакшы билген юристтер керек боло баштады. Ошондон улам бизден окуп, бүтүргөн улан-кыздарыбыз ал жактарга барып иштей башташты. Мисалы, Кара-Балтадагы Кытайдын мунай иштетүүчү ишканасында да биздин бүтүрүүчүлөр иштеп жатышат.

- Кыргызстандык ишкерлер Кытайда да иш ачып, ишкерлик кылып келишет. Сиздердин бүтүрүүчүлөр ошол мекемелерге барып иштей алышабы?

- Албетте. Мисалы, беш жыл мурун биздин кыргыз мекемелер Кытайда ачылганда кытай тилин билген юристтер жок болуп, кыйынчылык туулган. Анткени котормолор абдан оор, себеби Кытай менен Кыргызстандын мыйзамдарында айырма аябай чоң. Биздин окууну бүтүргөн балдар ал жактарда да жакшы иштеп кете алышат.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG