Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Кара-Суу: Мектепке эмес, чатырга барышат


 2008-жылдагы жер титирөөдө жапа чеккен Савай-Арыктагы мектептин бир бөлмөсүнүн азыркы абалы.
2008-жылдагы жер титирөөдө жапа чеккен Савай-Арыктагы мектептин бир бөлмөсүнүн азыркы абалы.

Оштун Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында окуучулар жаңы окуу жылын жеке менчик үйдө жана чатырларда тосуп алганы турат.

Мындан 3 жыл мурунку зилзалада жараксыз абалга кептелген Савай-Арыктыктардын мектеби эмдигиче калыбына келтириле элек. Быйыл сентябрга ишке берилмекчи болгон жаңы имарат да бүтпөй турат.

2008-жылы очогу Алайдын Нура айылында катталган зилзала Кара-Суудагы Панфилов орто мектебинин имаратын да жараксыз абалга алып келген. Бийликтер ошо кезде эле жаңы мектеп салып бермекчи болуп, бирок убадасын 3 жылга чейин узартып келишти.

Мектеп директору Чырмаш Сулайманов андан бери окуучулар көргөн кыйынчылыктарды минтип эскерет:

- Жер титирөөдөн мектептин 2 корпусунун дубалдары жарылып кеткен. Ичиндеги көп нерселер талкаланып калган. Атайын комиссия текшерип окууга жараксыз деп жыйынтык чыгарган. Бирок айласыз окуп келатабыз. 6 чатыр берген эле анда окудук. Чатырда окуш чындап кыйын экен. Жайкысын ысык, кышкысын суук болуп балдар аябай кыйналды.

Сулайманов белгилегендей, Савай-Арык айылындагылардын тынымсыз кайрылуусунун кийин бийликтер жаңы мектепти быйылкы окуу жылына бүткөрүп бермекчи болушкан. Бирок анысы дагы ноябрда гана ишке берилет экен:

Мектептин тышкы көрүнүшү.
- Ушул жылга бүтмөкчү болгон. Бирок эми кышка чейин бүтүрүп беребиз деп атышат. Жаңы окуу жылын эми балдардын жарымы бул жерде бүтүн турган 5 бөлмөдө, калганы буга чейин ижарага алган үйдө окуп турушат. Анан жаңы мектеп бүтүп калса ошол жакка көчөбүз го буюрса.

Деген менен ага чейин жер титирөөдөн кыйшайып, урабай калган бөлмөлөрдө окуп туруу коопсуз деп эч ким кепилдик бере албайт. «Ар бир сабак өткөндө кудайлап эле олтурабыз» дейт мугалим Рахима Сыдыкова:

- Окуучулар бала экен да үстү көчөйүн деп турганын ойлобой деле жүрө берет. Биз мугалимдердин көңүлүбүздө турат ар дайым. Сабак өтүп жатып кокустан түшүп кетпегей эле деп коюп олтурасың. Бир жолу сабак өтүп жатканда шып көчүп түшкөн учур да болгон. Окуучулар менен мугалимди араң алып чыкканбыз.

Мектепте 400гө жакын бала билим алат. Чоң класстар жыгылайын деген мектеп имаратында окушса, башталгыч класстын окуучулары жылдагыдай ижарага алынган жеке менчик үйдө 3 нөөмөттө сабак өтүшмөкчү. Бирок ал жерде да шарты ыңгайсыз дейт 4-класстын окуучусу Расул Рыскулов:

- Мектебибиз көчүп түшүп, биз минтип үйдө окуп атабыз. Жарымыбыз ал жакта, жарымыбыз бул жактабыз.Үйдө окуган жакшы эмес экен. Аябай кысылабыз. Бир бөлмөдө сабак өтүп жатса, наркы бөлмөгө деле угула берет. Кечке ызы-чуу, чаң, кыйынчылык менен эптеп эле окуп атабыз.

Мектептин бир бөлмөсү.
Жергиликтүү бийликтер болсо мектептин окууга керектүү жагы жакын арадан ишке берилет деп ишендирүүдө. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Назаров буларга токтолду:

- Азыр 32 миллион сомдук 320 орундуу, 2 кабаттуу мектеп курулуп башталды. Мен аким менен кошулуп элге барып айтканбыз. Ушул жылдын ноябрь айында мектептин негизги окуу корпусу бүтүп калат. А калган спортзал, майда-чүйдөлөрү кийинки жылдан пайдаланууга берилет.

Савайарыктык ата-энелер жаңы мектеп бүтпөй калса кычыраган кышта балдарыбыз кантет деп кабатырланышууда. Айрымдары жаңы окуу жылынан балдарын мектепке жөнөтпөй да коюшу мүмкүн экен. Айыл тургуну Андарбек Жээналиевди угалы:

- Менин 10 чакты неберем ушул мектепте окуйт. Бирок эми азыр кантип окушат башым маң? Башка айла да жок болуп атат да. Жакынкы коңшу айылдардагы мектептерге жөнөтөлү десек алыс. Же ага айыл округ жетекчилери автобус бөлүп бербейт. Жаңы мектеби бүтпөсө биз балдарды мектепке жөнөтпөй деле коюшубуз мүмкүн.

Савай-Арык айылынын тургундары буга чейин бир нече жолу өкмөткө кайрылуу жолдоп келген эле. Эми кеч болсо да мектеп бүтөт деген бийликтердин убадасы аларды айласыз сооротуп турат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG