Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Кыргызстан билим берүүдө жакырлар сабында


Дүйнөнүн 28 өлкөсүндө мектеп окуучуларынын абалын чагылдырган жаңы баяндама жарык көрдү. Жер жүзүндөгү 100дөн ашуун өлкөдөгү бир жүздөй уюмдун башын бириктирген «Билим алууга глобалдык чакырык» деп аталган коалиция жүргүзгөн иликтөөдө өнүгүп келаткан жана жакыр өлкөлөрдө 70 миллиондой бала мектептен сыртта калганы жарыяланды.

«Мектепке куш келиңиздер! Дүйнөдөгү эң начар өлкөлөр» (Back To School? The Worst Places In The World) деген аталыштагы бул баяндама дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндөгү өнүгүп келаткан жана жакыр делген 28 өлкөнү камтып, үч орчундуу фактор боюнча иликтөөнүн алкагында жарыяланган:

- Билим алууга экономиканын таасири. Миллиондогон балдар каржы-экономикалык кризистен биринчи жабыр тартып, билим алуудан четте калат. Глобалдык алкакта чабал өлкөлөрдүн мамлекеттик бюджети жылына төрт жарым миллиард долларды билим берүүдөн үнөмдөйт.

- Билим алуу теңсиздиги. Дүйнөдөгү жакыр делген өлкөлөрдөгү кайсы бир өзгөчөлүктөргө карата мектер жашындагы балдар-кыздар билим алуу укугунан ажыраган. Маселен, «кара май боюнча дүйнөдө 6-орунду ээлеген Нигериянын түндүгүндө түштүгүнө караганда алда канча көп бала мектепке барбайт», деп айтылат баяндамада.

- Башталгыч жана орто билим алууга мүмкүнчүлүк. Иликтөөгө алынган өлкөлөрдө башталгыч билим берүү жаатында көзгө көрүнөрлүк өсүш бар экени айтылат.

Аталган баяндама мурдагы советтик аймактан Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Молдованы камтыйт. Андан сырткары Ооганстан, Пакистан жана Африканын Сахара чөлкөмүндөгү, Латын Америкасы менен Түштүк Азиянын бир катар мамлекеттериндеги мектеп жашындагы балдардын абалы бир нече сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр менен дыкат иликтенет.

Билим берүүдөгү кризис алды менен өнүгүп келаткан же жарды өлкөлөрдөгү экономикалык абал менен байланыштуу. Эгер мындай өлкөлөрдөгү адамдар кат-сабатын жоюп, башталгыч билимге ээ болсо анда алар эки эсе көп эмгек маяна таба ала турганын адистер эсептеп чыгышкан. ЮНЕСКОнун соңку эсептөөсүндө кедей өлкөлөрдө адамдар башталгыч билимге ээ болсо, дүйнөдөгү жакырлардын катмары 170 миллионго кыскарат деп көрсөтүлөт.

Ал эми Кара Африкадагы аялдар толук орто билим алса, анда жылына 2 миллионго чукул наристенин өмүрүн сактап калууга болот. Демек билимдүү аял эне болуунун табигый милдетин гана аткарбастан, анын жоопкерчилигин сезип, толук кандуу бала өстүрөт.

Дүйнөнүн «үчүнчү өлкөлөрүнө» кирген чабал мамлекеттерде ушул тапта 40 миллион бала мектепке барбай калуу коркунучунда болсо, 69 миллиондой бала-кыз такыр эле мындай мүмкүнчүлүктөн куру калган.

Улуттар Уюмунун билим берүүгө арналган соңку билдирүүсүнө таянсак, эгер учурдагы жагдай улана берсе, 2015-жылы жогорудагы сандан алда канча көп бала сабатсыздардын калың катмарын түзөт. Дүйнө жүзүндө азыркы заманда 760 миллиондой чоң киши сабатсыз делип, окуп-жазганды такыр билбейт. Африканын Сахара чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө 48% балдар башталгыч мектепти бүтүрбөй, жан багуунун айынан чоң турмушка аралашып кетет. Деги эле дүйнөнүн жарды өлкөлөрүнүн көбү мектептерди ачууга карата жарыбаган аракеттерди көрүп келет.

Ошол эле кезде эл аралык донорлордун экономикалык жактан чабал өлкөлөргө берилчү жардамынын бараандуу бөлүгү түздөн –түз билим берүүгө багытталышы керектиги тууралуу да баяндамада маселе көтөрүлөт. 2000-жылы дүйнө лидерлеринин саммитинде кабыл алынган «Миң жылдыктын өнүгүү чакырыктарында» билим алуу аркылуу адамдардын жашоо-турмушун оңдоого, жакырчылык жана жугуштуу дарттарды азайтууга, коомду чыңдоого мүмкүнчүлүк ачылаары баса белгиленет.

Борбор Азия: билим берүү туңгуюкта

Түштүк Африкада жайгашкан «Билим алууга глобалдык чакырык» коалициясынын баяндамасы Кыргызстандагы билим алуунун бир нече өңүтүнө сандык көрсөткүч аркылуу баа берет. Маселен, 2008-жылы балдар бакчаларынын тартыштыгы 86%, башталгыч билим албаган балдар – 18%, орто билим албаган балдар – 20% түзсө, кат-сабаты жоюлбаган чоңдор – 1% түзөт деп айтылат.

Билим берүүгө карата саясий чечкиндүүлүк деген жалпы көрсөткүчтүн алдында Кыргызстанда акысыз билим берүүгө укуктук кепилдик бар, билим берүүгө мамлекеттик чыгым 26% түзүп, бекер тамак-аш менен камсыздоо начар абалда деп бааланат.

Билим берүүнүн сапаты - башталгыч мектептердеги даярдыктан өткөн мугалимдер 64% түзөт, ал эми даярдыктан өтпөгөн мугалимдер 36% экендиги белгиленет.

Билим алуу теңсиздиги деген көрсөткүч боюнча - мектепке барган шаардык бардар үй-бүлөдөн чыккан балдар 11%, айылдык жакыр үй-бүлөдөн чыккан кыздар 10% көрсөтөт. 2005-08 жылдардагы мектепке барбагандар тууралуу айтсак, орто мектепке тартылган кыздар 81%, ошол эле учурда мектепке барбаган кыздар 19%.

Өтө талылуу кыздар деген өзүнчө көрсөткүч бар. 2000-08-жылдар ичинде мектептен сыртта калып кара жумуш кылган 14 жашка чейинки кыздар 3%, 18 жашка чейин турмуш курган кыздар 14%. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Тажикстанда 13% мектеп жашындагы кыздар толук жумушка тартылган, бул көрсөткүч Өзбекстанда белгилүү себептерден улам жашыруун. Ал эми 18 жашка чейинки күйөөгө чыккан кыздар Тажикстанда 11% болсо, Өзбекстанда 7% түзөт.

Кыргызстан: «эки сомдук» орто билим

Баяндамага кирген 28 өнүгүп келаткан жана жакыр өлкөлөрдөгү мектептеги билим берүүнү кеңири жакшыртуу үчүн ар бир өлкө мамлекеттик бюджеттин кеминде 20% билим берүүгө бөлүүсү керек деп айтылат. Бул алды менен мектептердеги билим берүүгө зарыл болгон негизги шарттарды түзүүгө, мугалимдерин эмгек акысына жана башталгыч класстардагы балдарды тамак-аш менен камсыздоого кете турган чыгымдарды жабууга тийиш.

Кыргызстандын мурдагы каржы министри Темир Сариев билим берүүгө бөлүнгөн каржы тууралуу "Азаттыкка":

«Кыргызстандын бюджетинин 7-8% ушул тармакка кетип жатат. Эсептөөлөр боюнча ар бир окуучунун билим алуусуна бөлүнгөн акча бир күнгө 2 сом чыгып жатат. Бул абдан аз. Мектептерге бөлүнгөн каражаттын көбү имараттарды кармоого, жылытууга, мугалимдердин айлыгына кетет» деп, бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо айлыгы үч-төрт миң сомдун тегерегинде экенин кошумчалады.

Мурдагы каржы министри айткан Кыргызстандагы билим берүүнү мамлекеттик каржылоонун 7-8% көлөмү Африкадагы Чад, Либерия сыктуу өтө жакыр өлкөлөрдүн деңгээлине туура келет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG