Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

ОшМУнун өз Нобели бар


Ошто купуя Нобель пайда болду - Ош мамлекеттик университетинде атын атагысы келбеген профессор жылына беш студентке, ар бирине айына 100 доллардан, жылына жалпы 6 миң доллар стипендия бере баштады.

Стипендия алдыңкы 50 жылга чейин бериле турганы айтылууда. Окуу жай жетекчилиги бул саамалык студенттерге чоң стимул болот деп үмүт артып атышат.

Физика-техникалык факультеттин энергетика адистигинде 5-курста окуган Замир Эркиналиевдин кубанычы койнуна батпай турган чагы. Миңдеген студенттин ичинен сыналып отуруп, ал окуу жайдагы эң жогорку стипендияга татыды:

- Мен азыр аябай кубанып, толкунданып турам. Азыр эми алган стипендиямды окуумду улантууга, билимди өнүктүрүүгө жумшайм деп турам. Ушуну менен эле чектелип калбастан ар бир ишимди дагы өнүктүрөм. Келечекте менин кылган иштерим, аракеттерим кыргыз элиме пайдасы тиет деген тилегим бар.

Бирок Замир үчүн бул стипендияга жетиш да оңой болгон жок. Өз кесиби боюнча чакан илимий эмгектерди жасап, республикада биринчиликтерге ээ болгон. Велосипедден ток чыгаруучу каражат жана күндүн энергиясын иштетүүчү аппаратты да ал өзү ойлоп тапкан. Эми аракетинин акыбети кайтып, айына 100 доллардан, бир жылда 1200 доллар стипендия алмакчы:

- Менимче, берилип жаткан стипендия бизге эле эмес, дээрлик студенттердин баарына стимул болот деп ойлойм. Себеби ар бир студентте дымак, атаандашуу деген нерсе бар, анан ушул стипендияга жетем деп катуу аракет кылат. Ансыз деле алдыңкылардан болсом деген тилек ар бир студенттин кыялында, оюнда бар. Мен деле 1-курска келгенде ушинтип ойлонуп, буйруса, мына жеттим.

Замир сыяктуу стипендия алган дагы 5 студент бар. Аларга берилип жаткан жылдык 1200 доллар, же жалпы 6 миң долларлык стипендияны кайдагы бир бизнесмен эмес, окуу жайдын окутуучусу берип жатат. Атын айткысы келбеген 80 жашка таяган профессор, илимдин доктору, өмүр бою университетте иштеп тапкан айлыгын чогултуп жүргөн экен. Эми ошону студенттерге ыраа көрүп жатыптыр.

Ош мамлекеттик университеттин ректору Каныбек Исаков буларга токтолду:

- “Анонимдүү стипендия берем” дегенде мен агайга айттым, “агай, атыңызды айтып, сиздин стипендияңыз деп берели" десем болбой койду. “Муну бир жакшы инсан жасаптыр деп эл ичинде сөз боло берсин, мен өзүмдү ачыкка алып чыксам популисттик болуп калат. Бул менин жашоодогу бир канааттануум болсун, пенделик бир бактым болсун, тилегиме жеттим” деп отурат. Негизи стипендия ээси ким экенин эч ким билбегени менен, ал өзү бул жерде аземге катышып отурат. Бирок бизден өзү суранган үчүн биз агайдын суранычын аткарууга милдеттүүбүз деп ойлойм. Баягы айтып калышат го, “бир колуң менен кылган жакшылыгыңды, экинчи колуң билбесин” деп. Бул жагынан алганда агай бизге үлгү болду.

Жылына 5 студентке берилчү стипендия 50 жылга чейин уланат. Стипендия ээси акчасынын баарын банкка салып, 3 тараптуу келишим түзүп койгон. Бирок жеңүүчүлөр ар жылы жаңыдан сынак менен тандалып алынмакчы. Берген кишинин атын билбеген үчүн көбү стипендияны азыртадан эле “студенттердин Нобель сыйлыгы" деп атап алышты. ОшМУнун маалымат катчысы Керим Калыкулов:

- Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин арасында бул стипендия жөнүндө сөздөр абдан көп. Кызыгып, умтулуп, кийинки жылкы айлампасына катуу даярданып аткандар бар. Кээ бири муну жөн эле стипендия дешсе, башкалары муну “кичи Нобель сыйлыгы” деп алышты. Эми канчалык күчтүү стипендия болуп жаткандан кийин, тандоо да ошончолук катаал тартипте, атайын жобонун негизинде жүргүзүлөт. Бул жерде студент эң мыкты бааларга окуганы гана жетишсиз, коомдук иштен ар кандай ийгиликтерге ээ болуп, илимий жактан кандайдыр бир ачылыштарды жасап, бир эле Кыргызстанда эмес, эл аралык деңгээлде өзүн көрсөтө алган студенттер болушу керек деген критерийлер бар.

Бирөөгө бир сом берип туруу кыйын болуп калган заманда, студенттерге жөн эле 100 доллардан стипендия берген агайдын саамалыгы Ошто кызуу пикирлерди жаратты. Бюджетте окуйм деген студенттер деле айына 300 сомго жетпеген стипендия алып, анысы бир аптага жетип-жетпей келгени маалым.

Учурда Ош мамлекеттик университетинде 30 миңге чукул студент бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG