Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Ошто орус мектептердин кадыры артууда


Ошто орус тилдүү мектептерде орун тартыш болууда.
Ошто орус тилдүү мектептерде орун тартыш болууда.

Ош шаарындагы орус тилдүү мектептерде балдарды башталгыч класска кабыл алууга орун жетишсиз.

Ош шаарында быйыл балдарынын орусча билим алуусун каалаган ата- энелердин саны өскөн. Ошол эле учурда шаардагы мектептерде орус тилдүү мугалимдерге таңкыстык күч. Мындан улам Ош шаардык билим берүү башкармалыгы орус тилдүү мугалимдерди маалымат каражаттары аркылуу жумушка чакырууга аргасыз.

Ош шаарынын тургуну Наргиза Ташматованын тун кызы быйыл мектеп босогосун биринчи ирет аттаганы турат. Өзү Орусияда эмгектенген Наргиза кызынын азыртадан орусча билим алуусун каалайт. Бирок ал жашаган райондогу орус мектеби орун калбаганын айтып, Наргизанын кызын кабыл алуудан баш тарткан.

- Менин кызым бакчада даярдоочу курста кыргызча окуган. Бирок кызымды келечекте Орусияга алып кетип, окутам деген ойдо орус мектепке берейин дегем. Мен жашаган жердеги орус мектептердин бардыгы орун толуп калганын айтып, кызымды албай жатышат. Кээ бир ата-энелер акча берсеӊ алат дешкен. Акча да сунуштап көрдүм, болгон жок.

Орусиядагы эмгек мигранттардын таасиринен жана орус мектептеринде билим берүүнүн сапаты жогору деген көз караштардан улам Оштогу орус мектептеринин баркы артып турган чак. Орус мектептерде болсо орус тилдүү мугалимдердин катары улам суюлуп барат. Шаардагы орус тилдүү Киров атындагы мектептин директору Гүлнара Туташева балдарды кабыл алуудагы көйгөйлөр тууралуу буларды айтты:

- Кыргызстанда орусча окута албасам, Орусияга алып барып деле окутуп алам деген ата-энелер бар. Быйыл 1-класска 200 баланын ордуна 400 баланы каттоого туура келди. Кээ бир ата-энелер орусча сүйлөгөндү эле үйрөтүп койгула деп алып келип жатат. Бирок ага чейин балдарын орусча билим алууга даярдашпайт. Бала кыйналып калат деп ойлонушпайт. Кабыл албайм десеӊ, туш тараптан коӊгуроолор болот. Билим берүү башкармалыгына арызданышат. Министрликке чейин чалган убактар болду. Кай жерде отурса деле мейли деп партаны кошо көтөрүп келгендер дагы болуп атат. Кандай кылышты билбей калдык.

Шаарда орус тилдүү мектептердин баркынын ашып жатышына, кыргыз тилдүү мектептердеги билим берүүнүн сапатына ата-энелердин канааттанбаганы себеп болууда. Мындан улам мигранттар эле эмес, жалпы эле шаар тургундары балдарын орус мектептерге берүүгө ыктап кетишүүдө. Муну Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов да моюнга алып, шаар четиндеги балдарды өз жеринде окутууга чакырууда.

- Мисалы, Төлөйкөн, Жапалак, Кеӊеш айылдарынан шаардын борборуна келишет. Жапалакта да мектеп бар. Ошол мектепте окусун. Шаарда орун толуп калса кайда алабыз аларды?

Билим берүү боюнча адис Балтагул Нурумбетов маселени чечүү үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керек деген пикирин айтты.

- Негизи кыргыз же орус мектеби болобу, тилде кеп жок. Маселе билим берүүнүн сапатында. Эгерде бала орус тилин үйрөнөм десе, кыргыз мектептен деле орусчаны өздөштүрүп алса болот. Ага мектептин жамааты шарт түзүшү керек. Орус тилине каалоочулар көп деп эле орус мектептерин ача берүү менимче туура эмес.

Ош шаарында 59 орто мектеп бар. Анын 12си орус тилдүү, 13ү аралаш тилдүү. Кыргызстанда 2 миңдей педагог жетишсиз. Анын басымдуусу орус тилдүү башталгыч класстын мугалимдери. Ош шаарындагы 59 мектепте 53 миӊ окуучу билим алат.

XS
SM
MD
LG