Баланын билимине инвестиция жумшоонун пайдасына ар кимиси ар кандай жүйө келтиргени менен, менин көз карашымды жалпылап өзгөртө албай коюшту.
Азыр деле көпчүлүгү мага каршы чыгып жатканын түшүнүп атам, себеби билимдүү бала - ар дайым ата-эненин сыймыгы эмеспи. Бирок ошол сыймык бала мектепти бүткөндөн кийин өзүнөн-өзү тарап, баары болбосо да көбү унутулат.
Келгиле, бала кезди эстейли. Чоңойгондо космонавт, учкуч, доктур, куруучу, КамАЗдын айдоочусу, милиция, банкир, диктор болом деп кыялданганбыз. Азыр биз прораб, фармацевт, инженер, оператор, кассир, бармен, редактор, ветеринар, кыскасы жаш кездеги кыялдангандай эле, бирок Асан менен Үсөндүн кесиби алмашып калды. Мындайча айтканда турмуш бизди ар кандай, түшкө кирбеген, биз ойлонбогон кесипке алып келип койду.
Ооба, азыр айта баштайсыңар, “ошо мээсинде билими болсо, кайсы жерде болбосун акылдуулугу менен айырмаланып турат, турмуштан кыйналбайт, бардык ишти алып кетет, андай-мындай...”
Маселен, журналист болуп иштеп жаткандар "кезеги келгенде диктор болуп, телевизордон элдин баарын каратып кычырап сүйлөйм" деп ойлогон. Алар ноутбук менен пресс-конферецияга барып, бирөөнүн айтканын жаңылык кылып терип каларын билгенде кымбат мектепти 11 жыл окубайт болчу. Себеби өз кесибинде ошол алган билимдин болду-болбоду үч пайызын эле колдонуп жатса керек. Эң кызыгы - өмүр бою “акча төлөмөй мектепте” окуган ошол адамдын жанында жөнөкөй мектепти бүткөндөр деле кем калбай иштеп жүрөт.
Муну менен эмнени айткым келип атат? Баланы чаржайыт эле окута бербей, максаттуу билим бергенди үйрөнсөк. Кайра эле бала кезди эстейли. Жашында “учкуч болом” деп жүргөн бала 7-8-класска келгенде акыл калчап, алына, салмагына жараша кесип тандай баштайт. Мына эми “дипломат болом” десе кошумча тил курсуна, “доктур болом” десе, биология, химия курстарына барып сабактан тышкары күчөтүп окутса, балада кызыгуу пайда болуп, алда канча таасирдүү болбойт беле?
Мыкты менеджер же музыкант болуш үчүн астрономияны, адамдын түзүлүшүн ийне-жибине чейин билип кереги жок. Мыкты дизайнер болуш үчүн философия, биология, химия, адабияттан да мыкты болуу зарылбы? Ал эми тарыхтан Республикалык олимпиаданы утканың – сенин мыкты архитектор болушуңа кымындай салым кошпойт. Силер баланы кичинекей чагынан ошол “таштандынын” баарын башына акчанын күчү менен шыкап жатканыңарды бир билсеңерчи.
Баланы күндө шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна алып барып окутуп, ал байкушту эки маал маршруткага тыгып: “Балам, жолдон кандай өттүң?”, “Балам, үйгө келдиңби?” – деп өзүңдүн да санааң санга бөлүнүп берген билим билимби? “Эшигимдин алдындагы мектепке берсем, кызым шаардагылардан артта калат” деген стериотипти таштайлы.
Ата-эненин коркуу сезими
Менин жеке пикиримде, баланы "доллар төлөп" окутуунун экинчи себеби - ата-эне өз жоопкерчилигинен жана билиминен күмөн санаганы. "Балам мендей билимсиз болуп калбаса экен" деген санаа менен жаш кезектен баланы өз эркине койбой китепке тумчуктура башташат.
Натыйжада бала көчөдөгү түшүнүктөрдөн, чыныгы турмуштан оолак чоңоюп, ата-эненин баркы, бир туугандардын баалуулугу, турмуштун оош-кыйыштары сыяктуу түшүнүктөрдөн алыс өсүп, жалгыз эле билим аны депутат, министр, президент кылат деген кыялга терең ишенип алат.
Ачыгын айтканда ар бирибиздин туугандарыбыздын ушундай "отличник" балдары бар. Үйүнө барсаң саламдашса саламдашат, андан алыс сүйлөшө албайсың. Ден соолугуңду сурабайт, сурасаң оң жооп ала албайсың, кайра эле өз бөлмөсүнө кирип алып сабагынан башы чыкпай жүргөндөрдү айттым.
Ошол эле учурда жаш кезинен жаман окуганы менен адамгерчиликти бийик туткан балдар менен салыштырып көргүлө. Андайлар менен сүйлөшсөң жүрөгүң жылыйт, бир туугандарга күйүмдүү, жардамга дайым даяр. Эми өзүңүзгө суроо бериңизчи: ушул эки баланын кимиси турмушка даяр, кимиси менен чалгынга чогуу барат элеңиз, кимиси менен иш баштайт элеңиз? Дегеним, эң негизгиси - бала үчүн мектептен да таппаган билим - бул турмуш сабактары. Аны балага ата-энеден башка эч ким бере албайт жана бул жоопкерчиликти ата-эне эч кимге түртпөшү керек.
Анда эмне кылыш керек?
Балага инвестицияны алгач спорттон башташ керек. Спортту үч жаштан баштаса болот жана спорт билимден мурун башталышы керек. Спорт менен чоңойгон балдар турмушка да чыдамдуу, кайраттуу, эрки күчтүү болуп, өткөөл куракты жеңил аттап кетишет. Спортсмендер эч качан өзүн таштап суицидге барбайт, жөнү жок оорубайт, өзүнө тыкан келет.
Кээ бирлери райондо турган спорт залга баласын алып баргандын ордуна кайра эле шаардагы залга ташый баштаганда “аттиң” дейсиң да. Муну менен баланын да, өзүнүн да убакыты текке кеткени кеткен. Мелдеш, таймаш жана турмуш баланын анык күчү канча экенин көрсөтүп, айылдык экенине карабай келечеги бар спортчу көпчүлүктөн дароо байкалат.
Баладан мыкты спортчу чыкпаган күндө деле ата-эне эч нерседен уттурбайт. Спортко жакын адам “ышкыбоз” деңгээлинде сергек жашоодо кала берет. Музыкант, доктур, журналист, ветеринар, айтор кайсы кесиптин ээси болбосун, спорт менен машыгып жүргөн адам топтон жакшы мүнөзү, дене түзүлүшү менен айырмаланып турат.
Ошондуктан, тууган, баланы кымбат мектепке окутуу сөзсүз эле сиз каалган жыйынтыкты бербейт. Болбосо "доллар төлөп" билим алганы үчүн депутат, министр, чиновниктин баары Бишкектен, чемпиондордун баары бишкектиктер болбойт беле?