Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Мугалимдердин талабы, өкмөттүн убадасы


Билим берүү жана илим министри Канат Садыков
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков

2-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук акимчиликтин алдында аймактагы төрт мектептин мугалимдери мөөнөтсүз нааразылык акциясын улантышты.

Алар маянаны жогорулатууну, турак-жай куруу үчүн жер бөлүп берүүнү талап кылууда. Акция 1-декабрда башталган болучу. “Азаттыктын” суроолоруна билим жана илим министри Канат Садыков жооп берди.

- Мугалимдер коюп жаткан талаптар канчалык жүйөлүү?


Канат Садыков: Үстүбүздөгү жылдын август айында мектептерде 1-сентябрга даярдык жүрүп жаткан учурда президенттин катышуусу менен ошол жерде Базар-Коргондун өзүндө жана Жалал-Абадда чоң чогулуш болгон. Ошол кезде эле коюлуп жаткан талаптардын ичинде эң биринчи болуп ушул айлык маянасы айтылган.

Бул маселе боюнча президентке абдан ачык, так, бүт талаптар коюлган, ал кырдаалды жакшы билет. Көчөгө чыгып алып тура беребиз, тоңсок өлөбүз, эртең бизге он миң бергиле деген талап - аткарылбай турган талап.

- Президент баш болуп, өкмөт мүчөлөрү жана парламенттик шайлоонун алдында депутаттыкка талапкерлер мугалимдер менен болгон жолугушууларда алардын айлык маянасын көтөрөбүз деп убада беришкен. Эми ошол убадалар качан жүзөгө ашырыла баштайт?

Канат Садыков:
Көрүлө баштады. Бул маселе этабы менен чечилет. Азыр мына техникалык өкмөт кетип атат. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлөт. Жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөндөн кийин эле бюджеттик талкуулар башталат. Жаңы жылга канча каражат менен кирип жатабыз, кимдин маянасын көтөрүп беребиз, кандай кылабыз деген маселе коюлат.

Жакында эле өкмөт жана президенттин катышуусунда өткөн бюджет боюнча талкууда биринчи кезекте ошол мугалимдердин айлык маселеси каралды. Ага ылайык сунушталган пикирлер менен Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин алдында ушул бюджетти жактаганга аракет кылат.

- Базар-Коргондо мугалимдер алган айлыкты Кыргызстандын бардык аймагындагы мугалимдер алат. Анан эми ушундай көрүнүш жер-жерлерде да чыгып кетет деп кооптонбойсуздарбы?

Канат Садыков:
Бизде мындай кооптонуу 1-сентябрдын алдында да болгон. Талас, Ысык-Көл жана Нарын тараптардан да ошондой сигналдар келип турган. Начар абалда болуп жаткан мугалимдерди биз барган сайын көрүп да, билип да жүргөнбүз.

Жергиликтүү бийликтерден да чындап эле мугалимдердин айылык маянасы аз, абалдары оор деген каттар келип атты. Бул маселени биз өзүбүз деле ачык айтып, бүт республиканын муктаждыгын жакшы билебиз. Анан ошол эле муктаждыктын ичинде биз базаркоргондук мугалимдерибиздин да муктаждыктарын чечкенге аракет кылабыз. Өзүнчө Базар-Коргон үчүн чечилбейт, же өзүнчө көлдүктөр үчүн деп чечилбейт.

Мындай акциялардын азыркы учурда кереги да жок. Анткени бул маселе өзүнүн кезеги менен, өз учурунда баары бир бюджеттик угууларда ушул болуп жаткан фактылар менен негизделип, жакталып, мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлөт.
XS
SM
MD
LG