Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Папандык балдар эки жылдан бери чатырда окуп жатат


Чатырдагы сабактан чыккан папандык окуучулар.
Чатырдагы сабактан чыккан папандык окуучулар.

Кара-Суунун Папан айыл округундагы Айбаш Семетеев мектебинин окуучулары чатырда билим алышууда. Алардын мектеби эки жыл мурда өрттөнүп кеткен.

Бир аз бөлүнгөн каражатка жаңы имарат курулушу башталып келип, бирок акча жоктуктан, кайра токтоп калган. Чатырлар кышкысын суук тартса, эми күн ысыкта үп болуп, балдардын окуусун кыйындатууда.

Кышында үшүсө, эми үп...

Үстү пас, ичи тар чатырга киргенибизде 4-класстын окуучулары сабак окуп жатышкан экен. Күн ысык болгондуктан чатырдын ичи аябай ысып кетиптир. Мындан 2 жыл мурда мектеп өрттөнүп кеткенде окуучуларга ушул эки чатыр курулуп берилиптир.

Окуучу Адилет Маккамбаевдин айтымында, алардын китептери да өрттөнүп кеткен экен:
Чатырдагы сабак

- Өрттөнүп жатканда биз жок элек. Биз түштө окуйбуз да, эртең менен окуган класстар көргөн. Мектептин ичиндеги мештен өрт чыгып, пардага жетип анан баары өрттөнүп кеткен. Ошондон бери биз ушул жерде окуп жатабыз.

Чатырга батпаган окуучулар өрттөнбөй калган кичинекей имараттагы мугалимдер каанасында, ашканада окуп келишет. Ошондо да мүмкүнчүлүк болбой, окутуу үч мөөнөттө жүргүзүлүүдө. Кышкысын болсо суукка чыдайт дешип чатырга чоң класстарды жайгаштырышат.

7-класстын окуучусу Кундуз Маматразак кызы кышында от жагылганы менен чатырдын ичи баары бир суук болгонун эскерет:

- Кышта чатырда окуп чыктык. Ичине от жаксак деле баары бир суук болчу. Дем болуп, түтөп аябай кыйналчу элек. Шамал болгондо кыймылдайт эле. Окуучулар дагы абдан үшүчү.

Бөлүнгөн акча каякка кетти?

Мектепсиз калган окуучулар быйыл жаңы окуу жайына киришмек экен. Бирок каражат бөлүнбөй, жарымдап калган жаңы имараттын курулушу токтоп калыптыр.
Чатырдагы сабак

Мектеп директору Сардарбек Асанов буларга токтолду:

- 2009-жылы мектептин 2 имараты толугу менен өрттөнүп кеткен да. Ошол эле 220 орундуу типтүү мектеп куруу планга кирип, иш башталган. Бирок дубалы тургузулуп, үстү жабылган боюнча токтоп калды. Акчасы бөлүнгөн дешет, бирок белгисиз себептер менен акча курулушчулардын колуна түшпөй келет.

Учурда мектепте 250 окуучу билим алып жатат. Бирок жүздөн ашык окуучу алыс болгонуна карабай коңшу айылдардагы мектептерге барып жатышат. Айрым ата-энелер балдарын мектепке таптакыр жөнөтпөй жатышкан экен.
Чатырдагы сабак

Айыл тургуну Минавар Аттокурова анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Чатыр кышта суук, жайда ысык экен да. Же жарыгы жок анысында. Окуу жакшы болбосо, талапка ылайык болбосо балдарыбызды жөнөтпөйбүз да. Өздөрү да алыстан келсе, анан бул жерге келип алып дагы кыйналышса, не кереги бар окуп?..

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Семетеев мектебинин имараты жаңы окуу жылынан ишке берилет деп ишендирүүдө. Ага чейин мектеп жамааты бирөөлөрдүн үйлөрүн китепкана кылып, окуу куралдарды ата-энелердин үйлөрүнө коюп турууга аргасыз болушууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG