Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

ОшМУ: билимден акча жасагандар


ОшМУнун мурдагы жетекчилиги окуудан чыгарылган студенттердин 2 млн 253 миң сомдук келишимдик акысын кымырып алган фактынын бети ачылды.

Буга чейин эмгек жамаатынын талабы менен окуу жайдагы каржылык мыйзам бузуулар бир нече ирет текшерүүгө алынганы менен анын жыйынтыгы чыкпай келген. Тескерисинче ошол кездеги окуу жайдын ректору Муктар Орозбеков билим берүү министринин биринчи орун басарлыгына көтөрүлүп, анын орун басары Ашыралы Борбоев башка бир окуу жайга проректорлукка которулган.

Ошол кездеги окуу жайдын башкы эсепчиси Элмурад Обдунов болсо “Республика” партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алууга жетишкен. Байкоочулар бир эле окуу жайдан чыккан мындай көрүнүштү өлкөдөгү ашынган коррупциянын натыйжасы катары баалашууда.

Өзү кетти, акчасы калды

Ош шаардык прокуратурасы ОшМУда 2009-2010-окуу жылында келишимдик негизде окуп жүрүп, окуудан чыгарылган 421 студенттин окуу үчүн төлөнгөн акчасы өздөрүнө кайтарылбай калганын таап чыкты. Аталган каражат окуудан четтетилген студенттерге кайтарылып берилди деген жасалма документ түзүлүп, 2 миллион 200 миң сомдон ашуун акча окуу жайдын бюджетинен чыгышталган. Келишимдик акынын тиешелүү өлчөмүн кайтарып алгандыгын тастыктаган окуудан чыгарылган студенттердин колу да жасалма болуп чыккан.

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Канатбек Султанов бул факты боюнча окуу жайдын ошол кездеги жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгонуна токтолду:

- 2012-жылдын 4-июлунда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ОшМУнун мурдагы кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмачылык) жана 171 (ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу) сыяктуу үч беренеде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча иш козголду.

Учурда Ош шаардык прокуратурасы тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу ОшМУнун ошол кездеги кайсы жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун сыр катары жашырууда. Анткен менен өздүк булактар азырынча кылмыш ишинде негизги фигурант катары ОшМУнун ошол кездеги проректору Ашыралы Борбоевдун гана ысмы аталып жатканын айтышууда.

ОшМУнун азыркы ректору Каныбек Исаков аталган иште өзүнөн мурдагы жетекчинин учурундагы мыйзам бузуулар аныкталып жаткандыктан ага толук комментарий берүүгө байланышкан маселени кызматтык этика менен байланыштырды:

- Бул эми мурдагы жетекчиликтин учурунда болгон экен. Мен бул окуу жайды 2011-жылдын июль айынан баштап жетектеп келатам. Анан эми ал иштин чоо-жайы тууралуу айта турган болсом бул жерде мурда ректор болуп иштеп кеткен Орозбеков бул ишти мен чукулап жаткандай кабыл алышы мүмкүн. Ошон үчүн мен бул боюнча комментарий бербей эле өзүмдүн жүгүмдү өзүм көтөрө берейин. Тергөө иши кандай болуп жатканы боюнча да менде толук маалымат жок.

Ким которулду, ким көтөрүлдү?

Алдын-ала тергөөнүн материалдарына ылайык, ОшМУнун ошол кездеги проректору Ашыралы Борбоев 2009-2010-окуу жылында окуудан чыгарылган студенттердин келишим акысы кайтарылып берилгендиги боюнча документке кол койгон. Ал азыр мурдагы кыргыз-өзбек, азыркы Ош мамлекеттик социалдык университетинин каржы иштери боюнча проректорлугуна которулуп кеткен. Ал адам менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

2009-2010-жылдары Ош Мамлекеттик университетин азыр Билим берүү министрлигинде жогорку окуу жайларын көзөмөлдөгөн министрдин орун басары Муктар Орозбеков (12-июлда Орозбеков кызматынан бошотулду - ред.) жетектеп турган. Орозбеков козголуп жаткан ал иш боюнча мына буларга токтолду:

- Биздин университетте отуз миңден ашуун студент окуйт. Анан жылына алардын эки жарым миңге жакыны окууларын таштап же окуй албай университеттен кетип турган. Анан мына ошол студенттердин ичинен колунда барлары окууга киргенде эле беш жылдык келишим акысын төлөшсө, колу жукалары жыл сайын бөлүп-бөлүп төлөп турушчу. Эреже боюнча кышкы сессиядан окуудан айдалгандар экинчи жарым жылдыктагы окуусу үчүн төлөнгөн акчасын кайтарып алганга акысы бар. Мен бул жерде окуудан четтегендердин акчасы желип кетти дегенге күмөнүм бар. Себеби ар бир ата-эне окуудан чыгарылгандан кийинки мөөнөт үчүн төлөнгөн акчасын талап кылып, алып кетип турат. Ошондуктан жанагыдай болушу деги эле мүмкүн эмес.

Каржылык мыйзамдарга ылайык кайсы гана окуу жайда болбосун акчалай чыгашалар боюнча буйруктарга ректор түздөн-түз кол койот. Жобого ылайык эгерде окуу жайдын башчысы кызмат ордунда болбой калган учурда андай буйрукка биринчи проректор ректорду кабарландыруу аркылуу гана кол коюуга акысы бар. Ошондон соң гана андай буйрукка кол коюу башкы эсепчи менен макулдашылып, анын макулдугунун негизинде чыгымдала турган каражат дарегине жөнөтүлөт.

Бирок мына ошол учурда ОшМУнун башкы эсепчиси кызматын аркалаган учурдагы Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Элмурад Обдунов ал иштен кабары жок экенин белгиледи:

- Мен аталган окуу жайда 2008-жылдан баштап 2010-жылга чейин иштегем. Бирок муну эми такташ керек да. Негизи калган келишимдик акы кайтарылат да. Эми ошондой болгонбу, же болгон эмеспи такташ керек. Мен ал жакка өзүм бара элекмин. Барганда анан такталат го.

Айыпка жыгылбаган айлакерлер

2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашуудан кийин эмгек жамаатынын "иш-аракети күмөндүү жетекчини алмаштыруу керек" деген талабы менен ошол кездеги ОшМУнун ректор Муктар Орозбеков кызматынан четтетилген. Бирок бир канча убакыттан кийин Убактылуу өкмөттүн жогорку окуу жайлардын жетекчилерин өз алдынча кызматтык алмаштыруулардын толкунун басуу боюнча чечимин жетекчиликке алган жергиликтүү бийлик аны кызматына калыбына келтирген.

Кийин окуу жайдын айрым бир окутуучулары ОшМУдагы курулуш иштерин жүргүзүүгө, окуу-материалдык базаны чыңдоого багытталган каражаттардын максатсыз жумшалгандыгы боюнча арыз жазышкан. Окуу жайда текшерүү жүргүзгөн Каржы полициясы арызда келтирилген фактылар тастыкталган жок деп жыйынтык чыгарган. Бул жолу башка бир факты менен шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогону менен тиешелүү кызмат адамдарынын ысымдарын атабай жатышы коомчулукта күмөн саноолорду жаратууда.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев өлкөдөгү жазасыз калтыруу өнөкөтү жаңы кылмыштарга жол ачып жатканына токтолду:

- Ош шаардык прокуратурасы бул ишти баштагандан кийин токтоп калбай аягына чыгара тергеп, сотко өткөрүш керек. Анан жөн эле иштеп жаткан түр көрсөтүп, дүңүлдөтө “компанейшина” кылса анда баягы эле иштер кайра эле улантыла берет. Башкаларга сабак болбойт. Мына он жылда эки ыңкылап болду. Бирок баягы эле жетекчилер кызматтарында калып, ал гана эмес кызматтан жогорулап жатышпайбы. Бул эми чырмалышкан коррупциянын кесепети. Саясий конъюктура жасап, ар кандай жолдор менен бир кызматтан кетирсе ,андан жогоркусуна барып жатышат.

Иш бар, шектүү жок


Билим берүү министрлигинин коллегиясы азырынча ОшМУдагы буга чейин жашырылып келген ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча расмий түрдө кабардар эмес. Адатта кылмыш иши козголгон учурда ал боюнча тиешелүү кызмат адамдары шектүү деп табылып, аларга айыбы угузулат.

Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда тиешелүү тармакта жетекчи кызматтарда отурган кызмат адамдары мыйзамга ылайык, жумушунан убактылуу четтетилүүгө тийиш.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучу же күбө катары аныктала турган кызмат адамдарынын чөйрөсү боюнча маалымат жашыруун болгондуктан алардын баш коргоо чарасы да кандайча каралары белгисиз.

Билим берүү министринин маалымат катчысы Керез Жукеева азырынча прокуратура органдарынан андай мүнөздөгү өтүнүч кат келе электигин белгиледи:

- Негизи бизге прокуратурадан расмий түрдө сунуш келиш керек экен. Бирок андай сунуш бизге келе элек. Шарт боюнча мына ошол сунушта кандайдыр бир кылмышка шектелип жаткан жетекчи кызматтан алынсын же тергөө учурунда убактылуу четтетилсин деп көрсөтүлөт. Анан биз ошонун негизинде иш алып барышыбыз керек экен. Азырынча андай өтүнүч кат түшпөгөндүктөн биз эч нерсе кыла албайбыз.

Учурда өлкөнүн саясий жетекчилигинин талабы менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аракеттери көрүлүүдө. Буга чейин далилденген жемсөөлүк иштери боюнча бир катар кылмыш иштери козголгону менен ири аткаминерлердин ичинен бири дагы кармалбай келген.

Жакындан бери жандана баштаган иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев, социалдык камсыздандыруу министри Равшанбек Сабиров жана ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы менен орун басары кармалып, камакка алынды.

Кыргызстандын башкы из кубарлары аталган тизме дагы уланып, жакында бир нече депутат жана жогорку даражалуу мамлекеттик аткаминер ири коррупциялык иштер боюнча кармала тургандыгын жарыялашты.
XS
SM
MD
LG